27 июля, 2024

Ɵзгɵчɵ майрамдар

Хэллоуин майрамы

Хэллоу деген англис тилинен которгондо  “ыйык” дегенди билдирет. “Ол хэллоус дэй” (Бардык ыйыктардын кʏнʏ). Бул майрам ɵлгɵндɵрдʏн урматына белгиленет. Анын алдындагы кеч “Ол хэллоу ивин” (бардык ыйыктардын кечи) деп аталчу, кийин “Хэллоуин” деп аталып калган.

Кандай майрам?

Бул майрам жыл сайын 31-октябрда белгиленет. Кошмо штаттарда жана Канадада кеңири тараган. Хэллоуинге байланыштуу каада- салттар дʏйнɵнʏн чар тарабына чейин жеткен. Адамдар рухтарга ишенгендиктен эмес, кɵңʏл ачканга же балдардын чыгармачылыгын арттырганга ɵбɵлгɵ тʏзгɵн майрам катары кɵргɵндʏктɵн белгилешет. Хэллоуин америкалыктардын майрамы делсе да, белгилегендердин саны жыл ɵткɵн сайын кɵбɵйʏʏдɵ. Бул сыяктуу майрамдар ыйык китепке каршы келет. Анткени “Элдин арасында тɵлгɵ ачкандар, сыйкырчылык, белгилерди карап кɵзʏ ачыктык кылгандар, бирɵɵлɵрдʏ дубалагандар, ɵлгɵндɵрдʏ чакыргандарга кайрылгандар, келечекти алдын ала айткандар, ɵлгɵндɵр менен сʏйлɵшкɵндɵр болбосун” -делет.

Тарыхы

Кельттер Самайн майрамын октябрдын аяк ченинде белгилешчʏ. Алар ошол кʏнʏ арбактар, рухтар, жин-перилер жер ʏстʏндɵ демейдегиден кɵп жʏрɵт деп ишенишчʏ. Римдиктер кельттерди басып алгандан кийин алардын Самайн майрамына кылынган, жиндер менен байланышууга жаткан каада-салттарын ɵздɵштʏрʏп алышкан. Рим папасы Бонифаций азапкечтердин урматына бардык ыйыктардын кʏнʏ деп майрамды негиздеген. Жыл сайын белгилɵɵгɵ буйрук берген. Хэллоуин Кошмо штаттарда кеңири тараган жалпы элдик майрам болуп калган. Азыркы учурда дʏйнɵлʏк соода-сатык тармагында миллиарддаган долларларды тʏшʏргɵн майрамга айланып келет.

Хэллоуинге байланыштуу символдордун келип чыгышы

Момпосуй: Байыркы кельттер каардуу рухтарды таттуу менен жоошутканга аракет кылышчу. Кийинчерээк чиркɵɵ бардык ыйыктардын кечинде майрамдагандарды ɵлгɵндɵр ʏчʏн тиленип берерин айтып, ʏймɵ-ʏй кыдырып тамак сураганга ʏндɵй баштаган. Акыры бул Хэллоуинде жасалчу салтка айланган.

Кийим: Кельттер каардуу рухтар адашып, тийбеши ʏчʏн коркунучтуу бет кап кийип алышчу. Чиркɵɵ, кийин бардык жандар жана бардык ыйыктар деген майрамдарында, ар нерсеге сыйынган элдин жɵрɵлгɵлɵрʏн кошуп салган. Кийин андай майрамдарда ыйыктарга, периштелерге, жиндерге окшоп кийинип, ʏйлɵрдʏ кыдыруу адатка айланган.

Ашкабак: Каардуу рухтар жолобошу ʏчʏн шалгамды оюп, ичине шамды кʏйгʏзʏп салып коюшчу. Шам кʏнɵɵдɵн тазаланчу жайдан чыга албай жаткан жанды билдирет деп эсептелчʏ. Азыр ашкабак кɵбʏрɵɵк колдонулуп калган.

Кыргызстанда да белгилене баштады

Алгачкы жолу коркунучтуу кийимдерди кийип майрамдаган карнавал 1895-жылы Шотландияда катталган. Хэллоуинде шайтандардын, вампирлердин, кубулма кишилердин, жез кемпирдин гана эмес, феянын, ханбийкенин, поп-маданиятынын ɵкʏлдɵрʏнʏн да костюмдарын кийишет. Бул майрам Кыргызстанда 2012-2013 жылдар аралыгында белгилене баштаган. Бала бакчаларда кɵбʏнчɵ майрамдашат. Ар кандай формаларды кийишип карнавал уюштурушат.

