18 октября, 2024

Эркаим  Исраилова:  “Окуучум менен жети облусту кыдырып концерт бердик”

-Мен Ныязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайын андан кийин Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетин бʏтʏрдʏм. Кыргыз улуттук консерваториясында окудум. Учурда Ныязалы атындагы музыкаык окуу жайында окутуучу болуп эмгектенем. Шаардык мектепте 7-класстын, Кара-Суу райондук Болуш Мадазимов атындагы балдар музыкалык мектебинин комуз бɵлʏмʏндɵ 3-класста окуган окуучум Абдилакимов Бексултан менен 8- сентябрь Ошто, 15 -сентябрь Баткенде, 19-сентябрь Жалал-Абадда, 25-сентябрь Ысык-Кɵлдɵ, 26-сентябрь Чʏйдɵ, 2-октябрь Нарында, 3 -октябрь Таласта концерт коюп келдик. Бул иш-чара тарыхта биринчи жолу болду деп айта алам. Эч бир мугалим облустарды кыдырып концерт бере элек. Жакынкы ʏч облуска Ныязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайындагы студенттеримди кошуп алып бардым, калган облустарга бир окуучу менен концерт берип келдим. Бул окуучум менен бир жылда тɵрт  жолу биринчиликти алганбыз. Музыкалык мектептер арасында ɵтʏʏчʏ “Обон” деген сынакта, Казакстанда ɵткɵн сынакта, Бишкекте, Ошто ɵткɵн сынактарда биринчи орунду алдык. Баланын талантын кɵргɵндɵн кийин жети облусту кыдырып музыкалык мектептерге концерт бергим келди. Анын баарын ɵзʏмдʏн жеке эсебимден каржыладым. Ата-энелер дагы каржылаган жок.