27 июля, 2024

МОДА ƟКYМY

Саясатта имидж  олуттуу эле роль ойноору белгилʏʏ. Мамлекеттик ишмердин же белгилʏʏ саясатчынын мамлекеттик же саясий ишмердʏʏлʏгʏндɵ чачынан тартып тырмагына чейин камтылган жʏрʏм-турумдук мʏнɵзʏнʏн бир азыраак эле ɵзгɵрʏʏсʏ коомчулукта жандуу кызыгууну жаратып тураары маалым. Кээде тигил же бул саясий ишмердин дʏйнɵгɵ таанымал болуп кетʏʏсʏнɵ анын ишмердʏʏлʏгʏ ɵбɵлгɵ болдубу же имиджиби, айтуу кыйыныраак болуп калат.Саясатчылар ɵздɵрʏнʏн чач жасалгасы аркылуу билдирʏʏчʏ жашыруун сигналды изилдеп кɵрʏʏгɵ аракеттенели.

“САКАЛ-МУРУТ МИМИКАНЫ ЖАШЫРАТ”

  “Дресс-код жана протоколдун нормасы бар. Муну эске алып саясаттагы эркек жана аял  тыкан жана каралып-таралган кыязда кɵрʏнʏʏсʏ шарт”,-дейт имидж-эксперт, репутациялык тенологиялар институтунун жетекчиси Ирина Дмитриева. -Эркектердин консервативдик кɵрʏнʏшʏн эсепке алган чɵйрɵлɵрдɵ ( мамкызмат, финансы жана банк, саясат) кыска чач жасалгасына артыкчылык берилет. Ал эми сакал-мурут саясатчы-эркектерде анча деле ардакталбайт. Ооба, алар абдан стилдʏʏ ыңгайда болушу мʏмкʏн, бирок башкы касиетти мимиканы жашырып коеру белгилʏʏ. Коомчулукта аларды кандайдыр-бир маска же мимиканын жоктугунун белгиси катары да  сезим пайда болушу ыктымал. Сакалдуу адамга адамдар азыраак ишенишет.

Аял саясатчыларга деле дресс-код андан жумшак эмес. Чачты, эгерде ал кɵздʏн тушунан узунураак болсо, куйруктап тʏйʏш керек же бийик чач жасалгасын кармануу зарыл. Аларды тыкандык менен чачтын тамыр-тʏбʏ ооруксунбагандай кылып жаткыруу керек. Саясатчынын имиджи ʏчʏн “бʏгʏн менин чачымды шамал аймалады” стили ɵтпɵйт.

Башка жагынан алганда чач жасалгасы визиттик карточка же имидждик кʏзʏр катары ойнолуучу карта болуп калуусу да мʏмкʏн. “Мындай мисалдардын бири болуп Юлия Тимошенко эсептелет. Чач жасалгасынын шарапаты менен аны кɵптɵр жана кɵпкɵ  чейин эстеп калышты”,-деп белгилейт Дмитриева.

ДОНАЛЬД ТРАМП

АКШнын экс-президентинин кейпи(образы) майда-чʏйдɵсʏнɵ дейре жеткире иштелип чыгылган: кара костюм, кызыл галстук, кʏн кʏйдʏрʏмʏ (загар), кардай аппак кʏлкʏсʏ жана шамалдагандай сеңселип кайрылган коюу чачтары.

Шайлоо кампаниясы маалында Трамп комик Жимми Феллонго чачын жакшылап ʏрпɵйтʏʏгɵ уруксат берип, анысы кɵрʏʏчʏлɵрдʏн кызуу кубаттоосуна ээ болгон.

Трамптын чач жасалгасы ММКда кɵп талкууга тʏшɵт, ал эми шамалдуу аба ырайында жасалган фотосʏрɵттɵрʏ оңор эмес тамашаларды жаратып жʏргɵнʏ маалым.

“Трамптын кейпи анын эксцентрикалык жʏрʏм-турумуна дал келет. Дресс-кодко ыңгайлаша бербеген агрессивдʏʏ кызыл галстук жана чач жасалгасындагы хаостун жайы ушуну менен тʏшʏндʏрʏлɵт. Трамп системага каршы бараткан бунтардай кɵрʏнɵт”,-дейт Ирина Дмитриева.

БОРИС ЖОНСОН

 Британиянын мурдагы премьер-министри ɵзʏнʏн кызыктай аракеттери менен эле эмес, уйпаланган аппак чачы менен да эсте калган.

-Муну имитациялоого мʏмкʏн эмес, анткени бул чач жасалгасы-табияттын кокустук жана атаандашкан кʏчтɵрʏнʏн натыйжасы,-деп сʏрɵттɵгɵн Жонсон ɵзʏ  аны анча уга бербеген сейрек чачтары жагдайында.

