27 апреля, 2024

ПАЛЕСТИНА-ИЗРАИЛЬ ЖАҢЖАЛЫ

ЭЗЕЛКИ КЕК

Израилдиктер менен палестиндин ортосундагы биздин замандын эң узак жана акыр-аягы кɵрʏнбɵгɵн кагылышуусунун тамыры Навухдоносордун, Александр Македонскийдин, падыша Ироддун, император Титтин жана Султан Салайдиндин дооруна барып такалаарын айтып жʏрʏшкɵн тарыхчылар бар. Бирок, еврейлер менен арабдар эмнени бɵлʏшɵ албай жатканын жана эмне ʏчʏн Израилге тынч жашоо буюрбаганын дурустап тʏшʏнʏʏ ʏчʏн ɵткɵн кылымдын тарыхына кыскача кɵз чаптыруу жетиштʏʏ болот деген пикирлер да жок эмес. Бʏгʏнкʏ эл аралык юриспруденциянын алкагынан алып карганда, бул деле туура. Бирок, маселенин моралдык жактарын да унутта калтырууга болбойт. Адамзаттын жʏрʏм-турумун жɵндɵɵ ɵңʏтʏнɵн караганда моралдык принциптер укукка слыштырмалуу узагыраак жашаганын жана ушул кезге чейин айрым талылуу маселелерде алар укуктан да жогорураак туруп, олуттуураак роль ойноп калаарын эстен чыгарбоо керек.

Жер ортолук деңизинин чыгыш жээгиндеги чɵлдʏʏ аймактын бир аз бɵлʏгʏн жɵɵттɵр, христиандар жана мусулмандар жɵн гана ɵздɵрʏнʏн ʏйʏ деп эмес, ыйык жер деп эсептешет. Жерлердин эң ыйыгы эсептелген Иерусалим дал ушул чɵлкɵмдɵ жайгашып, ал башынан бери эле талаштан башы чыкпай келе жатканы менен да белгилʏʏ. Жаакташып-кектешʏʏнʏн бир тамыры ушул жагдайга да барып такалат.

Жɵɵттɵрдʏн салтына ылайык, Кудай дал ушул жерден Ааламды жасап баштаган. Бул жерде жɵɵттɵрдʏн ибадатканасы да болгон. Бирок, анын алгачкысын вавилондуктар, экинчисин римдиктер талкалашкан. Азыркы жɵɵттɵрдʏн эң ыйык жери деп саналган Батыш дубалы гана чабуулдардан жана кыйратуулардан аман калган.

Христиан салтына ылайык, Иерусалимде Иса пайгамбар айкаш жыгачка кадалган жана ошол жерден асманга кɵтɵрʏлгɵн. Ал жерде христиандардын негизги храмы деп саналган Ыйык мʏрзɵ чиркɵɵсʏ жайгашкан.

Мусулмандардын ишеними боюча, Мухаммед пайгамбар Аллахка жолугуу ʏчʏн ушул жерден асманга кɵтɵрʏлгɵн.Ошол окуянын орду Иерусалимдин борборунда жайгашкан Храм тоосундагы Аль-Аска мечити.Ал азыр мусулмандар ʏчʏн Мекке жана Мединадан кийинки эң маанилʏʏ жер катары саналат.Кайсыл бир жылдары Аль-Аска мечити Кыбыланын ролун ойногондугу да маалым.

ДYЙНƟЛYК БИРИНЧИ СОГУШКА ЧЕЙИНКИ АБАЛ

Израиль –Палестина жаңжалы адамзат тарыхындагы эң узак жана бʏтпɵɵчʏдɵй тирешʏʏ болуп калганы кɵрʏнʏп турат. Ал эми миф жана диний аспектилер Батыштын жана араб дʏйнɵсʏнʏн изралдиктерди жана палестиндерди колдоп жаткан себебин жарым-жартылай тʏшʏндʏрсɵ да, ал тʏшʏнʏктɵр бул татаал жана кандуу тарыхтын бир гана бɵлʏгʏ десе болот.

