27 апреля, 2024

Шайырбек Сарыбаев: “Майыптуулугу бар жарандарга  ден соолукту чыңдоочу борбор ачсам  дейм”

Каарманыбыз Шайырбек Сарыбаев ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелгенине карабастан, аракеттенип, ийгиликтерди жаратып келет. Ал турмуш тиричиликти аркалоо менен катар спорттон да ийгиликтерди жаратып, Азия оюнуна жолдомо утуп алган. Эмгекчил каарманыбыз келечектеги пландары менен бɵлʏшʏп, майыптуулугу бар жарандарга атайын ден соолукту чыңдоочу борбор ачсам дейт. Анын иш-аракети, изги тилегин окурмандар менен бɵлʏшʏʏнʏ туура кɵрдʏк.

— Саламатсызбы, Шайырбек? Ɵзʏңʏздʏ тааныштырып ɵтсɵңʏз.

—   Саламатчылык, аты жɵнʏм Сарыбаев Шайырбек Маматмусаевич. 1984-жылы 5-ноябрда, Кара-Кулжа районуна караштуу Жийде айылында туулуп- ɵстʏм. ʏй-бʏлɵдɵ сегиз бир тууганбыз, баары ɵз турмуштары менен.

— Азыркы учурда Кытай Эл Республикасында жʏргɵн экенсиз. Спорттун кайсыл тʏрʏ боюнча катыштыңыз?

—  Учурда Кытай Эл Республикасында  стол тенниси боюнча олимпиадага келгенмин, бул жактан 47 мамлекеттин спортчулары катышып кʏч сынашат. Кыргызстанда майыптуулугу барлар ʏчʏн тарыхта биринчи жолу паралимпиада уюштурулду, буга ɵзʏмдʏ сынап кɵрʏʏнʏ чечип, жыйынтыгында биринчи орунга ээ болуп, Азия оюнуна катушууга жолдомо алдым.

— Спортко кантип келдиңиз эле?

— Негизи спортко жаштайымдан эле кызыгат элем. Ал эми стол теннисин басып жʏргɵн маалымда ойночумун, кийин 2005-жылы Казакстандын Астана шаарында жʏк жʏктɵгʏч (грузчик) болуп иштеп жʏрʏп оор жʏк басып калган, травмадан кийин кɵп жыл ойнобой калдым. ʏйдɵ зеригип отуруп алып ойносо болот бекен деп кызыгып, кайра машыга баштагамын. Быйыл насип кылып ɵлкɵдɵ ɵткɵрʏлʏп жаткан паралимпиадага катышып Азияга жолдомо утуп алдым. Теннистен сырткары кол кʏрɵш боюнча да мелдештерге катышып келем. Кыргызстанда ɵткɵрʏлгɵн чемпионатта экинчи орунга ээ болдум.

-Бош убактыңызда эмне менен алек болосуз?

— Мен болушунча ден соолугумду чыңдаганга аракет кылам, ɵз алдымча кɵнʏгʏʏлɵрдʏ жасайм. ʏйдɵ болгондо ата-энеме кол кабыш кылып мал карап, отун жарып берем. Андан сырткары “Яндекс” таксиде иштеп турам. Травма болгондон кийин 2008-жылдан бери такси кызматын аткарам. Ал эми машинаны башкарууда кол менен кɵзɵмɵлдɵɵгɵ ɵткɵрʏп алгамын.

— Келечекте кандай пландарыңыз бар?

— Алдыга койгон ой-максаттарым кɵп. “Биринчи байлык ден соолук” дегендей, ден соолугумду калыбына келтирʏʏгɵ аракеттенем. Ата-энемди ыраазычылыгын алып, ажыга алып барууну пландап жатам.  Кɵп нерселерге кызыгуум кʏч, анын бири ɵсʏп келаткан жаш муундарды спортко тартып, ɵлкɵгɵ аз да болсо салым кошсом деймин. Андан сырткары ден соолугунун мʏмкʏнчʏлугʏ чектелген адамдарга реабилитациялык борбор ачкым келет. Кудай буюрса, баары ишке ашат деген ойдомун.

-Акыркы суроо болсун, келечекте Кыргызстанды кандай элестетесиз?

— Азыркы учурда Кытай ɵлкɵсʏндɵ жʏргɵндʏктɵн аябай таң калып турам. Анткени, ɵнʏккɵн мамлекет болгондуктан майыптыгы бар жарандарга абдан жакшы шарттар тʏзʏлгɵн, эч кимге кɵз каранды болбостон ɵз алдыңча кɵчɵдɵ жʏрɵ аласың. Келечекте мен да ɵлкɵмдʏ ушундай ɵнʏккɵн мамлекеттин катарына кирет деген ишеничтемин. Андыктан мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жарандарга да ɵз алдынча жʏрʏʏгɵ ыңгайлуу шарттарды тʏзсɵ деген ойдомун. Дегеле бардык жарандар ɵнʏгʏʏгɵ салым кошуп, аракеттенип ɵзʏн ɵнʏктʏрʏʏсʏ абзел!

— Маегиңизге рахмат, жеңиш менен келиңиз!

Бурулай  Уланбек кызы