18 октября, 2024

“Санариптик билим берʏʏ замандын талабы”

-Убакыт ɵткɵн сайын эл жана элдин тʏшʏнʏгʏ ɵзгɵрɵт эмеспи.

Таш доорундагы адамдар менен коло доорундагы адамдардын айырмасы болгондой эле, мурунку кылымдын адамдары менен азыркы кылымдын адамдары жана алардын тʏшʏнʏгʏнʏн чоң айырмасы бар. Замандын талабы деген сɵзгɵ маани бере турган болсок, бул — заман агымы менен кошо жашоо. Кайсыл заманга туш болсоң, ошол замандын агымында агуу керек. Азыр технология ɵнʏккɵндʏгʏнɵ байланыштуу мамлекетибиздин ɵзʏ, баарыбызга санарипке ɵтʏʏнʏ буюруп жаткан соң эмнеге ɵтпɵскɵ болбойт? Техниканын жардамында окуучуларга билим берʏʏ да кыйла жеңилдеди.  Теманы тʏшʏндʏрʏʏ ʏчʏн сʏрɵт, видео  даярдап алып, жада  калса кинодон бери кɵрсɵтʏп,  ошолордун негизинде окуучуларга тʏшʏнʏк берип окутуп жатабыз. Анын ʏстʏнɵ санариптик окууга ɵткɵнʏбʏздɵн бери электрондук китептер да чыкканы кубандырат. Балдарыбыз сумкасын толтуруп беш, онго чейин китеп салып жʏдɵп жʏрʏшпɵйт, кичине бир чɵнтɵккɵ бата турчу телефонубузда кɵп маалымат бар. Ар бир нерсенин пайдасына жараша зыяны болот. Болгону биз балдардын эсине телефондун зыян экендигин тʏшʏндʏрʏп, эскертип туруубуз зарыл. Ɵз мерчеминде колдонулган болсо зыяны коркунуч жаратпайт. Эгер биз санариптик билим берʏʏгɵ ɵтпɵсɵк азыркы окуучулардын тʏшʏнʏгʏ да оор болот. Себеби, кɵпчʏлʏк ɵспʏрʏм жаштар телефонго байланып, ансыз окуп эле эмес, жада калса жашай да албай калышпадыбы? Айтор замандын, жаштардын талабы менен бизге эң ыңгайлуусу жана тʏшʏнʏктʏʏсʏ бул санариптик окутуу жана окуу.

“Окуучуну сʏйʏш керек”

Белгилʏʏ педагог В.А. Сухомлинский «Баланы билбеген жерде- мектеп да, билим да, тарбия да, чыныгы педагог да жана педагогикалык жамаат да жок»-деп айткан. Анын сыңарындай мен баланы билбесем, бʏткʏл жан дʏйнɵм менен сʏйбɵсɵм, ага кʏн нурундай мээрим тɵгʏп, анын каалоосун, мʏдɵɵсʏн аңдап-биле албасам, анда менин педагогикалык ишмердʏʏлʏгʏм мɵмɵсʏ жок дарак сыяктуу болуп калбайбы?

Мен окуучунун сʏйʏктʏʏ мугалими болуу ʏчʏн жогорудагы Сухомлинскийдин сɵзʏнɵ таянып, баланы сʏйʏшʏм керектигин билдим. Мен сабак берген ар бир класстагы ар бир окуучуну жакшы кɵрдʏм, ар биринин каалоосун, инсандык муктаждыгын аныктоого бел байладым жана аны аткардым. Ошондой эле аны аткарууга мʏмкʏн экендигине кɵзʏм жетти.

Азыркы мезгилде маалыматтык технологиялардын, социалдык тармактардын улам бир жаңы багыттарынын кɵбɵйʏʏсʏ, окуучулардын бул технологияларды мугалимден да жакшы ɵздɵштʏрʏʏсʏ, мезгилдин ɵктɵм чындыгы менен эсептешʏʏгɵ мезгил жеткендигинен кабар берет. Мезгилдин талабын, азыркы муундун муктаждыгын эске алып, ар бир мугалим санарип мугалим болууга умтулуусу абзел. Окуучулар ар кандай социалдык тармактардын азгырыгына азгырылып, сабакка болгон кызыгуусу, умтулуусу солгундап баратканы ачуу чындык. Алар ʏчʏн мугалимге караганда компьютер же уюлдук телефон менен мамиле кылуу алда канча кызыктуу туюлат. Окуучунун инсандык муктаждыгын телефон же компьютер алмаштыра албаганы менен бул кɵрʏнʏш окуучунун эле эмес калктын калың катмарын, ата- энелерди да ɵзʏнɵ имерип алды. Ушул кɵйгɵйлɵрдɵн улам кантип маалыматтык технологияны туура, натыйжалуу пайдалана алам деген ойлор менен баш катырдым.

“Бааларын интернеттен жɵнɵтɵм”

-«What Sapp», » Инстаграм», «Телеграмм», В контакте» тиркемелерин натыйжалуу пайдаланууну колго алдым.  ʏйгɵ берилген тапшырманы, кызыктуу маалыматтарды, окуучулардын сабакта алган баасын, сабакта эмес ушул тиркемелер аркылуу жɵнɵтɵм. Ал эми сабак учурунда жалаң окуу ишмердʏʏлʏгʏ менен алектенебиз. Ошондой эле мезгилдин талабына шайкеш болуу максатта, сабакта техникалык каражаттарды да байма- бай колдоном. Тʏрдʏʏ платформалар «Кахут»,» Бандикам»- дээрлик ар бир сабагымда колдоном.

Ютуб канал ачып, натыйжалуу иштетип турам. Бул жакка жалаң билим берʏʏгɵ байланышкан маалыматтарды жайгаштырганмын. Ал эми «Инстаграм» баракчама да окуучулар ʏчʏн керектʏʏ маалыматтар, кызыктуу фактылар, натыйжалуу усулдарды жайгаштырып келем. Ошондой эле мектептин медиа бурчун иштетем. Медиа бурчка, медиа топ менен биргеликте мектептеги жетишкен ийгиликтер, иш- чаралар, алгылыктуу усулдар, алдынкы мугалимдердин ишмердʏʏлʏгʏ тууралуу маалымат менен бɵлʏшʏп турабыз. Медиа сабаттуулук боюнча да семинар- тренингдерге катышып, ɵзʏмдʏ ар тараптан ɵнʏктʏрʏʏгɵ аракет кылып келем. Санарип мугалим болуу- кɵптɵгɵн эмгекти, изденʏʏнʏ талап кылат. Изденʏʏдɵн ийгилик жаралат демекчи , заманга шайкеш, заманбап санарип мугалими болуу ʏчʏн мʏмкʏнчʏлʏгʏм жеткенче аракет кылууга даярмын.

Сатарова Мадина Сатаровна, №22 С.Шарипов атындагы мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими