14 июня, 2024

Ыр дүйнө: “Сезбесмин көкүрөктө кайгы барын, Сен болсоң уктатарым, ойготорум”

Угарман “Сирендерим” аттуу ырды  уккан сайын Элмирбегин эстеп,  жүрөгү зырп этери анык. Бул санда дал ошол ыр тууралуу аздыр-көптүр маалымат жыйноого аракет кылдык. Окурманга, угарманга түшүнүктүү болсун үчүн төмөндө “Сирендерим” жана “Каркыралардын” тексттерин калтырдык.

Элмирбек Иманалиевдин шакирти, төкмө акын Мундузбек Усупбек уулу:

 “Сирендерим” менен “Каркыралар” эки бөлөк ыр”

Арыбаңыз! Э. Иманалиевдин «Сирендерим» деген ырын 2 жыл мурда сиз ырдаган экенсиз.

-Бар болуңуз!  Ооба.

Ыр жөнүндө,  обон жөнүндө кандай маалыматтарыңыз  бар? Бөлүшө аласызбы?

-Ырдын сөзү  Элмирбек Иманалиевдики, обон казактардыкы. Бул ырды Элмирбек Иманалиев өзү ырдаган эмес. Мен эле ырдап койгонмун. Азыр бул ырды 3-4 ырчы ырдап жүрөт.

Ыр аябай кайгылуу. Кайра-кайра угууга жүрөк чыдабады.  Же мен оор кабыл алдымбы. Ыр кай жылы жазылган? Тарыхы тууралуу билсеңиз айтыңызчы. Кимге арналган дегендей.

-2012-2013-жылдары чыккан ыр. “Сирендерим” бөлөк, “Каркыралар” бөлөк. Экөө эки бөлөк,эки башка ыр. Мен экөөнү бириктирип, казактардын элдик эски обонуна салып  ырдап койгонмун.

Биздеги ырчылар ошол бириктирилген бойдон ырдап калыштыбы?

-Ооба, ошол бойдон ырдап калышты.

Шакирти катары кайсы бир деңгээлде ырдын жоопкерчилиги сизге да жүктөлдүбү? Кандай ойлойсуз. Мага окшоп билбегендер сизден сурай беришет го.

-Эми ал киши эл ырдап жүрсүн деп жазган да. Мен билем, жоопкерчилик менде деш туура эмес.

-Туура, бирок көп суроолордун жообун сизден издешет да. Автор өзү болбосо.

-Сурап-тактап алган жакшы да. Бул ырды ырдап жүргөн эстрада ырчылары тексттерин бузуп, туура эмес ырдап жүрүшөт. Ушинтип сурап, тактап алып, туура ырдаса жакшы болмок. Сураса жооп берип турмакмын.

Сиз бул ырды кай убакта ырдайсыз? Буулуккандабы? Устатты жоктогондобу? «Өзүңдү таппай көптүн арасынан» деген сап эле канчалык…

-Бук болуп турганда,  ойго батып турганда ырдап калам. Анан бул ырды  эл көп суранат. Суроолор боюнча ушул ырды көп ырдайм.

-Устатыңыз жөнүндө айтып бериңизчи.

-Мисалы эмнени?

-Азыр ал кишини кантип эстейсиз? Кантип жоктойсуз? Ансыз өткөн  жылдар сизге эмне берди?

-Баары бир ал киши бардай болбойт да. Не кылсаң деле ал кишинин орду бош калганы жүрөктү оорутат. Бирок айла жок.

-Бирөөгө таянган бөлөк го. Таяныч жок кезде сиз кандай жоопкерчилик сездиңиз?

-Ал киши мойнубузга арткан жүк оорлой түшөт да.

-Кыска-нуска жоопторуңузга рахмат. Мыкты айтыштарды күтөбүз. Ийгилик каалайм!

-Рахмат. Ишиңе ийгилик!

Ырчы, аткаруучу Жаныбек Оңолбаев:

“Ырды биринчи укканда эле аябай жактырдым”

-Бул ырды өзүм аткарганга чейин укпапмын. Бир тойдо аккордеон менен ырдап жатсам, бирөө:  “Каркыралар” деген ырды аткарып бер” деп суранып калды. Билсем ырдап берейин десем, телефонун алып келип көрсөттү. Билбейт экенмин десем, “бул деген Элмирбек Иманалиевдин ыры да” деди. Элмирбек Иманалиев дегенде эле “Аа, Элмирбек агабыздыкы болсо, жакшы ыр болот” деп ойлодум. Тойдон кийин ырды башынан угуп, аябай жактырдым. Мен өзүм дагы ушундай ырларга жакынмын. Мага көбүнчө лирикалуу, мазмундуу, өтүмдүү ырлар жагат. Байкасаңыздар мен өзүмүн ырларымда деле жеңил ырларга басым жасабайм. Балким, арасында бар чыгар. Бирок, андай ырларды жактырбайм. Анан Элмирбек Иманалиевдин өзүнүн аткарганы бар бекен деп түп нускасын  издеп, таппадым. Интернетте ар кайсыл текст ар кандай жазылган экен. Акындын шакирттери менен байланышып, сураштырдым. Карасам эч ким жаңылап ырдай элек экен. Аккордеондо, комузда ырдашыптыр. Тез аранын ичинде ырды жаздырып, клипти да бүтүп калды. Клипте акындын видеолорун филармониядан, “Айтыш” фонддон сураштырып, Элмирбек Иманалиевди чагылдырып тарттык.

Каркыралар

Өзүңдү таппай көптүн арасынан,
Жүргөндө айыга албай жаратымдан,
Куюлуп арман болуп агып жаттым,
Куштардын куса серпкен канатынан.

Алдастайм ары-бери, ары-бери,
Жалгызмын, жан көргөн жок аны деги.
Тиктетет кайра-кайра тигил көктө,
Тизилген каркыранын сабы мени.

Үмүттүн өзү өчсө да зарпы калар,
Билгендей махабаттын дартын алар.
Атыңдын баш тамгасын көккө жазып,
Алыска учуп кеткен каркыралар.

Көп жаштар көчө менен агат улам,
Көрө албай жалгыз сени арасынан.
Атыңдын баш тамгасын тапчу болдум,
Талпынган куштун гана канатынан.

Күн батат… Таңдар атат… Агат суулар…
Күйүтүн өчүрө албайт жарааттуулар.
“Муңумдун” баш тамгасын эске салып,
Муңайта бербегиле, канаттуулар.

Сирендерим

Жаз келди жайып жашыл килемдерин,
Белгендей келбес жайга жибергемин.
Сирендер гүл ачканда сени эстейм,
Сиреним, сирендерим  — силер менин.

Бул адат кайдан мага калган билбейм,
Адашкан арманымды жаздан издейм.
Жаңы ачкан бүчүр бойдон калсак кана…
Жашынып кеткичекти жалган бизден.

Жаз бойдон каларлыгым күмөн менин,
Жаштыгым сага учуруп жибергемин.
Бирок сен жүрөгүмдүн жазы болуп,
Түбөлүк калышыңды билер дедим.

Сени эстеп жашай берем ойдо сонун,
Мен үчүн андан артык болбос орун.
Сезбесмин көкүрөктө кайгы барын,
Сен болсоң уктатарым, ойготорум.

Көз күйөт көрүп жаздын сирендерин,
Жаштыктын жашап коюп ширин жерин.
Муңайдым, муңайбаска аргам барбы?
Муңарым, муң-арманым силер менин.

Бүкалча Маматали кызы