27 июля, 2024

Ош: Кутурмадан  4 адам каза тапты, анын экөө балдар

Ушул күздө Өзгөн районунда эки жаш бала кутурмадан каза тапты. Бизге жеткен маалымат боюнча бир окуучуну ит тиштеген, бирок чоң ата, чоң энеси ит тиштегенин жашырып, айнек кесип кетти деп дарылатышкан. Өкүнүчтүүсү бала 13-октябрда каза болуп калган.  Кутурма — өтө оор жана өзгөчө коркунучтуу, зооноздук вирустук жугуштуу оору болуп саналат. Оруудан сактануу эрежелери жана өлүм менен коштолгон акыркы окуялардын себеби тууралуу адистер айтып беришет.

Сүйүнали Мамажанов, Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулары стационарынын башчысынын орун басары.

“Кутурмадан сактоонун бир гана жолу – вакцина”

-Сентябрь, октябрь айларында катталган бейтаптар боюнча айтсаңыз, ооруканага убагында кайрылганда өмүрдү сактап калууга мүмкүн беле?

-Буга чейин биздин стационарга кутурма оорусуна шектелип эки бейтап кайрылган. Окуянын чоо жайын аныктай келгенде эки баланы тең ит тиштеген болуп чыкты. Тилекке каршы, балдар эмдөөсүн өз учурунда албай калышкан. Кутурма оорусунан сактоонун бир гана жолу бул алдын алуу, вакцина сайдыруу. Эгерде оору башталып калган болсо дарылоого мүмкүн болбой калат. Жаракат алган жерден нерв аркылуу мээге жеткичекти убакыт аралыгы “жашыруун мезгил” деп айтылат. Жаныбарлар тиштегенден кийин 10 күндөн 90 күнгө чейин, кээ бир учурларда 1 жылга чейин оорунун белгилери байкалбай, вирус адамдын нерв системасында өрчүй бериши мүмкүн. Балдардын бири 40 күндөн кийин, экинчиси 2 айдан кийин стационарга кайрылган. Экөө тең Өзгөн районунун башка-башка айылдарынан болгон жана чоң ата, чоң энесинин колунда тарбияланып келишкен.

-Демек, кандай гана жаныбар тиштебесин дароо келип кутурмага каршы эмдөөнү алып баштоо керек?

-Ит, мышык, келемиш, дегеле жылуу кандуу жаныбарлардын баары кутурма оорусу менен оорушу мүмкүн. Айрыкча ит тиштегенде ошол күндөн тартып эмдөөнүн шарттуу жана шартсыз түрлөрүн ала берүүсү керек. Ал эми тиштеген итти сөзсүз бекем байлап, абалын байкоо зарыл. Ар бир жерде жайгашкан травматологиялык борборлордо радиологиялык кабинет болот. Бейтап ошол жерге кайрылса, аны каттап, 1, 3, 7, 14, 28 жана 90 күн аралыгында абалын байкап, алдын алуу ишерин жүргүзүшөт.

Гидрофобия – кутурма оорусунун эски аты. Белгилерине токтолсок, адамдын жаракат алган жери ооруйт, дене табы көтөрүлөт, түштөрү бузулуп, көзүнө ар нерселер көрүнүп, өз алдынча сүйлөнөт, суудан, шамалдан, жарыктан, ызы-чуудан корко баштайт.

Жогоруда айтып өткөнүмдөй, жашыруун мезгилдин кээ биринде узак, кээ биринде кыска убакытка созулганы жаракат алган жерге да байланыштуу. Мисалы, бетти, башты тиштеген болсо жашыруун мезгил 10 күнгө гана созулушу мүмкүн. Жарандарга айтарым, жаныбарлар тиштегенде кайдыгер болбоңуздар. Убагында келип вакцинаны алган адам гана өмүрүн сактап кала алат. Бул оору өтүшүп кеткенден кийин өмүрдү сактап калууга азырынча илимдин күчү жете элек. Дүйнө жүзү боюнча өмүрдү сактап калуунун бирден бир жолу алдын алуу, эмдөө.

Музаффар Ахмедов, Оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы:

“Балдар арасында 165 учур катталып, эмдөө жүргүзүлгөн”

-Жыл ичинде ооруга шектелип канча адам кайрылган, ооруну кайдан жугузуп алышууда?

-9 ай ичинде кутурма оорусуна каршы эмдөө бөлмөсүнө бардыгы болуп 311 адам иттен жана башка жаныбарлардан жабыркап, кайрылышкан. Кутурма оорусу менен катталгандарды иликтөө учурунда 311 адамдын ичинен 14 жашка чейинки  балдар арасында 165 учур катталып, 53,0 пайызды түздү. Алардын ичинен көбү иттерден жабыркагандар, тагыраагы 212 учур катталып, 68,1 пайызды түзүп жатат (белгилүү иттерден-119 56,1%), белгисиз иттерден 93 (43,8%). Жалпы жабыркагандардын ичинен 146 адамга шарттуу (белгилүү иттерден жабыркагандар), 165 адамга шартсыз эмдөө жүргүзүлгөн.

Кутурма оорусунун алдын алуу боюнча эпидемияга жана эпизоотияга каршы иш-чараларды күчөтүүгө карабастан 2023-жылдын өткөн мезгилинде 4 учур кутурма оорусу катталып, оорулуулардын медицина кызматкерлерине кайрылбагандыгы жана өз убагында эмдөө албагандыгынан улам өлүм менен аяктады. 

