14 июня, 2024

ТYРКИЯДАН ЭҢ ЧОҢ АДАМ АЙКЕЛИ ЖАНА БОЁЛГОН АЛГАЧКЫ ЖАНЫБАРЛАРДЫН ЭСТЕЛИГИ ТАБЫЛДЫ

Жаңы табылгалар дʏйнɵдɵгʏ эң байыркы неолиттик жерлердин бири болгон Гɵбеклитепе жана Карахантепеде жарыкка чыкты. Тагыраагы, тарыхый дʏйнɵлʏк масштабдагы маанилʏʏ ачылыштарга жол ачкан Таш тепелер (Таш дɵбɵлɵр) долбоорунун алкагында тогуз археологиялык жерде жʏргʏзʏлгɵн акыркы казууларда адам жана жаныбарлардын айкелдери табылды.

Адамдын эстелиги: тарыхка чейинки искусствонун таасирдʏʏ мисалы

Карахантепедеги акыркы казуулардын жыйынтыгында ошол доордун эң чоң белгилʏʏ адам айкели да табылды. 2,45 метр бийиктиктеги эстелик тарыхка чейинки искусствонун эң таасирдʏʏ ʏлгʏлɵрʏнʏн бири катары реалисттик мимика менен скамейкада жерге бекем орнотулган. Аталган айкел отурган абалда эркектин кабыргалары, омурткасы жана жилик сɵɵктɵрʏ баса белгиленген маркумга окшош; экинчи жагынан, фигуранын сап абалы тирʏʏ адамды элестетет. Мындан тышкары, отургучтун алдында карышкырдын скульптурасы бар, анын ʏстʏндɵ таш плиталар да табылган.

Гɵбеклитепедеги каман: биринчи боёлгон чыныгы кɵлɵмдɵгʏ айкел

Маданият жана туризм министрлиги тарабынан жʏргʏзʏлгɵн казууларда Гɵбеклитепенин Д структурасында акиташ ташынан жасалган чыныгы чоңдуктагы жапайы каман айкели табылды. Бетинде кызыл, ак жана кара пигмент калдыктарын кɵрсɵткɵн скульптура, ɵз доорунан бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин табылган биринчи боёктук табылга десек болот. Гɵбеклитепеде табылган жапайы каман скульптурасы жасалгалар менен кооздолгон отургучтун ʏстʏндɵ, Н формасындагы символ, жарым ай, эки жылан жана ʏч адамдын жʏзʏ, тагыраагы беткап менен табылган.

Гɵбеклитепе: Тарых барагын ɵзгɵрткɵн жер

Шанлыурфа шаарынын борборунан болжол менен 18 километр тʏндʏк-чыгышта, Ɵренжик айылына жакын жерде жайгашкан Гɵбеклитепе адамзат тарыхынын эң маанилʏʏ мурастарынын бири болуп саналат. Тʏркиянын ЮНЕСКОнун Дʏйнɵлʏк мурастар тизмесине 18-каттоосу катары бул археологиялык объект неолит доору сыяктуу мергенчилер-жыйноочу коомдор жɵнʏндɵгʏ тʏшʏнʏктʏ олуттуу тʏрдɵ ɵзгɵрттʏ. Гɵбеклитепеде алгачкы казуу иштери 1995-жылы башталып, кыска мɵɵнɵттʏн ичинде кɵп сандаган табылгалар табылды. Алардын арасында жаныбарлардын мотивдери жана геометриялык фигуралар менен кооздолгон Т тʏрʏндɵгʏ мамылар, ар кандай адам жана жаныбарлардын айкелдери, таш жана сɵɵк куралдары, ошол доордун тамактануу экономикасын чагылдырган ɵсʏмдʏк жана жаныбарлар сɵɵктɵрʏ бар.  Гɵбеклитепедеги табылгалар адамзат тарыхындагы эң маанилʏʏ ɵзгɵрʏʏлɵрдʏ жана жемиштʏʏ жашоо образын терең тʏшʏнʏʏгɵ мʏмкʏндʏк берди.

Таш Тепелер: Улуу Трансформациянын ɵлкɵсʏ

Байыркы цивилизациялардын ɵлкɵсʏ болгон Тʏркияда маданий мурастардын туруктуулугун камсыз кылуу максатында тарыхый аймактарда кɵп сандаган археологиялык казуулар жана реставрация иштери жʏргʏзʏлʏʏдɵ. Учурда аталган ɵлкɵ эң кɵп археологиялык долбоорлор боюнча дʏйнɵдɵ алдынкы орунда турат. Маселен, Тʏркиядагы археологиялык казуу жана изилдɵɵлɵрдʏн саны 2023-жылдын аягына чейин 750гɵ чейин жетери кʏтʏлʏʏдɵ.

Ɵлкɵдɵгʏ археологиялык казуулар — бул ɵткɵн окуяларды ачык кɵрсɵтʏп, адамзат мурасы менен байланыштырган убакытка саякат жасоого мʏмкʏндʏк берет.  Акыркы археологиялык долбоорлордун бири Таш Тепелер. Стамбул университетинин тарыхка чейинки археология бɵлʏмʏнʏн окутуучусу, профессор Нежми Карулдун жетекчилигинде ишке ашырылган аймактагы долбоордун масштабы алгачкы отурукташкан адамзат коомдорунун технологиялык, экологиялык жана социалдык аспектилерин ачык кɵрсɵтʏп бере алды. Шанлыурфа платосунда жʏргʏзʏлгɵн жер ʏстʏндɵгʏ изилдɵɵлɵр Гɵбеклитепеге жакын жердеги заманбап конуштардын табылышына себеп болду. Жалпысынан Таш Тепелер (Таш дɵбɵлɵр) деп аталган бул конуштарга Гɵбеклитепеден тышкары Карахантепе, Сайбурч, Сефертепе, Харбетсуван Тепеси, Гʏржʏтепе, Чакмактепе, Медик, Курттепеси, Ташлытепе, Аяндар, Йогунбурч жана Йени Махалле кирет. Дʏйнɵдɵгʏ отурукташкан жашоонун жана социалдык татаалдыктын эң алгачкы ʏлгʏлɵрʏн камтыган долбоордун алкагында тогуз археологиялык объектте изилдɵɵлɵр уланууда. Карахантепедеги казууларда Гɵбеклитепедегидей монументалдык курулуштар табылды. Аталган жерлер тарыхый археологиялык изилдɵɵлɵргɵ чоң салымын кошуп келʏʏдɵ.