27 июля, 2024

Бозо – кан айланууну жакшыртып, иммунитетти кɵтɵрɵт

“Бозону 23 жылдан бери жасаймын. Кеч кʏздɵн жаз айынын бʏтʏшʏнɵ чейин. Дарылык касиети аябай чоң. Бɵйрɵк тазалайт, канды суюлтуп, адамды топуктуу алып жʏрɵт. Мезгил тандабайт, кайсы учур болбосун жасап ичсе болот”,- дейт Жамалкан Билибаева.

Кантип жасалат?

-Бозо кʏрʏчтʏн кʏрмɵгʏнɵн, таруудан жана жʏгɵрʏдɵн жасалат.  Атайы ачыткыга ачытылып, толук даярдалуусуна 1-2 кʏн убакыт кетет. Негизинен айтканда бозону жасоо оңой эле. Эринбей жасай турган болсо, ɵзʏнʏн ден соолугуна эле пайда. Бозону жасоо ʏчʏн алгач ачыткысын даярдоо керек. Бозонун ачыткысы угут деп аталат. Даярдоо ʏчʏн буудайды ɵндʏрʏʏ керек, а ɵндʏрʏʏ ʏчʏн капка салып, жылуу суу куюп жылуу жерге же мештин тʏбʏнɵ коёбуз. 2-3 кʏн убакыт ичинде ɵнʏп даяр болот. Майдаланып тартылып, андан соң кургатылат. Себеби жабышып ыңгайсыздык жаратпоосу керек. Ачыткы майда болуп, бири-биринен ажырап туруусу абзел. Мен жʏгɵрʏнʏн унунан жасаганым ʏчʏн ширин болот, негизи ар кыл бозонун, ар кандай даамы бар.

Унду мыкчып 1 кʏн ачытып кайнатканга даярдап алам. Экинчи кʏнʏ кайнатып бир сутка коюп коём. Негизи бул учурда койбой деле койсо болот. Жасоочунун ɵз каалоосу. Андан сон кɵрɵңгɵ керек болот. Атайы сатып келем. Аны кошуп кайнатылган унду эзип чыгабыз. Эзгенде да кылдаттык менен майдалайбыз. Анткени бул бозобуздун жакшы ачышына эң чоң ɵбɵлгɵ. Майдалап, эзип чыккан идишибиздин ʏстʏн жаап дагы 1 сутка коёбуз. Ɵтɵ жылуу эмес, ɵтɵ муздак эмес орточо температурада туруусу абзел. Бул учурда бозонун ачышы абдан маанилʏʏ. Эгер бозоңуз 1 кʏндɵн кийин кыжылдап, ʏстʏндɵ кичинекей кɵбʏкчɵлɵр болбосо, анда ачый элек дегендин белгиси. Бозо ачыганда мурунку абалынан дагы да суюлуп, иче турган нормага тʏшɵт. Бул учурга келгенде бозону сʏзʏʏ керек. Тор марляга, же атай заманбап бозо сʏзгʏчтɵргɵ сʏзсɵк болот. Бозону сʏзгɵнʏбʏздɵ суюгу ичилет да, чыпкаланып калган бɵлʏгʏ “бозонун тобу” деп аталат. Жɵн калтырбастан мал жандыктарга беребиз. Эч зыяны жок. 

Мас кылат

-Бозо  мас кылуучу касиетке ээ. Молдолор   “макʏрʏ” деп айтышкан. Ичимдиктерди даярдоо ʏчʏн ачытышат эмеспи, бозону дагы даярдоо ʏчʏн ачытуу керек. Негизинен улуттук суусундук катары ичилет.  Иммунитети начарлар дарылыкка кɵп ичишет. Ал эми мен балдарым оорубай, ден соолугу сак болушу ʏчʏн, кан айлануусу бат жʏгʏрʏп, имунитети кɵтɵрʏлʏш ʏчʏн саламын.

“Суранып сатып алып кетишет”

-Мындан 10 жыл мурун жасап сатчу элем. Жакшы эле пайдасын кɵрдʏм десем болот. Кɵп жылдан бери жасагандыктан, коңшу-колоңдорум атайы келип сат деп суранышат. Ɵзʏ балдарымдан ашпайт. Ошентсе да кээде кɵбʏрɵɵк болгондо алуучуларга сатамын.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы