22 октября, 2024

Себет  токуган  Тɵлɵнбай ата: “Себет жасаганыма 15 жылдан ашты”

-80 жаштан аштым. 32 жыл колхоздо трактор миндим, азыр тракторлор жумушка гана керектелип калбадыбы. Ал кезде иш жок, бир-эки мал бакчубуз. Кошумча ушул ишти ʏй-бʏлɵбʏз менен жасап баштаганбыз.

Ɵзʏмдʏн атым Абдуллажан,  бирок баары Тɵлɵнбай деп таанышат. Менин кемпирим ɵткʏр, ɵзʏ ʏйрɵнʏп анан бардыгыбызга ʏйрɵттʏ. Балдарым, неберелерим, баарыбыз себет токуганды  ʏйрɵнʏп алганбыз. Жумасына 4-5 себет токуп бʏтʏрɵбʏз. Кээде буюртмага жараша да болуп калат. Токуй турган жыгачтарды атайын кыркып келебиз. Ага да кʏч керек, анткени бул катуу болот.  Бизге адамдар ашыкча чɵптɵрдʏ, талдарды кыркып бергилечи деп ɵздɵрʏ чалышат. Ошолорду тегиздеп, жарактуусун кесип келип токуйбуз. Себет токуганга ылайыкталган жыгач Ɵзгɵн жолдоруна чейин эгилген, ошолордон да атайын кесип келебиз.

Сууга салып жумшартып, катуу ɵтʏктɵрдʏ кийип алып, тээп агартабыз. Андан соң катып калгыча токуп ʏлгʏрʏш керек. Себеби катып калса ийилиши кыйын болуп токулбай калат. Жумшак маалында токуп ʏлгʏрʏп, 3-4 саатта бʏтʏрɵбʏз.

“Эч кимге ʏйрɵткɵн жокмун…”

-ʏйрɵнʏʏ ʏчʏн кɵп адамдар келишти, бирɵɵсʏнɵ дагы ʏйрɵткɵн жокмун. Себеби аялым Ɵзбекстанга барып, 2000 долларга ʏйрɵнʏп, окуп келген. ʏйрɵтʏʏ ʏчʏн 2000 доллар берип, эки жыл иштеп бересиң дешкен, ʏйрɵнʏʏ кыйын. Ошол себептен жубайымдын  мээнетин баалаймын. Ɵзʏ бул нерсени Ɵзбекстанда жасайт, ал эми Кыргызстандан, Ош шаарынан бир эле мен жасаймын. Ɵзбекстанда атайы талды эгип, ɵстʏрʏп, кыркып келип анан токушат, а бизде болсо андай болбойт экен деп ийилчээк талдардан, катуу атайы ɵстʏрʏлгɵн чɵптɵрдɵн жасоого ɵттʏк. Жасай турган жыгачыбыз ийилчээк жана 2 метрдей бийиктикте болушу керек. Ийилчээк суу талдар да кээде жарайт токуганга, кээде  болбойт.

“Тʏшкɵн киреше курсагыбыздан ашпайт”

-Башка иш жок, себет жасоо менен кармашып отурабыз. Биз сегиз жанбыз ʏйдɵ. Себеттен тʏшкɵн киреше курсагыбыздан ашпайт, ошентсе тиригилигибизди жасап жатабыз. Мен базарга дʏңʏнɵн 700 сомдон ɵткɵрɵм. Алар 1000 сомдон тʏшʏрʏш керек болсо 900- 800 сомдон сатышат. Баасын кɵтɵрɵйʏн десең аларга да кɵтɵрʏшкɵ туура келет. Элдин жагдайына карап 700 сомго кɵтɵрдʏк. Мурун 500 сомдон дʏң баада сатат элек. Буюртма берʏʏчʏлɵр ɵздɵрʏ алып кетишет. Аркасынан жʏгʏрбɵйбʏз. Телефондон байланышып ошого жараша алышат. Буюртма кɵбʏнчɵ себетке тʏшɵт, корзинкалар коңшу ɵлкɵдɵн келет. Кез-кезде заказ тʏшсɵ аялым жасап коёт. Корзинаны дагы, себетти да, кардарлардын айтканына жараша кɵлɵмдɵ жасап беребиз.