22 октября, 2024

КАЛЫҢДЫН АКЧАСЫНАН  ЭКИ ЭСЕ АШЫП ТYШКƟН КЫЗДЫН СЕБИ

Кыргыз эли кыз узатууда, уул ʏйлɵндʏрʏʏдɵ улуттук салттарга ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурушат. «Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт» дегендей калыңдын негизги максаты эмнеде, сеп кызга эмне ʏчʏн берилип келген, учурда бул эки кааданы элибиз кандай улап келе жатышат деп кызыгып кɵрдʏк.

СЕП ДАЯРДООГО КАНЧА КАРАЖАТ КЕТЕТ?

Калың – ʏйлɵнʏʏ ʏлпɵтʏндɵ колдонулуучу ырым. Шарт боюнча кудалашууда бычылган калың толугу менен же бɵлʏк-бɵлʏк болуп тɵлɵнгɵн. Калың тɵлɵнʏп бʏткɵндɵн кийин гана ʏйлɵнʏʏ тоюна кам кɵрʏлɵ баштаган. Калың тɵлɵɵ кыргыздын салттуу турмушунда ʏй-бʏлɵнʏн эмес, уруктун жалпы иши болгон. Аны урукташтар чогуу кɵтɵргɵн.

Сеп – турмушка чыккан кыз ɵзʏ менен чогуу ала кетчʏ кийимдери, ʏй-тиричилигине колдонуучу буюмдары, эмеректери. Кызды турмушка узатууда себин кошо берʏʏ эң башкы шарттардын бири. Сеп калың тɵлɵнгɵндɵн тартып даярдала баштаган. Анын курамына боз ʏй, жууркан-тɵшɵк, жасалгалар, тиричилик оокаттары, шуру, сɵйкɵ, ж.б. кирген. Азыр болсо алардын баары заманбап эмеректерге жана буюртма менен тигилген жууркан-тɵшɵктɵргɵ алмашкан. 

“КЫЗДАРГА ЧЕБЕРЧИЛИКТИ YЙРƟТПƟЙ КАЛДЫК”

Ош шаарында он жылдан бери тɵшɵк тигʏʏ менен алек болуп келген Мариям Максутова коронавирус пандемиясынан кийин тɵшɵк-жууркандардын баасы 20%га чейин кɵтɵрʏлгɵнʏн айтты.

Мариям эженин дʏкɵнʏндɵ 4 жууркан 12 жɵлɵнгʏчʏ менен 10 миңден 30 миңге чейин сатылат. Ошондой эле сепке даярдалган толук тɵшɵктɵрдʏн топтому 50 миңден 100 миңге чейин болот.

“Бизде кыздын себине берилʏʏчʏ кɵшɵгɵлɵр да сатылат. Алардын баасы 5 миңден 10 миңге чейин барат. Кардарлар келип, сепке керектелʏʏчʏ нерсенин баарын таап, табитине жараша буюртма беришсе болот”, — дейт Мариям айым.

55 жаштагы Айнура айым да чеберчилик менен алектенет. Калаанын борбордук базарында чакан дʏкɵн ачып, сепке бериле турган жууркан-тɵшɵктɵрдʏ тигип сатат. Ал мындай ɵнɵрдʏ чоң энесинен ʏйрɵнгɵн. 

Илгери апалар ɵз колдору менен сайма сайып, курак курап сеп даярдашса, учурда заманга жараша Айнура эже сыяктуу чеберлерге кайрылышат. Айнура айымдын айтымында, буга кыздарга кичинесинен узчулукту, чеберчиликти ʏйрɵтпɵй калганыбыз себеп.

“Эгер ар бир эне кызына курак курап, шырдак шырып, тигʏʏ ɵнɵрʏн ʏйрɵтсɵ, балким мурункудай эле кыздарына ɵз колдору менен сеп даярдап, бизге окшогондорго жумуш калмак эмес”, — дейт ал.

“КУДА ТАРАПТЫН БЕРГЕНИН КЫЗ ТАРАП АШЫГЫ МЕНЕН КАЙТАРАТ”

53 жаштагы Жамила Кутманкулова буга чейин тɵрт кызын турмушка узаткан. ʏч кызын мурдараак кʏйɵɵгɵ берсе, тɵртʏнчʏ кызы 2022-жылдын аягында турмушка чыккан. Анын айтымында, акыркы жолу сеп даярдоодо капчыгы бир топ эле эңшерилип калган.   

