20 августа, 2025

Туш тарабынан кертилип, сатылган мектеп аянттары

Шаарда мектеп, бала бакча жетишсиз деп эле келебиз. Деген менен 1996-жылдан 2006-жылга чейин шаардагы 52 мектептин 31и аянттары кыскарып, сатылып кеткен. Мектептин жерине кичинекей кʏркɵдɵн баштап кафе-ресторан, жада калса турак ʏй да куруп алышкан. Кызыгы документ даярдоо оңой болгон ɵңдɵнɵт, мектептин жанындагы кɵп кабаттуу ʏйдʏн жашоочулары деле, мектеп директору деле макул болуп, ошол кездеги мэрлер, тиешелʏʏ жетекчилердин колу менен кеткендер да бар.  Жалпы билим берʏʏчʏ мектептердин жер аянттары кимдерге, качан, эмнеге берилген учурдагы мэр Б.Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, атайын комиссия тʏзʏлʏп, аныкталып тиешелʏʏ иш жʏрʏʏдɵ.

№ 4 С.М. Киров атындагы мектеби

Мектептин тʏндʏк-чыгыш тарабында жайгашкан 2-кабаттуу 8-батирлʏʏ турак ʏйʏнʏн айланасындагы тиешелʏʏ жер тилкелеринин чек араларын аныктоо жана тариздɵɵ (ПЗУ) ʏчʏн Ош шаарынын мэриясынын 2005-жылы № 521 токтому (Ошол убактагы мэр М. Бакиров) чыккан;

Жер тилкесинин аймагында (ПЗУ) жайгашкан 2-кабаттуу кеңсенин (офис) архитектуралык иш кагаздары, ээси Рустам Ахматахуновго Ош шаарынын мэриясынын 2007-жылы № 464 токтому (Ошо убактагы мэр Ж. Исаков) чыккан. Жер участогуна болгон жеке менчик укугу жɵнʏндɵ мамлекеттик актысы берилген.

Мектептин тʏндʏк тарабында жайгашкан 1-кабаттуу имараттын ээси Сырга Исмаиловага архитектура башкармалыгы тарабынан 2019-жылдын 24-июнунда корутунду даярдалып берилген;

Мектептин тʏндʏк-чыгыш тарабындагы 2-кабаттуу кеңсе Мидин Отомбаевге аукцион менен 2002-жылы

Ош шаарынын 2002-жылы №426 токтому (Ошол убактагы мэр Ж. Сатыбалдиев) менен берилген;

Мектептин тʏндʏк-батыш тарабындагы имараттардын (гʏл саткан жайлар) архитектуралык иш кагаздары, ошол кездеги ээси Юсупова Сайракан Ажибековнага Ош шаардык мамлекеттик администарциясынын 2000-жылдагы № 698 токтому (Ош шаардык мамлекеттик администрациясынын башчысы Ж. Шарипов);

• Ош шаардык мамлекеттик администарциясынын 2000-жылдын 28-сентябрындагы № 937 сандуу токтому (Ош шаардык мам. администрациясынын башчысы Ж. Шарипов);

Мектептин тʏндʏк-батыш тарабындагы 3-кабаттуу имаратка Салия Ташмурзаевага жер участогуна болгон жеке менчик укугу жɵнʏндɵ мамлекеттик акт берилген.

• «Адис Алай» ЖЧКсы тарабынан иштелип чыккан эскиздик долбоор; (11.03.2013)

• Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 14-майындагы Ош шаарынын Курманжан Датка кɵчɵсʏнʏн № 256 дарегиндеги шаар куруу тʏйʏнʏ жɵнʏндɵгʏ № 182 токтому;

• Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 26-июлундагы № 227 токтому;

• Жеке менчик жер тилкесиндеги имараттарды бузуу менен ордуна 3 кабаттуу дʏкɵндʏн кеңсесин мансарды менен долбоорлоо ʏчʏн 2020-жылдын 29-майында архитектуралык пландоо шарттары даярдалган.

№ 15 М. Курбанов атындагы орто мектеби

Бул мектептин тʏштʏк-чыгыш тарабындагы жерге мечит салынган:

• 2003-жылы комиссиянын жер тилкесин тактоо актысы каралып, 2004-жылы Ош шаарынын мэриясынын намазкананы долбоорлоо жана курууга уруксат берʏʏ боюнча токтому чыккан. №15 М. Курбанов мектебинин директору тарабынан Ош шаарынын башкы архитекторуна берген макулдук каты. Ош шаарынын мэриясынын 2007-жылдагы № 156 токтому менен техникалык паспорт берилген.

Мектептин тʏштʏк тарабындагы жеке менчик турак ʏйлɵр боюнча:

Ленин кɵч. № 625 – 4/5 ʏйдʏн ээси Мурабидова Мавлюда Шакиржановнага Ош шаардык соттун чечими менен 2012-жылы  мамлекеттик акт берилген. (Жер тилкенин аянты – 203,0 ч.м.);

• Мамадминистрациянын 1998-жылдагы № 469  токтому.

• Белекке берʏʏ келишими 2020-ж., сатып алуу келишими 2021-жылы тʏзʏлгɵн.

