27 июля, 2024

Жибек Туратбекова:  “Айылда 252 аял жумуш менен камсыз болгон”

Кыргыз элинде аялзаты ар дайым урматталып, ʏй-бʏлɵдɵ жана коомдо татыктуу орун ээлеп келген. Аларга эне, жубай катары ар дайым аяр мамиле жасалып, сый-урмат кɵргɵзʏлгɵн. Кыргыз эли кɵчмɵн эл болгондуктан, аялдары башка элдердин аялдарына караганда бир топ эркин болуп, ʏй иштеринен башка иштерге да ɵз деңгээлинде салымын кошо алган.

Ошондой эле кɵчмɵн кыргыз эли аялдардын коомдогу ордун кылымдардан бери ооздон оозго ɵтʏп сакталып, элибиздин адабий, маданий мурастары катары калыптанып калган дастандарда, эпостордо, элдик чыгармаларда чагылдырылган. Ал чыгармаларда аялзатынын даанышмандыгы, кара кылды как жарган калыстыгы, тапкычтыгы, айлакерлиги даңазаланган. Кɵчмɵн кыргыз коомунда аялдардын орду, ролу башка элдерден бир топ айырмаланган.  “Манас” эпосундагы Каныкей эне эң жогорку элдик кадыр-баркка хандын аялы болгондуктан эмес, иш билги акылмандыгынан улам жетишет. Ал Манастын жоо кийими аколпокту кʏн тыным, тʏн уйку билбей 12 жыл жасайт. Ал «жок дегендин баарысы кайсыл учур болсо да жок дегизбей табылган» болжолсуз сарамжалдуу жан. Эл алдында  бийик кадыр-баркка жетишине Каныкейдин чебер-уздугу да кɵмɵкчʏ. Манастын жана анын 40 чоросунун кийимин, зоот-чопкуттарын дайыма ɵзʏ тиккен.

Кадимки Каныкей эненин жолун улап, энеден кызга ɵтʏп келаткан кол ɵнɵрчʏлʏктʏ аркалагандар эл ичинде арбын. Каарманыбыз Жибек эже ɵзʏ эле эмес, айылдагы аялдарды жумуш менен камсыз кылууга жетишкен. Кеп башынан болсун.

“Алгач айылдан 57 аял чогулуп иштеп баштаганбыз”

-Жибек эже, эмнелерди жасайсыздар?

-Чоң-Алай районунун  Дароот-Коргон айылында жашайм. “Чоң-Алай ишкер айымдары” коомун 2018-жылы тʏзгɵнмʏн. Брендибиз “Бай Алай” деп аталат. Сумка, ʏй бут кийими, килем, килем сувенирлер жана башка да буюмдарды жасайбыз. ʏй-бʏлɵлʏʏмʏн. 6 баланын энесимин, шʏгʏр. Кол ɵнɵрчʏлʏктʏ бала кезимде жакшы кɵрчʏмʏн. Апам чыныгы колунан кɵɵрʏ тɵгʏлгɵн чебер. Ɵмʏрдɵ бала кезде эмнени кɵрʏп чоңойсоң кийин дагы ошол нерсе кɵбʏрɵɵк тартып турат экен. Себеби, бала кезден кɵргɵн, уккан, жасаган нерселер кан-жаныңа сиңип кетет окшойт. Кɵрʏп жʏрʏп мен да кол ɵнɵрчʏлʏктʏн кɵп тʏрʏн апамдан ʏйрɵнʏп, азыркы кʏндɵ аркалап келем. Апам апасынан ʏйрɵнʏптʏр.  Таенем да эң кʏчтʏʏ чебер болгон. Азыр учурда апам колдоп, кеңешин берип келет.

-Аялдар коомун кантип тʏзʏп калдыңыз эле?

-Мурун ʏйдɵ эле жасап, сатуу дегенди анча билген эмеспиз. Ɵзʏбʏз ʏчʏн эле жасачубуз да. Даяр кылган товарларыбызды белекке берип калчубуз. 2018- жылы Швейцариядан бизге ылайыкташтырылган “Бай Алай” деген долбоор келип,  эң кызыктуу жумуш баштап алдым. Ɵзʏмдʏн сʏйгɵн ɵнɵрʏм, идеяларым, ойлогон максаттар жолго коюлуп, ушул эле жылы колунан кɵɵрʏ тɵгʏлгɵн энелер коомун, “Чоң-Алай ишкер айымдар” коомун тʏздʏм. Алгач айылдан 57 аялды чогултуп иштеп баштаганмын.

“Биздин буюмдар табигый жана сапаттуу болгондуктан чет элдик кардарлар бар”

-Кардарлар кɵп болсо керек?

Кийин бара-бара ар окуулардан ɵттʏк. Кɵп нерсе ʏйрɵндʏк. Сапаттуу буюмдарга басым жасай баштадык. Товарларыбыз табигый жана сапаттуу болгондуктан жасаган буюмдарыбызга сырт жактардан да кардар келе баштады. Учурда чет элден дагы туруктуу кардарларыбыз бар.  Интернеттен да сатабыз. Ошто, Бишкекте атайын дʏкɵндɵрʏбʏз бар.  Германиядан чоң буйрутмаларды алып сʏйʏндʏк. Айыл жеринде тургандыктан бул да бизге жакшы болду. Жашообузга, ʏй-бʏлɵбʏзгɵ киреше топтоп, шарттарыбызды жакшыртып алууга мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏлдʏ.

  “Бир жылда кирешебиз 200 миң…”

-Кол ɵнɵрчʏлʏктʏн киреше-чыгашасы кандай болот?

-Кирешебиз да, чыгашабыз да ар кандай болот. Буйрутмаларга, товарлардын сатылуусуна карап бир жылда таза 200 миң кирешеге жетип калат. Ар бир буюм жасаларда, албетте, керектелʏʏчʏ материалдарга чыгым болот. Андан соң сатыктан кийинки кирешени топтойбуз. Ар айдын аягында айлыктарыбызды алабыз. Азыр айылыбызда бул жумушта 252 аял иштейт. Туруктуу жумуш 50, кээде 80  аялда тынбай болуп турат. Аялдар кезек-кезеги менен иштейт. Себеби, биз айыл жеринде болгондуктан жайлоо мезгили бар. Ошондуктан иште бири кеткенде бири ордун толуктап турушат. Биздин “Чоң-Алай ишкер айымдар” коомунда координатор, бухгалтер бар. Мен директормун.  Иш орундарын ɵзʏм тʏзгɵнмʏн.

“Койдун жʏнʏн кайра иштетебиз”

-Жʏндʏ кайдан аласыздар?

-Биздин мекеменин жаратылышка да пайдасы чоң. Себеби койдун жʏнʏн ɵрттɵгɵндʏ токтотуп, кайра иштетʏʏнʏ кʏчɵткɵнбʏз. Ɵзʏбʏздʏн айылдагы эле койлордун жʏндɵрʏн чогултуп алып, кайра иштетип чыгарабыз. Койдун жʏнʏн  ЮСАИДден Хельветастан грант утуп алып, ошонун негизинде алынган аппараттар менен тазалап чыгарып, колдонууга ылайыктап алабыз.    Ал эми башка керектʏʏ материалдарды Бишкектин базарларынан алдырабыз.

“Кол ɵнɵрчʏлʏктʏ даңазалаган кайраттуу аялдар…”

-Гранттар менен иштɵɵ кандай?

-Биринчиден аялдар кирешеге чыгышты, Хельветастын ишенимине кирдик. Андан тышкары сапаттуу жасап баштагандан тартып чет мамлекеттерге сатык башталды. Гранттарды алабыз, андан тышкары «Кыргызпатенттен» да грант утуп, ага тигʏʏ машиналарын алдык. Биздин аялдар айыл жери, тоолуу, шарты катаал жерде жашайбыз деп карап отурбастан эмгектенип жатканы мени аябай кубандырат. Биздин аялдар кол ɵнɵрчʏлʏктʏ даңазалаган кайраттуу аялдар. Азыр ушул эмгектердин артынан чет элге, ар кандай ɵлкɵлɵргɵ барып, жарманкелерге катышып жатышат.

“Менин буга эмгегим чоң”

-Бирɵɵгɵ пайдаң тийсе кубанат эмеспизби, коом ачып, кɵп аялдарды жумуш менен камсыздаган экенсиз…

-Коом тʏзʏш ʏчʏн да жɵндɵмдʏʏ, уюштургуч,  жан дилинен иштеген адамдар керек экен. Тʏзʏп, ушул деңгээлге келгиче бир топ кыйынчылыктар болду. Акырындан жемишин кɵрʏп атабыз. Буга менин эмгегим чоң деп тартынбай айта аламын.  Азыр биз менен иштешип жаткан ар бир айымга, уз, чеберлерибизге терең ыраазычылык билдирем. Мен эл менен иштегенди сʏйɵм. Ошондуктан ар бир ʏй-бʏлɵгɵ жакшылыгымды чачыратуу алдыңкы, негизги максатым десем болот. Азыр Чоң-Алай элине керегим тийгенине сыймыктанам. Жумушумду сʏйʏп жасаймын. Ар бир иштин жемишин жеп, ʏзʏрʏн кɵргɵндɵ жʏрɵгʏм башкача сезимдерге толот. Бизди колдогон проектке, проектибизди колдогон айыл ɵкмɵткɵ, акимге ыраазычылык билдиребиз. 

Бʏкалча Маматали кызы