8 сентября, 2024

СТАМБУЛДУН ТАРЫХЫЙ “ХАЛИЧ КЫСЫГЫ” УКМУШТУУДАЙ ЖАҢЫ ДʏЙНƟНʏ ТАРТУУЛАЙТ

PERSONEL ÇEKİMLERİ

Кубаттуу Босфордун кире бериши жана тарыхый жарым аралдын бир бɵлʏгʏ болгон “Халич кысыгы” жайгашкан Халич району Стамбулдун эң кооз жерлеринин бири десек болот. Халич бир кезде Осмон жана Чыгыш Рим империяларынын соода флоттору байланган маанилʏʏ порт болгон. Учурда бул район Стамбулдун миң жылдык тарыхын ɵзʏнɵ камтыган мечиттери, чиркɵɵлɵрʏ, синагогалары жана тарыхый мектептери менен кɵп маданияттуу тʏзʏлʏшкɵ ээ.

Халичтин жээгиндеги 600 жылдык верф имараттарынын ɵзгɵрʏшʏ менен бул аймак шаардагы жаңы маданий магнитке айланды. Анткени, Стамбулдун популярдуу кʏзгʏ иш-чарасы Contemporary Istanbul ушул аймакта ɵттʏ. 

PERSONEL ÇEKİMLERİ

Пьер Лоти Хилл: Халичтин кооздугунан ырахат алыңыз

Тарыхый жарым аралда Пьер Лоти Хилл абдан белгилʏʏ жер. Француз жазуучусу Жюльен Виодун каймана атынын аталган Пьер Лоти Хилл укмуштуудай кɵрʏнʏштɵрдʏ жана 19-кылымдан бери сʏйʏʏ менен сакталып келген байыркы Стамбул архитектурасынын коллекциясын сунуштайт. Бул кооз дɵбɵгɵ чыгуу менен Стамбулдун чыныгы кереметин кɵрɵ аласыз.  Пьер Лотиге тʏздɵн-тʏз асма унаа менен же тепкич менен кɵтɵрʏлʏʏгɵ болот. Андан соң чокудан туруп, кʏн баткандан кийинки Халичтин укмуштуудай кɵрʏнʏшʏн кɵрɵсʏз. Ошондой эле ал жерден жакын адамдарыңыз менен чай ʏстʏндɵ сырдашып, ырахат алсаңыз болот…

PERSONEL ÇEKİMLERİ