27 июля, 2024

Мите ооруларын аныктоо боюнча окутуу болуп өттʏ

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2010-жылдын 11-январында чыгарылган “Мите ооруларын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасын жакшыртуу” боюнча №2 буйругунун негизинде, мите ооруларын алдын алууда лабораториялык изилдөөлөрдʏ сапаттуу жʏргʏзʏʏ максатында уюштурулган “Лабораториялык изилдөөдө тʏрдʏʏ ыкмаларды пайдалануу менен мите ооруларын аныктоо темасында адистер билимин жогорулатуу ʏчʏн атайы 2 жумалык окуудан өтʏштʏ. Окууга шаардык жана Кара-Көл ш., Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын медициналык уюмдарында иштеген лаборатория адистери  катышты. Окутуунун жʏрʏшʏндө теориялык билимдерин бышыктоо менен практикалык иш тажрыйбаларын жогорулатып, мите ооруларын так жана тез аныктоо ʏчʏн тʏрдʏʏ ыкмалар менен иштөөнʏ практикалык тʏрдө көрʏп билишти. Ар башка райондон келген адистер бири- бири менен баарлашып, кайсы райондо митенин кандай тʏрʏ көп кездешерин талкуулашты. Окутуунун негизиги максаты лаборатория адистеринин иштеринин эффективдʏʏлʏгʏн, иш тажрыйбаларын өркʏндөтʏʏ жана адистиктерин жогорулатуу болду.

ООБКИКМЖ  Ош шаардык Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун паразитология лабораториясынын башчысы      Жузбаева А.

Мителерди кан аркылуу аныктаган ИФА аппараты иштей баштады

Урматтуу, шаардык жана облус райондорунун тургундары, ООБКИКМЖ Ош шаардык ОАА жана МСЭКБнун, паразитологиялык лабораториясында мителерди кан аркылуу аныктоо ʏчʏн  ИФА  аппараты иштей баштады. Аппараттын жардамы менен мителерди (лямблия, аскарида, токсокаро, эхинококк) аныктоого болот. Кайрылуучуларды саат 8:30дан, 16:00гө чейин  кабыл алабыз .

Дарегибиз: Ош шаары Байтемирова көчөсʏ – 53.

Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик

санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.

Паразитологиялык лаборатория.(Болжол: Ош облустук төрөт ʏйʏ)