27 июля, 2024

Элиза Кочкор кызы: “Журналистика – менин тагдырым”

Шаардагы маданий иш-чараларды алпарып, радиодо да иштеп, ораторлук боюнча окутуп да жүргөн Элиза Кочкор кызы бүгүнкү каарманыбыз. Базар-Коргондон келип Ошто окуп, иштеп калган ди-джей кызды 7-ноябрь маалымат жана басма сөз күнүн утурлай кепке тарттык.

“Өзүмдү теленин ар тармагынан сынап көрдүм“

-Журналистика тармагына келгениме 10 жылдан ашты. Ал эми сахнада жүргөнүмө 15 жыл болду. Сахнаны университеттен иш чараларды алып баруу менен баштаганмын. 2013-жылы ЭлФМ радиосунун жаңылыктар бөлүмүнө кабарчы болуп келгенмин. Андан кийин ди-джей болуп эмгектендим. Радио алып баруучу катары автордук жеке программаларды алып бара баштадым. Учурда редактормун. Бул жылдар аралыгында көп тажрыйба топтогонго жетиштик.

Журналистика тармагына келип калуумдун негизги себеби, адамдын ички дээринде, өзөгүндө эмне болсо ошого жараша талпынып, жүрөккө жаккан иш менен алпурушуп кете берет. Бир тууган эжем Гулиза журналист. Ал дагы алгачкы эмгек жолун ЭлТР каналында баштаган. Эжеме жардам берип, каарман табышып, чогуу программалар жөнүндө сүйлөшүп жүрүп, жанында көрөрманы катары үлгү алып, андагы сапат мага өтүп кетти. Өзүмдү ушул тармак менен сынап калдым. Журналистикага келип калуум бул менин тагдырым. Өзүм юридикалык факультетте билим алганмын. Экинчи кесибим кыргыз тили багытында болуп жатат. Айтайын дегеним журналистика бул жашоо образы. Бир гана кесип эмес. Кайсыл бир тармакты бүтүп келип, иштей бере турган нерсе эмес. Журналистика күн сайын үйрөнө турган тармак. Ошол үчүн  кесибимди жан дүйнөм менен сүйөм.

“Сунуштар көп болду, бирок кетпедим”

-Бир багыттуу кеткен жакшы деп ойлойм. Бирок мен бардыгын тең алып кеткенге тырышам. Жан дүйнөмө жакканы жаңылыктар же күнүңкү маселелер эмес, агартуучулук, адабият айдыңы, маданият чордону. Себеби ушул тармактан өзүмдү көбүрөөк көрөм.  Бул жылдар аралыгында көп сунуштар болду, бирок эмнегедир радиодон кете албай койдум.

“Өзүмдү тренерлик жааттан да сынап келе жатам”

— Экинчи адистигим боюнча тренерлик жаатта  өзүмдү сынап келе жатам. Эл алдына чыгып, эркин сүйлөөдөн тартынып, өзүндөгү коркууну жеңе албай, так жана туура сүйлөй албай, конкреттүү пикиримди айтып, үнүм менен жеткиргим келет деген кайрылуулар көп болгондуктан курсту негиздедик.. Негизги максат – мамлекеттик тилге салым кошуу. Кыргыз тилинде таза, туура, так сүйлөөгө бардык жарандарды үгүттөө. Сүйлөө чеберчиликти арттыруу, бул ар бир инсанга керек. Ал эле эмес, эне менен баланын, мугалим менен окуучунун ортосундагы мамилеге да керек. Демилге менден болгону менен, кесиптештерим чоң колдоо көрсөттү. Азамат Баитов, филолог Канбү Коңурбаева, актерлук чеберчиликти үйрөткөн Кутман Шаршентегин, ушул адамдардын иш алып баруудагы колдоосу абдан чоң. Идея бир адамдан чыкканы менен жүктүн оорун көтөрүп кетүү бул жалпы команданын иши. Ата-энем экөө тең мугалим болгондуктан, “мугалим эле бол, кыз балага ушул кесип жакшы” дешкен. Мен курсту негиздегенден кийин өзүмдүн методикаларым, мугалимдик каалоом ичимде бар нерсе экен. Курсубузду бүтүргөн окуучуларыбыздын бардыгы Оштогу телеканалдардан өз ордун тапты. Өзүбүз менен тең тайлашып, радиодо иштегендер дагы бар. Азыркы жаштарга булактын көзүн ачкандай эле, кичине мотивация берип шыктандырып койсоң, андан ары шыр алып кете беришет.