Британ журналисттери экс-премьердин чач жасалга феноменин бир канча ирет талкуулашкан. Айрымдар мындай шалаакылыкты табигый деп эсептешсе, башкалары Жонсон ɵзʏнʏн башкарылбаган чачын визиттик карточкага айландырып алганын айтышкан. Муну журналисттердин алдына чыгардан мурда Жонсон чачын атайылап уйпалап алаарына кʏбɵ болгон анын тегерегиндегилер да ырасташкан.

-Менин оюм боюнча бул Англия тарыхындагы илгерки салттын атайылап жасалган саясий кɵрʏнʏштɵрʏнʏн бири. Жонсондун эркектер модасынын салттык стандарттарына шайкеш келʏʏнʏ каалабагандыгы саясатчыны антидендиге айлантып салган,-дейт Киль университетинин соңку жаңы тарых боюнча профессору Доминик Жейнс.

КИМ ЧЕН ЫН

КЭДР лидери кɵп убакыттан бери эле ɵзʏнʏн “фирменный” чач жасалгасынан тайбай келет: бир чекесинен экинчи чекесине дейре тептегиз кырылган жана артка таралган чач. Кээде ар  тʏрдʏʏлʏк ʏчʏнбʏ Ким жарма ачтырып да коет. Кыязы, ал ушунусу аркылуу атасы Ким Чен Ирдин рухуна сый кɵрсɵтсɵ керек (ал да жарма ачтырып жʏрчʏ).

-Саясатчынын бети тегерек болгонуна карабастан, чачтын артка таралышы тик бурчтуу линияга ээ,-дейт Ирина Дмитриева. -Акыбетинде чач жасалгасы бет тʏзʏлʏштʏ жана бардык кейипти андан тегерек форма символдоштурган ашыкча жумшактыкты алып салуу аркылуу ɵзгɵртʏп турат.

РЕЙН ЭПЛЕР

Эстон саясатчысы, мурдагы Экология министри Рейн Эплер да таң калычтуу чач жасалгасынын ээси катары белгилʏʏ. Анын чач жасалгасын дʏйнɵлʏк ММКлар бʏткʏл тарыхтагы эң начар чач жасалгасы деп баалап жиберишкени бар. Сыягы, саясатчы чачынын формасын да, узундугун да акырына дейре аныктай алган эмес. Кырдаалды анын узун муруту да татаалдантып жиберген.

-Эплердин чач жасалгасы чачтарачтын айыбы дегенден алысмын.Анын чач жасалгасы ириде ойлонулган акция. Электораттын эсинде калуу ʏчʏн саясатчылар эмнелерге гана барышпайт. Азыр дресс-коддун кандайдыр бир алсызданганын байкоого болот: эгерде бийликтин жогорку эшелондорунда костюм, кɵйнɵк, галстуктарга карата катуу талаптар сакталган болсо, байпактарды жана чач жасалгаларын тандоодо кандайдыр бир даражада эркиндике жол берилет. Эплер ошентип адамдардагы эмоцияны чакырууну кɵздɵгɵн,-деп эсептейт Ирина Дмитриева.

ГЕРД ВИЛДЕРС

Голландиялык эң оңчул саясатчы 2017-жылы премьер-министрлик креслосун ээлеген. Ал ɵзʏн “голландиялык Трамп” катары кɵрсɵтʏʏгɵ далбас уруп, анысы анын колун жеңилдетип, жолун ачат деп ʏмʏттɵнгɵн. Бирок, шайлоодо жеңилип калган.Анткен менен ɵзʏнʏн укмуш чач жасалгасынын шарапаты менен гезиттердин биринчи бетинен тʏшпɵгɵн. Кɵптɵр аны кɵгʏш линза тагынып жана чачын, ɵзʏн ак расага таандык экендигин баса белгилɵɵ ʏчʏн табигый эмес тʏскɵ боеп жʏргɵндʏгʏ ʏчʏн сындашкан. Анан калса, таң калычтуу жаткырылган чачы талапкердин башын чоң кылып кɵрсɵткɵн.

ВАЛЕНТИНА ПЕТРЕНКО

2018-жылы мода журналынын автору Алекс Брюс-Смит Твиттерге сʏрɵтʏн жарыялагандан кийин экс-сенатор дʏйнɵлʏк интернет-жылдыз болуп чыга келген. Колдонуучулар тамшанып жатып калышкан: так чокусуна кууштана жаткырылып бʏткɵн тармал чачтар бʏтʏндɵй бир конструкцияны тʏзʏп турган. Валентина Петренко ɵзʏ чачы туурасында айтканды анча жактыра бербейт жана бир ирет журналисттерге мынтип арызданганы бар: ”Бул суроолорго жооп берʏʏдɵн мен чарчадым. Болгону мененин чачым тармалданып турат”. Ушуну менен бирге ал мындай чач жасалгасын жɵндɵп туруу абдан эле жеңил жана жɵнɵкɵй экенин белгилеген:чачты ɵйдɵгɵ кɵтɵрʏʏ жана шпилкалоонун ɵзʏ жетиштʏʏ болот.

Абдираим Мамытов