(Жер тилкенин аянты – 411,0 ч.м. иден.код: 5-11-06-0147-0083);

• Ленин кɵч.№ 625-9/10 : ʏйдʏн ээси Тажибаев Алим Махмудович

• Ош шаарынын мэриясынын 2004-ж № 722 токтому, жеке менчикке ɵткɵрʏʏ боюнча келишими № 132 06.09.1995-ж.

 (Жер тилкенин аянты – 477,0 ч.м.);

 № 24 «Фрунзе» атындагы орто мектеби

Бул мектептин айланасындагы жайгашкан соода дʏкɵндɵр:

Ош кɵчɵсʏндɵгʏ Б.Ахмедовго тиешелʏʏ жер тилкеси 2006-жылдын 8-июнунда Кочкоров Ахмад Шарафутдиновичтен сатып алынган.

• Архитектура башкармалыгы тарабынан 2013-жылы жеке менчик жер тилкесине жеңил типтеги конструкциядан 1 жылдык мɵɵнɵт менен соода павильонун орнотууга корутунду даярдалып, 2021-жылы узартылып берилген.

Ош шаарынын мамлекеттик администрациясынын 1994-жылдын 14-декабрында Ж. Бабараимов кɵчɵсʏндɵгʏ сатылып алынган № 6 дʏкɵнʏнɵ жер тилкесин берʏʏ тууралуу токтому чыккан. 1996-жылы № 6 дʏкɵнʏнɵ жер тилкесин бекитип берʏʏ тууралуу М. Бориевге архитектуралык пландоо тапшырмасы (АПТ) даярдалып берилген. Кийин М. Бориев карыз болуп калгандыгына байланыштуу 2001- жылдын 9-октябрында Ош шаардык соту тарабынан Н. Раджабалиевага ɵткɵн.

•Ош шаарынын мамлекеттик администрациясынын 1993-жылдын 17-майында Ж.Бабараимов кɵчɵсʏндɵгʏ 0,04 га жер тилкесин № 39 дʏкɵнгɵ Ош горпищеторг тарабынан бекитип берʏʏ тууралуу № 285 токтому чыккан. 1992-жылы бул дʏкɵндʏн жер тилкесин бекитип берʏʏ тууралуу “Аары керемети” кооперативине АПТ даярдалып берилген.

• 2009-жылы 11-мартында жеке менчик жер тилкесине тиешелʏʏ кызматтардын корутундуларынын негизинде автосервисти долбоорлоого Кочкоров Ахмад Шарафутдиновичке 252-токтому менен архитектуралык пландоо шарттары (АПШ) даярдалып берилген.

Соода тʏйʏндʏн бир бɵлʏгʏн кɵлɵмдʏк-планын жана конструкциясын ɵзгɵртпɵстɵн профилин тиш дарылоо борборун ɵзгɵртʏʏгɵ 2015-жылы Ахмад Кочкоровго АТК даярдалып берилген.

•Ош шаарынын мамлекеттик администрациясынын 1997-жылы мончону жана чайхананы долбоорлоого жер бɵлʏп берʏʏгɵ №337 токтому чыккан. 1997-жылы Фрунзе мектебинин жанындагы жер тилкесине мончо жана чайхананы долбоорлоого А. Мавляновго АПТ даярдалып берилген.

2005-жылды Ош шаарынын мэриясынын Мавлянов Абдукарим Хашимович кеңсе, сулуулук салонун жана эмерек дʏкɵнʏн долбоорлоого токтому чыгып, архитектуралык тиешелʏʏ иш кагаздары даярдалып берилген.

2006-жылы Ош шаарынын мэриясынын эски самсакананы бузуп, ордуна чайхананы долбоорлоого А.Садыковго токтому чыккан.

• Ош шаарынын мэриясынын 2003-жылы дʏкɵндʏ соода комплексине айландыруу тууралуу №1123 токтому чыккан.

• Дʏкɵндʏ долбоорлоого жана 2 кабаттуу кылып соода комплексине кайрадан курууга Саибжанов Розибайга АПШ даярдалып берилген.

1997-жылы Ош шаарынын мамлекеттик администрациясынын Ж.Туйчибаевге соода комплексин долбоорлоого токтому чыккан.

Ош шаарынын мэриясынын 2008-жылы унаа жуучу жайды долбоорлоого жана курууга №1272 токтому чыккан.

• Автоунаа жуучу жайды жана кошумча курулушун долбоорлоого Усманов Олим Насырыллаевичке АПТ даярдалып берилген.

• 2008-жылы А.Ганиевге соода дʏкɵн курууга жана долбоорлоого Ош шаарынын мэриясынын токтому чыккан.

•Ош шаарынын Ж.Бабараимов кɵчɵсʏндɵгʏ №10 мантыкананын жабдуусун Исламов Хатамжан сатып алган. 1992-жылы жеке менчик укугу жɵнʏндɵ кʏбɵлʏк берилген.

• 1995-жылы Х.Исламовго жер тилкесин бекитип берʏʏ жɵнʏндɵ №385 токтому чыккан.