“Позитивдүү маанай тартуулагандыгым үчүн сүйүнөм”

-Мен ийгиликтин бир гана формуласын билем. Ал – эмгек. Тынымсыз эмгектенүү болбосо, сен ийгиликке жете албайсың. Эмгек гана адамды курчутат, эмгек гана ийгиликке жеткирет. Көп нерсени курмандыкка чалган учурлар болот. Бирок ага карабастан элге кызмат кылуу деген миссияны тандап алат экенсиң. СМС каттар келгенде мээнетим текке кетпептир деп сүйүнүп калам. “Позитивдүү маанай тартууладың” деген сөздөр да болот.

Ар бир сахнага чыкканда толкундоолор болот. Ушул жылдар аралыгында канча адамдар менен иштештим, кудайга шүгүр, баарынан сабак, тажрыйба алып келем. Бардык нерсе идеалдуу болуп кетиши кыйын, элге чыгуу, күлүп сүйлөө, бирок артында өзүм жапа чегип калган кыйынчылыктар көп эле болду. Аларды билдирбейсиң. Үлгү жагыңды көбүрөөк көрсөткөнгө аракеттенесиң.

 “Азыркы Элиза өжөрлүктү, тактыкты үйрөндү”

— Чыгармачылык адамды курчутуп гана койбостон, түрдүү сыноолорун берип отуруп, тегирменге салып, сенин мүнөздөрүңдөн бери өзгөртөт. Курчуй баштайсың, айрым учурда катаал тартипти сактаганга туура келет. Өзүңдүн жемиңди алдырбаганга да үйрөтөт экен. Антпесе бул чөйрөдө кармалып калыш кыйын. Ал үчүн эрк, өжөрлүк тактык, тайманбастык керек. Алгачкы Элиза баёо, чачы узун, сары кыз эле. Ишенчээк, жашык болчу. Азыр деле ишенчээкмин. Адамдардын көңүлүн эч калтыра албайм. Жок дей албайм. Баарына өзүмдөй мамиле жасап, зыян тартып калган учурларым көп болот. Бирок ошол Элиза азыр деле жагат. Негизи жомокторго, кыялдарга аябай ишенем. Негативди жолоткум келбейт.

“Алгачкы айлыгыма дарбыз алгам”

-Мен 1-курста практикага барганда эле иш сунуштап, жумушта калганмын. Бир ай иштеп көрөйүн деп иштегенмин. Алгачкы айлыгым 1800 сом болгон. Ал акча мен үчүн аябай чоң эле. Апам айлыгын алганда дайыма нават менен шириндик, жоолук алып таенеме алып барчу. Ошону көрүп калган мен да ошентип алып барайын деп баратканымда бир тууган эжем чалып, жайдын күнү болчу, дарбыз ала кел деп калды. Ошентип биринчи айлыгыма дарбыз алып барганмын. Бирок мен акчага карабаймын. Эң биринчиден адам өз кесибинин мыктысы болушу керек. Убагында 4000 сомго да иштеп жүргөн учурлар болгон. Жумушуңду сүйүп, ак ниеттүүлүк менен жасай берсең, атак-даңк дагы келет, башкасы дагы келет. Мен ушул принципти ар убак карманам.

 “Кечээки күнүңө бүгүнкү күнүң окшошсо, сен зыяндасың”

-Эгер күндөрүң окшош болуп жатса, эмнегедир өзгөртүшүң керек. Жок дегенде ишке барып келген жолуңду. Бир эле жолдо жүрө берген болбойт. Башка жолдо жүрүп көрсөң жаңы нерселер урунат. Эң биринчи жан дүйнөңөр менен кеңешкиле. Иштеген жумушту сүйүш керек. Сүйгөн жумушуң болсо баары келет. Кечээги күнүң менен бүгүнкү күнүңдү салыштыр. Күндөрүң окшош болбосун. Эч нерсеге эрте умтулбагыла. Тез эле жылдыз болуп кетүү жакшы, бирок тез жеткен нерседен тез түшөсүң. Чыгып алгандан кийин ийгиликти, ооматты кармап туруу үчүн билим, тажрыйба көп болушу керек. Сүйлөгөн сөзүң менен жасаган ишиң дал келсе мыкты адиссиң. Китеп менен дос болушуң керек. Кандай учур болбосун китептин ордун эч нерсе толуктап бере албайт. Китеп адамды байытат.

Сүйүнали кызы Таңсулуу