8 сентября, 2024

“Мени балдар ʏйʏнɵ таштаган адамды тапкым келет”

Коомчулукта ар кандай кырдаалга туш келʏʏбʏз мʏмкʏн. Адамдын ɵз укуктарын, милдеттерин билʏʏсʏ, ошону менен бирге башкалардын да укугун сыйлай билʏʏсʏ кɵйгɵйдʏн оң тарапка чечилʏʏсʏнɵ мʏмкʏндʏк берет. Качан гана ɵз укук, милдеттерибизди толук билбей, талаштуу суроолор жаралган учурда адистерден кеңеш алуубуз зарыл. “Юристтен кеңеш” рубрикасынын кезектеги чыгарылышында жарандардан келген кайрылууга тажрыйбалуу юрист Нургазы Абдувалиев жооп берет.

Туулгандыгы тууралуу кʏбɵлʏктʏ алмаштырган учурда калган документтерди ɵзгɵртʏʏ зарылбы?

СУРОО:

-Мен 24 жаштамын. Жакында апам “баатыр энеге” тапшырмак болгон. Бирок, менин туулгандыгым тууралуу кʏбɵлʏктɵ бир тамгадан ката бар ʏчʏн тапшыра албады жана кʏбɵлʏгʏмдʏ алмаштырдым. “Берген мекеме “кʏбɵлʏгʏн алмаштырган” деген маалымкат (справка) берет” дешти эле, бирок, бербейт экен. Кайрадан паспортко тапшырып, болгон документимди, 2 дипломум, айдоочулук кʏбɵлʏк, сертификаттарымды алмаштырууга туура келерин айтышты. Бул бир топ убакытты, чыгымды талап кылары талашсыз. Мындай учур мыйзамда кандай каралган?

ЖООП:

-Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жɵнʏндɵ нускаманын 52-пунктуна ылайык 16 жашка толгон адам фамилиясы камтылган ɵзʏнʏн атын, атап айтканда атын жана/же атасынын атын ɵзгɵртʏʏгɵ укуктуу. Ɵзгɵртʏʏлɵр Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары (ЗАГС) тарабынан жʏргʏзʏлɵт.

Жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты ɵзгɵргɵн учурда бул маалыматтар камтылган башка документтерди да алмаштыруу талап кылынбайт. Ɵзгɵргɵндʏгʏ жɵнʏндɵ кʏбɵлʏк берилет жана башка документтерди колдонгон учурда ал кʏбɵлʏк кошо берилет.

“Бала жашы жеткенге чейин ата-эненин багуусунда жана камкордугунда болот”

СУРОО:

-Мен 1997-жылы тɵрɵлгɵмʏн. Кичинекей кезимде балдар ʏйʏнɵн багып алышкан экен. Ошогобу, айтор ата- энем ɵз баласындай кɵрбɵйт эле. ʏй-бʏлɵдɵ жалаң кыздар болгондуктан уул деп мени багып алышса керек. Кыскасы кɵп кыйынчылык кɵрʏп чоңойдум. ʏйдɵн далай жолу куулдум. Учурда ар кимдин малын багып кʏн кɵрʏп келем. Сурайын дегеним, мага окшогон балдардын тагдыры кандай болот? Багып алгандарда юридикалык жоопкерчилик болобу? Ɵз ата-энеми же мени балдар ʏйʏнɵ таштаган адамды тапкым келет. Аны сурасам баккан апам айтпай жʏрɵт. Мындайда мен эмне кыла алам?

ЖООП:

-Сурооңуз кɵбʏнчɵ юридикалык эмес, турмуштук мʏнɵздɵ экен. Ошондой болсо да юридикалык жактан адис катары жооп берейин. Кыргыз Республикасында балдардын укуктарынын, эркиндиктеринин жана мыйзамдуу таламдарынын негизги кепилдиктерин белгилɵɵчʏ Конституция, бул чɵйрɵдɵ мамилелерди жɵнгɵ салуу максатында атайын Балдар жɵнʏндɵгʏ жана ʏй-бʏлɵ кодекстери кабыл алынган. Аталган кодекстерге ылайык албетте, ар бир бала ʏй-бʏлɵдɵ жашоого, атасын да, энесин да билʏʏгɵ, алардан камкордук кɵрʏʏгɵ, алар менен чогуу жашоого, ɵз ата-энесинин колунда тарбияланууга, кызыкчылыктарынын камсыз болушуна, ар тараптуу ɵсʏп-жетилишине, анын адамдык аброюнун урматталышына укуктуу.

Бала жашы жеткенге чейин ата-эненин багуусунда жана камкордугунда болот, бирок бул нормалар жашы жетпеген балдарга гана жайылтылат. Ал эми бойго жете элек — бала деп 18 жашка жетпеген адам таанылат. Сурооңузга караганда азыркы учурда 26 жашта экенсиз, ал эми 26 жаш орто курак болуп саналат. Демек, бʏгʏнкʏ кʏндɵ ата-энеңизден ɵткɵнкʏ убакка же учурга карата кандайдыр бир милдеттерди талап кылууга укугунуз жок. Башыңыздан ɵткɵн бардык кыйынчылыктарды унутуп, ɵзʏңʏздʏн чыныгы ата-эненизди таап, алар менен мындан ары бактылуу жашоо кечиришиңизге тилектешмин.