1-учур: 2023-жылдын 18-июль күнү саат 16:00дө Ош облусунун Чоң-Алай районунун жалпы дарыгерлер борборунан кутурма оорусуна күмөндөлүнүп (гидрофобия)1963-жылы туулган жаран Чоң-Алай райондук жалпы практикалык борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.  Оорулуунун айтымы боюнча мындан 3 ай мурда Жекенди айылындагы  Уюлма жайлоосунда (апрель айында) белгисиз итти байлоого аракет кылган учурда оң колунун үстүн иттин тиши сыйрып кеткен, бирок, оорулуу медицина кызматкерлерине кайрылган эмес.

2-учур: 2023-жылдын 20-сентябрында саат 15:50дө Ош шаардык ооруканасынын балдар бөлүмүнө 2012-жылы туулган Ош шаарынын тургуну, 6-классынын окуучусу гидрофобияга шектелген. Апасынын жана баланын айтуусунда, баланы июль айынын аягында Өзгөн районунун Калинин айылындагы чоң энесинин үйүнө барган. Балдар менен ойноп жаткан учурда талаада белгисиз ит баланы тиштеген. Чоң энеси өз алдынча жараатты дарылаган, тилекке каршы, ооруканага кайрылган эмес.

3-учур: 2023-жылдын 28-сентябрь күнү саат 08:15 мүнөттө Өзгөн район аралык ОАА жана МСЭК борборунуна Өзгөн ЖДП борборунунан мобилдик телефон аркылуу Зергер айылында жашаган 1985-жылкы жаран кутурма оорусуна күмөндөлүп шашылыш билдирүү берген. Алаканын коңшусунун ити тиштеп, бейтап итти муунтун өлтүрүп салган. Медициналык мекемелерге кайрылган эмес.

4-учур: 2023-жылдын 9-октябрь күнү саат 14:00дө Ош шаардык балдар жугуштуу оорулар ооруканасына шашылыш билдирүү телефон аркылуу кутурма оорусуна күмөндүү деп Мырза-Аке айылынан 2013-жылы туулган, 4-класстын окуучусу келип түшкөн. Эпидемиологиялык иликтөөдө бала 4-август күнү белгисиз итти кармайын дегенде эки колун, билектерин тиштеген. Бирок, бул окуяны үйдөгүлөрүнө ачык айтпай “Таш-Коргон участкасында ойноп жүргөндө жыгылдым” деген. Чоң энеси ДЭУ участкасындагы жаңы оорукананын хирургия бөлүмүнө алып келген. Дарыгерге да бала жыгылып түшкөндүгүн айткан, дарыгер жаратты жууп-тазалап, тигип, биринчи медициналык жардамды көрсөткөндөн кийин үйүнө чыгарган.

Акыркы учурларда кутурма оорусунун көбөйө түшкөнү байкалууда, алдын алуу максатында кандай иштер жүргүзүлүп жатат?

-Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кутурма оорусун алдын алуу боюнча 2022-2026-жылдарга карата түзүлгөн комплекстүү иш-мерчеми тийиштүү мекемелер менен макулдашылып, Ош шаарынын мэриясы тарабынан бекитилип, анын негизинде кутурма оорусун алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ош шаарынын Эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө кырдаал комиссиясы отурумдарды өткөрүп, “Ош шаарынын аймагында кутурма, күйдүргү, эхинококк, альвеоккокоз, бруцеллез жугуштуу ооруларынын эпидемиологиялык жана эпизоотиялык абалы, ага карата жүргүзүлүп жатакан алдын алуу, ооруга каршы күрөшүү иш-чараларын жыйынтыгы тууралуу маселелрди карап келүүдөбүз. Медицина кызматкерлеринин билимин чыңдоо максатында семинар-тренингдер байма-бай  өткөрүлүп жатат. Ал эми Ош шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 18-сентябрындагы буйругуна ылайык 2023-жылдын 20-сентябрынан бир айлыктын алкагында конкреттүү иш-чаралардын планы түзүлүп, буга бардык кызыкдар шаардык кызматтар тартылган. Ош шаарынын калкын жана жаныбарлардын арасында кутурма оорусун алдын алуу жөнүндө 2023-жылдын 6-октябрында Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Ош шаардык ОААжМСЭК борборунун жыйындар залында мэриянын өкүлдөрү, ички иштер башкармалыгы, Ош шаарынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, Ош шаардык клиникалык ооруканасы, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, Ош шаардык  ветеринардык мекемеси, «Ош-Тазалык» мекемеси, Ош шаардык залалсыздандыруу бекети жана массалык маалымат уюмдарын катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү.

Жаныбарлардын ээлерине:

Жаныбарларды кармоо эрежелерин бекем сактоо жана өз убагында эмдетүү керек. Жаныбарлардын жүрүм-туруму адаттан тыш болуп, алгачкы белгилери болор замат аны бөлүп кармап, же ветеринарларга көрсөтүү зарыл. Кайсы бир себептер менен ит же мышыгыңыздан арылгыңыз келсе, аларды жолбунга айлантып көчөгө чыгарып салбай, айыл өкмөттүн ветеринардык адисине кайрылыңыздар. Кутурма оорусунун жайылышына үйсүз, жолбун ит-мышыктар башкы роль ойной турганы эсиңизде болсун.