8 сентября, 2024

Ош медициналык колледжи – татыктуу билим, заманбап ɵмʏр сакчылары

Ɵлкɵбʏздʏн билим берʏʏ тармагы заманбап окутуу методикаларынын, жаңы технологиялардын агымы менен кʏн санап ɵсʏʏдɵ. Кыргыз жаштары бардык тармак боюнча ɵлкɵдɵ эле эмес, дʏйнɵнʏн булуң-бурчунда кɵптɵгɵн ийгиликтерди жаратып жатышат. Анын ичинде медицина тармагы да бар. Келечектеги ɵмʏр сакчыларын даярдаган окуу жайлардан кʏнʏгɵ кабар алып, жаңылыктарын угуп турууга татыктуу. Теманы улай Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжине кайрылууну туура кɵрдʏк.

Замирбек Арынов, медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы дарыгер, Ош медициналык колледжинин директору:

“Окутуу алгач 92 студент менен башталган”

— Ош медициналык колледжи алгач 2002-жылы Ош мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин №7 токтомунун негизинде медициналык факультеттин базасында ачылган. Кийин ректордун буйругу менен 2002-жылдын 1-июнунда медициналык училище деп аталат. Биринчи кабыл алуу жылында ʏч адистик боюнча 92 студент менен окутуу башталган.

2003-жылы 29-декабрда ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен ɵз алдынча медициналык окуу жай болуп бɵлʏнʏп чыккан. Ал эми 2008-жылы 7-августта Билим берʏʏ жана илим министрлиги тарабынан медициналык колледж деп ɵзгɵргɵн. Ошондон тарта бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин студенттердин саны 3500гɵ жетип, окуу жай татыктуу билим берʏʏнʏн аракетинде иштеп келʏʏдɵ. Азыркы учурда студенттерди 7 адистик боюнча даярдап келебиз. Алар: акушердик иш, медайым иши, фармация, лабораториялык диагностика, дарылоо иши, ортопедиялык стоматология жана профилактикалык стоматология.

Санариптештирʏʏнʏн алкагындагы алгылыктуу иштер

— Студенттердин жана профессордук-окутучулук курамдын саны боюнча Кыргызстандагы ири колледждердин бири болуп саналат. Он жетиге жакын илимдин кандидаты, Эл агартуунун  мыктысы, Саламаттыкты сактоонун мыктысы наамын алган окутуучулар сабак беришет. Санариптештирʏʏнʏн алкагында колледждеги бардык иш кагаздары электрондоштурулган.  Студенттерибиз ʏчʏн AVN системага уланган “ОшМУ студент” деген атайын мобилдик тиркеме бар. Окуу жайга кабыл алынган ар бир студентке логин, сыр сɵз берилип, студент аталган тиркеме аркылуу окуу предметтеринин силлабусун, контракт тɵлɵмдɵрʏн, сабакка катышуусу боюнча керектʏʏ маалыматтарды алса болот.

Ɵткɵн жылдан баштап электрондук журналды колдоно баштадык. Биздин ар бир аудиториянын эшигинде илинген QR коддор аркылуу келген студент ɵзʏн каттайт. Быйыл экинчи жылы колдонуп жатабыз, жыйынтыгы абдан жакшы. Бул жерде студенттин сабакка катышуусу менен бирге балл топтогонуна карап рейтинги да чыгып турат. Аталган мобилдик тиркеме студентке эле эмес, анын ата-энесине да колдонууга жеткиликтʏʏ. Баарыңыздарга белгилʏʏ болгондой, ОшМУ ɵлкɵдɵгʏ эң алдыңкы беш университеттин катарына кирген. Ɵзгɵчɵ макам алгандан кийин студентке окутуучуну тандоо мʏмкʏнчʏлʏгʏ берилди. AVNде атайы кабинет ачылып, ал жакка мугалимдер ɵзʏнʏн резюмелерин, презентацияларын жʏктɵшɵт. Ошондой эле коррупцияны алдын алуу максатында сынактар, атайын тестирлɵɵ кааналарындагы компьютерде гана тапшырылат.

