27 июля, 2024

ТYРК РИВЬЕРАСЫНДА ЖАНА ТYРКЭГЕЙДЕ ЖАЙ УЛАНУУДА

Кʏз келип, аба-ырайы тɵмɵндɵп кеткени менен Тʏркиянын Жер Ортолук жана Эгей жээктеринде (Тʏрк Ривьерасы менен Тʏркэгейде) эс алуучулар дагы эле жылуу кʏнгɵ кʏйʏп, жылтылдаган кɵгʏлтʏр сууларда сʏзʏп, укмуштуудай тʏрк ашканасынан тамактанып жатышат. Жылына 300 кʏн бою кʏн тийип турган Тʏрк Ривьерасы жана анын мелʏʏн климаты Тʏркэгей деңизин жылыткандыктан, саякатчылар ʏчʏн тынч жана идеалдуу кʏзгʏ эс алуучу жерлердин катарын толуктайт. Бул жер зыяратчыларды кооз пляждары менен гана эмес, тарыхый шаарлары менен да ɵзʏнɵ тартат.

Тʏркэгей: Жайдын даамын таткан кʏз

Измир провинциясындагы Чешме жарым аралы Тʏркэгейдин эң популярдуу туристтик жерлеринин бири болуп саналат. Эгей деңизин караган Алачаты, Чешменин тʏбɵлʏктʏʏ жери катары, саякатчыларга жергиликтʏʏ даамды сактаган ашкана жана оюн-зоок жайларын сунуштайт. Сиз аймактын кылымдардан бери келе жаткан рецепттерин, алардын заманбап интерпретацияларын жана тʏрк шараптары менен коштолгон тʏрдʏʏ тамактарынан даам сыза аласыз.

Кɵгʏлтʏр булуңдарды жана кереметтʏʏ жаратылышты камтыган Бодрум тʏркэгейдин эң стилдʏʏ жана уникалдуу маршруттарынын бири десек да болот. Анткени люкс мейманканалар, жогорку деңгээлдеги мариналар, эл аралык ашканаларды тейлеген мыкты ресторандар жана премиум соода мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ дал ушул жерде бар. Гʏмʏшлʏк сыяктуу богемиялык жээк шаарлары, жогорку деңгээлдеги пляж клубдары жана Ялыкавак жана Гɵлтʏркбʏкʏ сыяктуу укмуштуудай булуңдары менен белгилʏʏ болгон Бодрум жарым аралы унутулгус деңиз жээгинде, кʏндʏн нуруна жылынып, кумдун ʏстʏндɵ эс алуу ʏчʏн эң популярдуу жер. Байыркы дʏйнɵнʏн жети кереметинин бири Галикарнас мавзолейинин урандылары жана Суу астындагы археология музейи да дал ушул аралда жайгашкан. Жакында Мишелин гидинин тизмесине кирʏʏчʏ Бодрумдун эң кɵрʏнʏктʏʏ ресторандарынын кɵпчʏлʏгʏ порт, марина жана жээк аймактарында орун алган.

Эгейден тʏштʏккɵ Жер Ортолук деңизине чейинки саякаттооңузда укмуштуудай кооз жерлер кʏтʏп турат, алардын ар бири табигый керемети жана байыркы цивилизациялардын ʏйʏ катары бааланат. Мисалы, Датча жана Бозбурун жарым аралдары тунук суулары бар кɵгʏлтʏр саякаттардын маанилʏʏ пункттары жана эс алуу ʏчʏн идеалдуу жер. Аны менен катар, аймактын бейиш булуңдарынын катарында Далян жана мɵлтʏр таза суулары, жапжашыл жаратылышы менен белгилʏʏ Гɵчек, Фетхие жана Ɵлʏдениз сыяктуу кɵз жоосун алган жерлер да бар.

Анталия: 300 жʏз кʏнгɵ созулган жай

Тʏрк Ривьерасынын жʏрɵгʏ болгон Анталия жылына 300 кʏн бою кʏн тийип турган жаркыраган жана кызыктуу шаарлар, байыркы борборлор, деңиз жана пляждар, токойлор  менен курчалган. Бул жерде жайкы сезон апрелде башталып, ноябрдын аягына чейин созулат. Кʏзʏндɵ абанын температурасы салкыныраак болуп турганы менен, кʏндʏн табы ɵз мерчеминде жылуу сакталат. Аталган провинцияда 231 кооз кɵк желек пляждары бар.  Алардын бири Каш аймагындагы Капуташ пляжы. Жаркыраган бирюза булуңдары менен курчалган Капуташ, дʏйнɵдɵгʏ эң кооз пляждардын бири катары белгилʏʏ.  Тʏрк Ривьерасында сиз чɵлкɵмдʏн укмуштуу тарыхына сʏңгʏп кете аласыз: бʏт провинция Пергеден Сименага, Ксантос-Летундан Патарага жана Аспендостан Сидеге чейинки байыркы шаарлар, мурунку цивилизациялардын калдыктары менен камтылган. Ошондой эле, аймактагы казууларда табылган экспонаттардын ɵзгɵчɵ коллекциясына бай Анталия музейинде ойго салган антик шаарларды зыярат кылуу менен бирге Ликия, Памфилия жана Писидия деген ʏч маданий аймактын байлыгын кɵрʏʏгɵ да мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏлɵт.