7 октября, 2024

ШНОБЕЛЕВ СЫЙЛЫКТАРЫНЫН ЛАУРЕАТТАРЫ

Жакында илим тармактарына кошкон ʏлкɵн салымдары ʏчʏн бир катар илимпоздор жана окумуштуулар Нобель сыйлыгынын лауреаттары болушканы маалым. Ошол эле учурда айрым илимпоз жана окумуштуулар Шнобелевдик сыйлыкка да татыктуу болушканын белгилей кетʏʏ керек. Шнобелевдик сыйлыкка кʏлкʏлʏʏ изилдɵɵлɵрдʏн авторлору кɵрсɵтʏлɵɵрʏн эске салабыз. Мисалы, бир топ жыл илгери Шнобелев сыйлыгы тɵрɵткана ʏчʏн жасалган станоктун авторуна ыйгарылганын маалымат булактары жазып чыгышкан. Станоктун иштɵɵ режими жɵнɵкɵй жана албетте, кʏлкʏлʏʏ:станоктогу атайын даярдалган жайга тɵрɵй турган аялды жаткырып,станокту электр тогунун жардамы менен айлантуу керек. Айлантуу ылдамдыгы кʏчɵгɵндɵ  эненин курсагындагы наристе инерциянын кʏчʏ менен ыргып чыгып кетет…

Бирок,эненин курсагынан тиешелʏʏ жол аркылуу аткан октой ыргып чыккан наристени жɵн-жай кармап калганга жɵндɵмдʏʏ жабдууну дале ойлоп чыгыша элек.

СЫЙЛЫК ЭМНЕГЕ ШНОБЕЛЕВДИК ДЕП АЙТЫЛАТ?

Англис тилиндеги “нобел приз” аталышы “игнобиле”деген сɵзгɵ уйкаш келип, ”уяттуу” деген маанини туюнтат экен. Бул ушундай сɵз оюну. Лауреаттарга бутафордук шнобел (узун мурун)  сыйлыгы ыйгарылат. Сыйлык 1991-жылы “Ишенʏʏгɵ болбой турган изилдɵɵлɵрдʏн анналдары” аттуу юмордук журналдын кызматкерлери тарабынан уюштурулган. Жыл сайын берилʏʏчʏ бул сыйлык быйыл 14-сентябрда 33-ирет тапшырылып, аземи интернеттен кɵрсɵтʏлдʏ. Лауреаттар  10 номинация боюнча ардакталды. Сыйлоо жɵрɵлгɵлɵрʏ Шнобелевдик сыйлыктын негизги принцибине ылайык ɵткɵрʏлдʏ: изилдɵɵлɵр же ишмердʏʏлʏк оболу кʏлдʏрʏп, андан соң ойлонуп кɵрʏʏгɵ аргасыз кылуусу шарт.

ИЧИҢ КYЙСƟ, ТАШ ЖАЛА!

Польшалык геолог Ян Заласевич сыйлыкка “Эмне ʏчʏн кɵп аалымдарга ташты жалоо жагымдуу?” деген суроого берген тʏшʏндʏрмɵсʏ ʏчʏн татыктуу болду. Геолог бул жагдайда кенен макала жарыялаган. Он сегизинчи кылымдагы италиялык геолог Жованни Ардуинонун минералды даамы боюнча аныктаганын мисалга тарткан.

“Оозго салаарың менен оттой кʏйгʏзʏп, ачуу жана сийдик даамданат” деп жазган ал бир минерал жɵнʏндɵ. “Аны тʏкʏргɵндɵ, тилиңде белгилʏʏ бир ширин даам калат” деп белгилеген башка бир минералды айтып жатып. Ян ɵзʏ кɵптɵгɵн минералдык породаларды жалап кɵргɵн. Ал эми ташты болсо, анын текстурасын аныктоо максатында жалап жʏрɵт.

КАЙТАЛООНУН ТЕСКЕРИ ПРОПОРЦИЯСЫ

Британдык, малайзиялык жана финляндиялык окумуштуулардын тобу адамдар тааныш эле бир сɵздʏ ɵтɵ кɵп ирет кайталап айта бергенде эмнени сезишерин изилдеп кɵрʏшкɵн. Изилдɵɵчʏлɵр бир феноменди-бир сɵздʏ тыным албай кайталай бергенден пайда болгон сезимди аныкташкан. Сыноо жʏргʏзʏлгɵндɵрдʏ дээрлик ʏчтɵн эки бɵлʏгʏ кандайдыр бир жакшы эле тааныш сɵздʏ орточо эсеп менен отуз ирет кайталагандан кийин кокусунан эле бейтааныш сɵздɵй сезе баштаган.