Практикага басым жасаган швейцариялык долбоор

— Кыргызстанда 27 медициналык колледждин бешɵɵ – Бишкек, Токмок, Нарын, Ɵзгɵн жана Ош медициналык колледждери Швейцариянын долбоору боюнча бир жылдан бери иштеп келе жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан аталган долбоор боюнча эксперименталдык тайпа катары бизде “Медайым иши” адистиги боюнча эки тайпа окутулуп жатат, бул окуу жылында да эки тайпа кабыл алдык. Бир жылдын жыйынтыгы менен долбоордун жакшы жактары кɵп деп айтууга болот. Долбоорго ылайык студенттерге практикалык сабактар кɵбɵйтʏлʏп берилген. Жɵнɵкɵй тайпалар жыл аягында 2 аптага ɵндʏрʏштʏк практикага чыкса, эксперименталдык тайпалар 9 аптага: кышында 4 аптага, жайында 5 аптага чыгышат.  Студенттер ɵндʏрʏштʏк практикага чыккан жерлеринен бирден медайым бɵлʏнʏп берилет. Ɵндʏрʏштʏк практикадан кийин мониторинг жʏргʏзʏлʏп, окуткан окутуучулардан да, иш берʏʏчʏлɵрдɵн да сурамжылоо жʏргʏзʏлɵт. Долбоордун алкагында заманбап технологиялар менен конференция, тренингдер уюштурулуп, келечектеги дарыгерлердин билим деңгээлин жогорулатууга жакшы саамалыктар болууда.

“Студенттер практиканы жакшы ɵздɵштʏрʏʏсʏ ʏчʏн базаны ɵзʏбʏздɵн тʏзʏп келе жатабыз”

— Материалдык-техникалык базага токтолсок, атайы симуляциялык каана уюштурганбыз. Университет тарабынан заманбап симуляциялык аппараттар сатып алынды. Процедуралык кабинетибиз толук оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵтʏп, заманбап жабдуулар менен камсыздалып, элибизге келген апаат оору  (ковид) учурунда вакцинацияны ɵзʏбʏз жʏргʏздʏк.

Ортопедиялык стоматологдорго, тагыраагы, тиш техниктерине бардык шарты менен лабораториялар тʏзʏлʏп берилди. Жакында 300 миң сомдук керамикалык аппарат сатып алдык. Алимбеков Ɵмʏрбек Алимбекович деген окутуучубуз мурда 2-стоматологиялык поликлиникада жана облустук стоматологияда техник болуп иштеген мыкты адис болгондуктан окуу жайга алып келдик.  Демек, студенттер тажрыйба алуу ʏчʏн база да, мыкты адистер да бар.

Студенттер сабактан кийин калып атайын ийримдерге катышышат. Окуу жайыбыз 3 имараттан туруп, экинчи имарат толугу менен капиталдык ремонттон ɵтʏп жатат. Биринчи имараттын 1-кабаты негизинен лабораториялык кааналарды тʏзɵт.

“Кабыл алуунун кɵрсɵткʏчʏ быйыл да жакшы”

— Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасы, Ош шаардык клиникалык оорукана, Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы, тɵрɵт ʏйʏ, университеттин ɵзʏнʏн клиникасы менен келишимдер тʏзʏлгɵн. Келишимдин негизинде практикалык сабактарды ошол жерде иштеген дарыгерлер окутушат. Аларды айкалышуу жолу менен ишке алганбыз. Бизде жалпысынан 201 профессордук-окутуучулук курам жана 13 кɵмɵкчʏ кызматкер эмгектенишет. 158 штаттык кызматкер, калган 43 окутуучу айкалыштыруу жолу менен сабак беришет. Фармация адистигинде окуган студенттер ʏчʏн жеке фармишканалар менен да келишим тʏзгɵнбʏз. Белгилей кетʏʏчʏ нерсе, биздин колледжде Орунбек Каланов, Бердиева Уметкан Булатовна, Жоробаева Гумушай Алдыраковна аттуу сыймыктуу окутуучуларыбыз иштейт.  Орунбек Каланов дары ɵсʏмдʏктɵр боюнча кʏчтʏʏ адис. Студенттер менен биргеликте дары ɵсʏмдʏктɵрдʏ топтоо боюнча алгылыктуу иштерди жасап келишʏʏдɵ.

Кабыл алуунун кɵрсɵткʏчʏ быйыл да жакшы, 1-курска 1300дɵй студент тапшырды. Ɵткɵн жылга салыштырмалуу 100гɵ кɵп. Ошондой эле студенттерибиз колледжди бʏткɵндɵн кийин Германияга барып ɵз кесиби боюнча иштеп келʏʏсʏ ʏчʏн шарттарды тʏзʏп жатабыз. Алар эл-жер кɵргɵнчɵ тажрыйба топтоп, такшалган адис катары ɵлкɵбʏзгɵ татыктуу кызмат кылып берет деп ишенебиз.

  Айжылдыз Тойчиева