Он тогузунчу кылымдын аягында Осмон империясынын кулашына жакын Палестина бир нече  кылымдар бою негизинен арабдар жашаган аймак болгон. Белгилей кетʏʏ керек, мында кɵпчʏлʏгʏ ислам динин, кээ бирлери христианчылыкты карманышкан. Жɵɵттɵр иудаизм динин тутунушкан жана азчылыкты тʏзʏшкɵн.

20-кылымдын башында чет ɵлкɵлɵрдɵгʏ жɵɵттɵр жерлерди сатып алып, Палестинага кɵчɵ башташкан. Батыш Европадагы жана Россия империясындагы антисемитизм, жɵɵттɵргɵ каршы талоондор, согуштар жана революциялар, жакырчылык жана албетте, жɵɵт мамлекетин тʏзʏʏ кыялы “Эңсеген жерге” кайтып келʏʏгɵ тʏрткʏ берген.

Ал убакта Палестинада жарым миллиондон ашык мусулман жашап, христиандар жана жɵɵттɵр азчылыкты тʏзʏшкɵн. Экɵɵсʏн кошкондо саны 100 миңден араң ашкан. Жɵɵт иммиграциясынын бир нече толкуну арабдар менен  кылымдар бою мамиледе болгон Палестинанын жергиликтʏʏ жɵɵт калкын ɵзʏнɵ сиңирип алган.

Жаңы келген жɵɵттɵрдʏн колониячылар аборигендерге жасаган мамилесиндей мамиле кылганы арабдарга жаккан жок. Алар европалашкан келгин жɵɵттɵрдʏн, алардын ою боюнча бузулган мʏнɵзʏнɵн жийиркенишчʏ. Баарынан да жɵɵттɵрдʏн интеграцияланбастан жаңы жашоо мʏнɵзʏн, жаңы конуштарды жана жаңы реалдуулукту обочолонтуп тʏзʏʏгɵ болгон аракети жаккан эмес.

Осмон империясы биринчи дʏйнɵлʏк согушта Германия жана Австро-Венгрия тарабында согушуп, жеңилип калганы маалым. Жакынкы Чыгышты жеңʏʏчʏлɵр –Франция менен Англияга бɵлʏп алган. Палестина Англиянын карамагына ɵткɵрʏлгɵн.

1947-ЖЫЛКЫ БУУ РЕЗОЛЮЦИЯСЫНЫН БАШКЫ ЖОБОСУ

 Марк Твендин “Американы ачып, туура кылышкан, бирок ачпай эле коюшса, эң сонун болмок”деп айтканы бар. Аны кайсы бир маанисинде Израилге  карата колдонсо да болор эле…

1947-жылга карата БУУнун атайын комиссиясы Палестинадагы1,2 миллион арабдардын арасында 600 миңге жакын жɵɵттɵрдʏн бар экенин эсептеп чыккан. Андан 30 жыл мурда арабдар жɵɵт калкынан 10 эсе кɵп болсо, эми арабдар жɵɵттɵрдɵн эки гана эсе кɵп болуп чыкты.

1947-жылы  ноябрда БУУнун Башкы Ассамблеясы Палестинаны эки кɵз карандысыз ɵлкɵгɵ – еврей жана араб мамлекеттерине бɵлгɵн резолюция кабыл алган. 1948-жылы еврейлер Палестинада кɵз карандысыз Израиль мамлекетин тʏзʏʏгɵ жетишишкен. Израилде “Кɵз карндысыздык ʏчʏн согуш” ал эми араб дʏйнɵсʏндɵ “катастрофа” деген ат менен белгилʏʏ болгон ошол жылдардагы согуштун натыйжасында жаш жɵɵт мамлекети БУУ тарабынан араб ɵлкɵсʏ ʏчʏн бɵлʏнгɵн аймактын дээрлик жарымына жакынын ээлеп алууга жетишкен.

Азыр Газада 2 миллионго жакын палестиналык, Батыш жээкте ʏч миллионго жакын палестиналыктар жашайт.  БУУнун маалыматы боюнча алты миллиондон ашык палестиналык качкындар чет жактарда, негизинен аймактын коңшу ɵлкɵлɵрʏндɵ отурукташкан. Израилдин калкы он миллион адамга жакындап баратат, анын эки миллионун арабдар тʏзɵт.

Израиль окуппацияланган аймактарга калкты жайгаштырууну токтопой келет. Иордан дарыясынын батыш жээгинде жарым миллиондон ашык, Чыгыш Иерусалимде 200 миңден ашык еврейлер отурукташкан. Эске сала кетсек, эл аралык коомчулук жɵɵт конуштарын мыйзамсыз деп эсептейт. Бардык жɵнгɵ салуулар тʏбʏ барып Иерусалимдин статусун аныктоого жана албетте, Араб Палестинасын тʏзʏʏ маселесине такалаары тʏшʏнʏктʏʏ болуп турат.

“Израилдиктердин эсебинде Иерусалим Израилдин борбор шаары деп саналууга тийиш болсо, палестиндер эң эле аз дегенде Чыгыш Иерусалим алар тʏзʏʏгɵ тийиш болуп жаткан Араб Палестинасынын борбор шаары катары таанылышы керек. Ар бир тарап ɵз чындыгын далилдɵɵгɵ аракеттенишʏʏдɵ,-дейт чыгыш таануучу- саясатчы Елена Супонина. -Бул позицияларды жараштырууга, менин оюмча азырынча мʏмкʏн эмес”.

Бʏгʏн Палестина автономиясы эки бɵлʏктɵн: Газа секторунан жана Иордан дарыясынын Батыш жээгинен турат. Бирок, алар ич ара байланышпайт.

Араб жана еврей конуштарын бɵлʏʏ ɵтɵ оор кыйынчылыктарды жаратат. Израилдин мурунку премьери Ариэл Шарондун тушунда еврей конуштарынын бир бɵлʏгʏ Газа секторунан жылдырылып, башка жерлерге жайгаштырылган. Бирок, бул оңор эмес протестти жаратканы белгилʏʏ.

Азыр Израилдин араб ɵлкɵлɵрʏ ичинен Иордания жана Египет менен кол коюлган тынчтык келишимдери бар. Ал эми акыркы жылдарда Израиль Бириккен Араб Эмираттары жана Бахрейн менен Ибраимдик макулдашуу дегенди тʏзʏʏгɵ жетишкени чоң ийгилик болду. Бирок, ал макулдашуу катардагы карапайым калктын арасында кеңири колдоо таппай жаткандыгы ɵкʏнʏчтʏʏ. Ал турсун Израиль менен Египеттин ортосундагы чек арада тынымсыз кандуу инциденттер болуп турат. Сауд Аравиясына келсек, макулдашуулардан кийин америкалыктар ортомчу катарында еврейлер менен арабдарды жараштыруу аракетине ɵтʏшкɵн. Бирок, иш абдан илең-салаң жʏрʏʏдɵ. Ал эми акыркы апталардагы окуялардан кийин бул жааттагы ар кандай эле кеп-сɵз Эр-Рияд тарабынан негативдʏʏ кабылданарын, анткени коомдук пикирлер азыр израилдиктер менен ар кандай эле сʏйлɵшʏʏлɵргɵ кескин каршы туруу жагына ооп кеткенин талдоочулар белгилешʏʏдɵ. Ираилдиктер Палестинанын талылуу маселесинен аттап,башка арабдар менен келишʏʏгɵ аракет жасады. Бирок, анын майнабы  чыккан жок. Азыр эми эң оболу Палестинанын маселесин чечʏʏ  зарылдыгы тʏшʏнʏктʏʏ болуп калды. Антпесе, араба ордунан жылбай тура берет.

Абдираим Мамытов