“ 2019-жылы кызымды узатканымда 1 килограмм  пахтаны 80 сомдон, ал эми 4 жер тɵшɵктʏ 12 жɵлɵнгʏчʏ менен 5 миң сомго алгам. Баркут кездеменин 1 метрин 150 сомдон 300 сомго чейин болчу. Былтыр болсо 1 килограмм пахтаны 150 сомго, 4 жер тɵшɵк 12 жɵлɵнгʏчʏ менен 7 миң сомго, ал эми баркуттун метрин 500 сомго алдым. Мындайча айтканда карантинге чейин узаткан кызыма сепке 100-150 миң сом кетирсем, былтыр 250-300 миң сом кетти. Быйыл да баалар ɵстʏ ”, — дейт Жамила эже.

Мындан сырткары Жамила айым келин да алган. Ал келин алуу кыз берʏʏгɵ караганда бир топ жеңил деп эсептейт. 

“Кыз кошуп алып кетет, ал эми келин алып келет (кʏлʏп). Куда тараптын бергенин кыз тарап ашыгы менен кайтарат. Азыркы учурда калың орточо эсеп менен 250-300 миң болуп жатат, 500 миңден жогору бергендер да бар. Ал акчаны алып, ага эки эсе кайра кошуп бересиң. Анткени септе жыгач эмеректер, ʏй тиричилик техникалары да кошо берилиши керек да”, — дейт.

Калыңдын акчасына эки эсе акча кошуп, сеп даярдоонун себебин Мариям эже баарын той учурунда сатып алуу менен байланыштырды.   

“Азыр заманбап деп тɵшɵктɵрдʏн даярын алып калдык. Мурда апаларыбыз сандыкка салып, кыз бой жеткенге чейин сеп даярдайт эле. Азыр эми сандыкка таштап койсо, кыздарыбыз заманбап алабыз деп жатышат. Энелер да алдын ала даярдабай, той болордо тɵшɵктɵрдʏ буюртма менен тиктирип калышты.Негизи эненин колунан келсе, ɵз колу менен жасап, эне тɵшɵк, эне мурас деп берсе ɵтɵ жакшы”, — дейт Мариям эже.

СЕП ЖЕТИ ДУБАНДА ЖЕТИ ТYРДYY БЕРИЛЕТ

Кыргызстандын аймактарындагы салттар бири-биринен айырмалангандай эле сеп берʏʏ да бир топ айырмаланат. Мисалы, тʏштʏк тарапта тɵшɵктʏ жуптап берип, жерге салганда да жуптап салышат.

Ал эми тʏндʏк тарапта ʏчтɵн, так санда беришет. Себеби жерге «П» тʏрʏндɵ салынат да, бул «ар дайым ушул адамдын жолу ачык, шыдыр болсун» деген тилекти билдирет.

Нарында болсо 10го чукул жертɵшɵк, 2 жаздык жана кыздын кышкы, жазгы кийимдери салынган сандык берилет.

Ысык-Кɵлдɵ алгач 10 жууркан, 3 жер тɵшɵк, 2 жаздык, 2 сандык беришет. Сандыктын ичине идиш-аяк салышат. Андан соң булл буюмдардын артынан ʏй-тиричилик буюмдарын (муздаткыч, сыналгы, кир жуугуч машина) алып беришет. 

Ал эми кытайлык кыргыздарда он алтыдан тɵшɵк, жууркан, жер тɵшɵк, жаздык, бир жуп шырдак жана кʏнʏмдʏк турмушка керектелʏʏчʏ буюмдун бардык тʏрʏ берилет. Мындан сырткары сɵзсʏз тʏрдɵ сандык, 2-3 туш кийиз, ала кийиз берилет.

Жууркан-тɵшɵктʏн кɵп берилишинин себебин келген конокторго септин ичинен буюм берʏʏ салты менен тʏшʏндʏрʏʏгɵ болот. Бизде деле бул салт сакталып келет. Мисалы, Таласта, Ошто кайнене, кайнатасына, ɵкʏл ата, ɵкʏл энесине арналып атайын жууркан жасалат.

Ɵзбекстандагы кыргыздар кыздарынын себине 12 жуптан кем эмес, жууркан, жаздык жана ʏй-тиричилигине керектелʏʏчʏ буюмдарды жана ийне-жип да кошуп беришет. Колунда барлары эмерек, тиричилик техникаларын да кошушат. Ошондой эле кʏйɵɵ балага да сɵзсʏз тʏрдɵ баштан-аяк кийим кийгизилет.

Тʏркиянын Ван аймагында жашаган кыргыздар калың берʏʏнʏ жоюп, ал эми септи кыздын ата-энеси шартына жараша берʏʏнʏ салтка айлантышкан. Мындай чечим вандык аксакалдар тарабынан мындан 10-11 жыл мурун кабыл алынган.

Айзада Баймырзаева