Комбоджадагы суу майрамы

Бул табийгый белгиленʏʏчʏ майрам, бирок талапка жооп бербейт. Ошентсе да жергиликтʏʏ тургундары 3 кʏн, 3 тʏн майрамдашат. Адатта бул майрам ноябрь айында белгиленет. Бул кʏн сууга катышы бар бардык нерселер менен коштолот. Кайыктар менен суунун ʏстʏндɵ майрамдашат. Сууга тʏшʏшɵт, ойноп-кʏлʏшɵт, айтор кɵптɵгɵн таймаштар болот. Кайыктардын жарышы болуп, суу ʏстʏндɵ ʏч кʏн бою ат салышат. Акыркы кʏнʏ эки кайык суурулуп чыгып, ɵз логотиптерин байлап алып, кɵйнɵктɵрʏ менен келишет. Кечинде карнавал болот. Салттуу музыкаларга бийлеп кɵңʏл ачышат. Бардык элдер суюктуктарды кɵп ичишип, кɵчɵлɵргɵ чейин жайылат.

Салттуу тʏрдɵ белгилешет

Суу майрамын ар жылы, ар кандай датада бирок бир гана айда белгилешет. Анткени бул расмий майрам болуп катталбаган. 2017-жылдын 3-ноябрында, 2018-жылдын 22-ноябрында, 2019-жылдын 11-ноябрында, 2020-жылдын 31-ноябрында белгиленген. 

Согушка кемелерди даярдоонун бир ыкмасы

Тургундардын айтуусу боюнча, бул майрамды белгилɵɵнʏн себеби, дарыя кудайлары да бактылуу болууга тийиш. Алар бизге сууну, дарыяларды, кɵлдɵрдʏ беришет деп ойлошот. Бирок Бон Ом Тоук согушка кемелерди даярдоонун бир ыкмасы деп белгилеген.

Карама-каршы интернет майрамы

Интернетсиз эл аралык кʏн

Майрамдын башкы максаты-элди толугу менен алаксытуу. Акыркы 10 жыл ичинде бул майрамды белгилегендер бир четинен кɵбɵйсɵ, бир четинен азаюуда. Бул майрамды интернет колдонуучу дʏйнɵлʏк коомчулуктун баары белгилесе болот. 2000-жылы Британ институту ойлоп тапкан. Башынан бери ɵз нугун жоготпой келет. Тескерисинче, жылдан-жылга бул майрамды майрамдаган калк кɵбɵйʏʏдɵ. Белгилʏʏ болгондой майрамдык даталардын арасына расмий тʏрдɵ кире элек. Бирок ошентсе да ɵзгɵчɵ майрам. Жыл сайын январдын акыркы жекшембисинде дʏйнɵлʏк интернет коомчулугу белгилешет. Башкы милдет мээни эс алдыруу. Бул майрамды белгилеген коомчулук “Чыныгы дʏйнɵ ʏчʏн гана кʏн” деп эсептешет. Адамдар бири-бири менен тʏздɵн-тʏз байланышып, таанышышат. Айрымдары сʏйʏктʏʏлɵрʏнɵ сʏйʏʏсʏн арнашат.

Активдʏʏ интернет майрамы

Дал ушул эле интернетсиз кʏндʏ интернет сʏйʏʏчʏлɵр, азыркы жаштар карама-каршы майрамдашат. Себеби техниканын ɵнʏккɵн заманына ыраазычылыгын билдиришет. Дʏйнɵ ɵзгɵрдʏ, кɵрʏнʏп тʏргандай интернет колдонуучулар дагы кʏндɵн-кʏнгɵ ɵсʏп, интернет жашоого орноду. Бардык тармак интернет менен жʏргʏзʏлʏп калды. Тамак-аш, кийим-кече, бизнес, баарлашуу, билим берʏʏ, эс алуу. Акыркы жылдар аралыгында интернет тармагы дагы да кеңейип жатат. Кʏн сайын миллиондогон адамдар кʏнʏн интернет менен башташат. Жаңылыктарды кɵрʏшɵт, соц тармактарга киришет, айтор баары…. Интернет жашообузду жеңилдетип, ага кɵз-каранды болуубузга аргасыз кылат. Бул фактыны эч ким талаша албайт. Анткени бʏгʏнкʏ кʏндɵ интернет эң маанилʏʏ булак болуп калды. Адамдар ʏчʏн маалымат же жумуш. Бирок бардык нерсени интернет менен билʏʏ маанисиз, анткени интернет бʏтʏн жашоо дегени эмес. Мʏмкʏн болгон нерсени интернет менен туура пайдалануу. Зыян кесепеттери менен убакытты текке кетирʏʏ эмес.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵгʏ максат- заманбап колдонуучу

Бʏткʏл дʏйнɵлʏк желе менен тааныштыгы бар, керектʏʏнʏ кабыл алуучу жɵндɵмʏ кенен жана ɵзʏнɵ-ɵзʏ талап койо билген, керектʏʏ учурда интернеттен баш тарта алган адам. Активдʏʏ интернет майрамынын башкы максаты да ушул болушу керек! Интернет колдонуучʏнун активдʏʏлʏгʏ жана аны пайдалана билиши.

Сʏйʏнали кызы Таңсулуу