27 июля, 2024

Кɵркɵм сʏрɵт мектеби – чыгармачыл балдар ордосу

Атасы уулу эс тартып калган кезде акча берип, иштеп  кɵбɵйтʏп кел деп сапарга узатат. Уулу куру кол келет. Атасы ачууланып, дагы бир жолу акча берип жɵнɵтɵт. Ал жолу баласы комуз кɵтɵрʏп келет. Акчасыз келген баласына ачууланган ата аны ʏйгɵ биротоло келбɵɵсʏн айтат. Аз ɵттʏбʏ, кɵп ɵттʏбʏ, кʏндɵрдʏн биринде уулунун артынан чубуруп ээрчип жʏргɵн балдарды кɵрɵт. Ошондо уулунун туура жол тандап, ɵнɵр ʏйрɵнʏп, анан элге пайдасын тийгизип жʏргɵнʏн тʏшʏнɵт. Бул жолу ɵнɵрдʏн ордосу Гапар Айтиев атындагы балдардын атайын орто кɵркɵм сʏрɵт мектебине баш бактык. 

Гапар Айтиев атындагы балдардын атайын орто кɵркɵм сʏрɵт мектебинин директору Дильбар Кадермятова:

“Бизде тандалып отуруп чыныгы мээнеткеч, чыгармачыл балдар калат”

-Эжеке, кɵркɵм сʏрɵт мектепке кантип кабыл аласыздар, бир жылдык баасы канча?

-Биздин кɵркɵм сʏрɵт мектеби 1980-жылы ачылган. Бул мектепке башында жер бɵлдʏрʏп, команда топтоп, негиздеген Забидинов Таалай агай болгон. Бизде жалпы 232 окуучу окуйт. Быйыл 60тай баланы кабыл алдык. 25 окуучу бʏтʏрдʏ.  Мындай чоң айырма болушунун себеби 1-класска кɵп окуучу келет да, анан “жетише албай калды, келе албай калды, эрте менен тургусу келбей калды” деп тандалып отуруп бизге керектʏʏ сан калып калат. Кийин кайрадан кабыл алууга жарыя беребиз. Бир жарым ай кыйналабыз. 1-чейректе жарымынан кɵбʏ кетет. Быйыл биздин мектептен 15 окуучу аяктайт. 9 мугалим эмгектенет. Бир окуучу айына 512 сом 50 тыйын тɵлɵйт. Ал акча банктык эсепке тʏшɵт. Атайын уруксат сурап, ал акчаны балдардын саякаттарына, кɵргɵзмɵлɵргɵ, конкурс ɵткɵрсɵк балдарга белек-бечкек алууга иштетебиз. 

“Дагы сʏрɵт мектеби ачылса…”

-Билишибизче, Ош шаарында жалгыз сʏрɵт мектебисиздер…

-Ооба. Шаардагы бардык иш-чараларга активдʏʏ катышып, билим берʏʏгɵ ɵз салымыбызды кошуп келебиз. Ош шаары боюнча кɵркɵм сʏрɵт мектеби жалгыз эле. Таланттуу балдар абдан кɵп.  Баарын биз батыра албайбыз. Кошумча класс ачсаң, мугалим алыш керек. Анын эмгек акысы болушу керек. Бизде бул кɵйгɵйлʏʏ маселе. Шаарда дагы сʏрɵт мектеби ачылса абдан жакшы болмок. Бизге да кызыктуу болмок (кʏлʏп). Эгер ачылса тажрыйбабыз менен бɵлʏшʏп, кол кабыш кылат элек.

“Фольклордук фестиваль окуучуларга дем берди”

-Окуучулар атайын сынактарга барышса керек?

-2023-жылдын 1-июнь балдардын эл аралык кʏнʏнɵ карата  Т.Садыков атындагы сʏрɵт музейине окуучулардын 60 жумушунан сʏрɵт кɵргɵзмɵсʏ уюштурулду, окуучулар сыртка асфальт  ʏстʏнɵ сʏрɵт тартышты. 30-майдан 8-июнга чейин   Бишкек шаарында ɵткɵрʏлгɵн ʏчʏнчʏ Эл аралык балдар фольклордук фестивалына 6 окуучу, 3 мугалим катышып келишти. Фестивалга Монголия, Индия, Россиядан: Тыва, Якутия, Санкт-Петербург, Башкортстан, Казакстан, Москва шаарынан, ошондой эле Кыргызстандын 7 облусунан окуучулар жана мугалимдер катышты. Биздин окуучулар Кырчын жайлоосунда сʏрɵт тартышып, андан соң  Ысык-Кɵлдʏн жээгинде Кыргызстандын эл сʏрɵтчʏсʏ Таалай Курмановдун  мастер-классына катышышты. Окуучулар чоң кызыгуу менен кɵл жээгинин кɵрʏнʏшʏ, тоолордун кɵрʏнʏштɵрʏнɵн пейзаж тартышты. Окуучулардын тарткан иштеринен кɵргɵзмɵ уюштурулду. Катышкан окуучуларга, мугалимдерге Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын башчысы, Кыргызстандагы CIOFFтин тɵрагасы тарабынан сертификаттар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.Фольклордук фестиваль биздин окуучуларга дем берди. 