ЭРКСИЗ ЭРИГYY

Кытай, Канада, Улуу Британия, Нидерланды, Ирландия АКШжана Япония  окумуштууларына Шнобелев сыйлыгы “Мугалимдердин жана окуучулардын эргʏʏлɵрʏн методикалык жактан изилдɵɵлɵрʏ ʏчʏн” ыйгарылды. Мына, алардын арасынан тандалган эки эмгектин аталыштары: “Эригʏʏ эригʏʏнʏ жаратат: мугалимдин эригʏʏсʏнʏн окуучулардын эригʏʏсʏнɵ тийгизген таасири жана анын мотивациясы. “Эрикпейин дегендин ɵзʏ эриктирет: эригʏʏнʏ жɵн-жай кʏтɵ  берʏʏ аны лекция учурунда тереңдетип жиберет”.

ТАМАКТАНУУ ТАЯКЧАСЫН ЭЛЕКТРЛЕШТИРYY

  Япониялыктарга ыйгарылган бул сыйлыкта болжолдуу алганда мынтип жазылган: “Электрлештирилген тамак жечʏ таякча же чий тамак-аштын даамын кандайча ɵзгɵртʏп жиберээрин аныктоо боюнча жʏргʏзʏлгɵн эксперименттер ʏчʏн”.

Белгилʏʏ болгондой, батарейканы контактарга тийгизʏʏ аркылуу анын “даамын” тил менен сезе аласың. Япондор таякча жана чийди электрлештиришкен. Эң маанилʏʏ деп эсептелген натыйжа: тузу ɵтɵ тɵмɵн тамак-ашка кычкыл, туздуураактай даам кошулган. Бул натыйжа туз даамына жоопкер болуп саналган натрий хлоридиндеги иондорго таасир этʏʏ аркылуу алынган.

АКЫЛДУУ УНИТАЗ

Тʏштʏк Кореялык Пак Сын Мин сыйлыкка “Сийдик анализин жана аналдык издерди компьютерден кɵрʏп-изилдɵɵ системасын пайдаланган  Стенфорд туалетин ойлоп тапкандыгы ʏчʏн” татыктуу болду.

ЛЕОНАРДО ДА ВИНЧИГЕ САЛАМ!

“Абыр-абыр…абырвалг!” Бул абракадабра Булгаковдук “Иттин жʏрɵгʏ” романындагы Шариктин биринчи сɵзʏ. Аны тескери окуганда “Главрыба” дегенди туюнтат. Бул жана ушуга окшош мисалдар Аргентина, Испания, Колумбия, Чили, Кытай жана АКШ окумуштууларына  “тетирисинче сʏйлɵй алган адамдардын акыл ишмердʏʏлʏгʏн изилдегени ʏчʏн сыйлык алып келди. Тетирисинче сʏйлɵй алгандарды илимде, оң жана сол колдору бирдей жɵндɵмдʏʏлʏктɵ иштегендерге аналог катары амбидекстр деп коюшат. Амбидекстрлерде башкалардыкынан кɵбʏрɵɵк ɵлчɵмдɵ бозгулт зат болуп, мээнин жарым шарларынын байланыштары мыктыраак, образдарды таанып-билʏʏнʏн ɵнʏгʏʏрɵк системасына ээ. Баса, уникалдуу  амбидекстр деп атактуу Леонардо да Винчи эсептелет. Ал чындыгында ”тетирисинен жазган”. Анан калса кʏзгʏ чагылышы менен жана шрифтелген.

ƟЛГƟН ЖƟРГƟМYШТƟР ƟНYМY

Индия, Кытай, Малайзия жана АКШ изилдɵɵчʏлɵрʏ “ɵлгɵн жɵргɵмʏштɵрдʏ механикалык кысып-чеңгелдегич аспаптарды жасоого пайдалануу ʏчʏн тирилтишти.

Ɵлгɵн жɵргɵмʏштʏн буту-колу бʏрʏшʏп калат. Аларды айрым-айрым кылып да, бʏтʏндɵй да жазуу керек.  Жɵргɵмʏштʏн бʏрʏшкɵн колу-буттарынын кыймылын башкаруучу гидравликалык системадагы басымды жасоо керек.

Изилдɵɵчʏлɵр дал ушунун ʏстʏндɵ эмгектенишкен.

Абдираим Мамытов