 “Эл аралык Биеннале жана медаль ”

-Жетишкен ийгиликтер тууралуу айтсаңыз…

-Август айында Ɵзбекстан Республикасында ɵткɵрʏлгɵн  тогузунчу Эл аралык Биенналеси ɵткɵрʏлʏп, биздин мектептен 54 окуучунун  жумуштары жɵнɵтʏлдʏ. Сʏрɵт конкурсунун жыйынтыгы боюнча 45 окуучуга сертификат, бир окуучубуз Токонова Мирандага диплом жана медаль жɵнɵтʏлдʏ.

“Дельфий оюндары. 2-орун. Кʏмʏш медаль”

-Былтыркы жылдын 26-октябрынан 1-ноябрына чейин 9 окуучубуз  Бишкек шаарында ɵткɵрʏлгɵн  “Дельфий оюндары улуу жибек жолунда!” маданий  агартуу долбоорунун алкагындагы «Дельфий Бишкек! Катыш! Аракет кыл! Жеңип ал!”  биринчи ачык Бишкек оюндарына 9 окуучубуз катышты. Алар: Эсенбаева Асылзаада. (муг. Махамаджанов Р.), Елизарова Сумая (муг. Кадермятова П.), Макамбаева Айзаж.( муг. Кадермятова П.), Мавлянова Камила( муг. Кадермятова П.) 5. Узакбаев Даниэль( муг. Шадманов М.), Жаныбекова Алтынай. (муг. Шадманов М.),  Абдуманапова Айбийке (муг. Абдикеримов Д.), Ыдырысова Раяна (муг. Заирова С.),  Жаныбекова Аэлита ( муг. Занирова С.). Дельфий оюнуна 500 жʏздɵн ашык окуучулар катышты. Сынактын жыйынтыгы боюнча биздин мектеп  2-орунга чыгып, кʏмʏш  медаль менен Ырысова Раяна сыйланды. Елизарова Сумаяны диплом менен сыйлашты. Мектепке жана жетектеп барган мугалимдере ыраазычылык каттарды ыйгарышты.

“Улуу сʏрɵткер Айтиевдин 110 жылдыгы”

-2022-жылдын 29-октябрь кʏнʏ  улуу сʏрɵткер  Гапар Айтиевдин 110 жылдык мааракесинин алкагында  ɵткɵн сʏрɵт- сынагына Алай  районунан С.Дооронов  атындагы балдардын искусство мектебинин 3-окуучусу, Ноокат районундагы  академик Т. Садыков атындагы  улуттук кɵркɵм сʏрɵт мектеп интернатынан 17 окуучу,  Жалал-Абад шаарындагы балдардын кɵркɵм сʏрɵт мектебинен 11 окуучу, биздин мектептен 10 окуучу катышты. Сʏрɵт сынагын Г.Айтиев атындагы балдардын атайын орто кɵркɵм сʏрɵт мектеби уюштурду. Ош шаарынын мэриясы, Ош областык администрациясы жана Ош шаардык маданият башкармалыгы  демɵɵрчʏ болушту.  Анда 1- орун  Исанова Айназик (14 жаш) Ноокат сʏрɵт-жатак мектеби (4 миң сом акчалай сыйлык).  2- орун Аманалиева Нагима  (13 жаш), Ноокат сʏрɵт-жатак мектеби (2 миң сом), 3-орун  Анарбаева Айбийке ( 13 жаш) Ноокат сʏрɵт-жатак мектеби (1 миң сом). 15-17 жаштар арасында: 1-орун Тынычбек кызы Жаннат (15 жаш) Ноокат сʏрɵт-жатак мектеби (5 миң сом) акчалай сыйлык менен сыйланды. 2 — орун  Нурбеков Селим (16 жаш) Ноокат сʏрɵт- жатак мектеби (3 миң сом), 3- орун Каримбердиева Алсу ( 15 жаш) Ноокат сʏрɵт-жатак мектеби  (2 миң сом) акчалай сыйлык менен сыйланды.

Бʏкалча Маматали кызы