• 2003-жылы Г.Кабыловго мʏрзɵ таштарын жасоочу цехтин шаар куруу жана техникалык документтерин бекитʏʏ жɵнʏндɵ Ош шаарынын мэриясынын токтому чыккан.

•1994-жылы А.Эргашевге Ош шаарынын мамлекеттик администрациясынын Фрунзе мектебинин айланасына убактылуу шорпокананы орнотууга токтому чыккан. 2002-жылы Мирхамидова Мирожи Садыковна А.Эргашевден шорпокананы сатып алган.

• Архитектура башкармалыгы тарабынан 2006-жылы жер тилкесин жеке менчикке берʏʏгɵ корутунду даярдалып берилген.

№ 12 “Крупская” атындагы кɵмɵкчʏ мектеби

Мектептин тʏштʏк тарабында жайгашкан кɵп кабаттуу турак ʏй боюнча:

2008-жылы техникалык паспорту берилген;

 “Акнур-компани” ЖЧКу тарабынан даярдалган эскиздик долбоору;

• Архитектура башкармалыгы тарабынан буйрутмачы “Ата-Курулуш” ЖЧКна даярдалган 2014-жылы №23 архитектуралык пландоо шарттары (АПШ).

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ош филиалынын маалыматына ылайык, мектептин жанында курулган мейманканага унаа токтотуучу жай жана кɵрктɵндʏрʏ ʏчʏн Ош шаардык мамлекеттик администрациясынын 2000-жылдагы № 173, 2000-жылдагы 10-апрелиндеги № 268, Ош шаарынын мэриясынын 2002-жылдагы № 874 токтомдордун негизинде 2700 ч.м. жер тилке № 12 Н.Крупская атындагы мектептин жер тилкесинен бɵлʏнʏп 15 жылга убактылуу пайдаланууга берилген. 2007-жылы Жер тилкесине менчиктик укукту сатып алуу жана сатуу боюнча келишимдин, 2007-жылы  №1722 Ош шаарынын мэриясынын токтомунун негизинде (4091 ч.м.) мамлекеттик акты берилип менчик укугу катталган. Учурда аталган жер тилкеде 9 кабаттуу кɵп батирлʏʏ турак ʏй курулган.

 № 6 “Макаренко” атындагы орто мектеби

Мектептин чыгыш тарабында жайгашкан ар кандай объектилер:

1. Азыркы учурдагы соода борбор (“Ош-Сити” соода борбору) катары иштелип келе жаткан объектке 2013-жылдын 21-февралында Токтосунов Азамат Токтосуновичке 327,8 ч.м. (анын ичинен 39,1 ч.м.-сервитут) жер участогуна болгон жеке менчик укугу жɵнʏндɵ акт каттоодон ɵткɵн (сатуу-сатып алуу келишимдеринин негизинде). Ал эми курулуш курууга коңшу жайгашкан объекттердин ээлеринен кат тʏрʏндɵгʏ макулдуктар (анын ичинде Макаренко атындагы мектебинин директору менен макулдашуусу менен) алынган.

Дʏкɵн 2018-жылы архитектуралык-техникалык корутунду Идаев Бекмурза Дʏйшɵевичке даярдалып берилген.

 «Капитал» банкы болуп иштеп жаткан объект турган 528,0 чарчы метр болгон жер тилкесине, анын ичинен 204,0 чарчы метрине жеңил типтеги конструкциядан калкты тейлɵɵ дʏкɵнʏнʏн курулушун долбоорлоого, ал эми 324,0 чарчы метрин убактылуу ижара шартында 5 жылдык мɵɵнɵт менен кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу ʏчʏн 2010-жылы корутунду даярдалып берилген.

1982-жылдагы 10-апрелиндеги жер планы кескин ɵзгɵргɵн (25405 ч.м.), бʏгʏнкʏ кʏндɵгʏ жер планы боюнча мектептин аянты 14264, ч.м. тʏзɵт.

№ 8 “М. Горький” атындагы орто мектеби

Мектептин чыгыш тарабында жайгашкан ар кандай объектилер:

 “Айгат” кафесин реконструкциялоо менен экинчи кабатын жана кошумча курулушун долбоорлоого 2021-жылы Айдаров Кубаныч Пазыловичке даярдалып берилген. 425,0 ч.м. жер тилкесине болгон жеке менчик укугу жɵнʏндɵ Мамлекеттик актысы каттоодон ɵткɵн.

 “Реми” рестораны 2001-жылы М. Горький мектебинин аймагындагы ашкананы бузуу менен ордуна жаңы ашкананын курулушун долбоорлоого Моминов Дилшаджонго даярдалып берилген.

Ош шаарынын мамлекеттик администрациясынын 2001-жылдагы токтому менен Д. Моминовго 400,0 ч.м. жер тилкеси ашкана куруу ʏчʏн бɵлʏнʏп берилген.

1972-жылдагы мектептин жер планы 12006,0 ч.м. тʏзгɵн. Мектептин жер планы жана аянты кескин ɵзгɵргɵн.

 Мындан сырткары,

 № 39 “70-лет Октября”, № 47, № 44, № 51, № 54 орто мектептери,

№ 2 Карл Маркс, № 5 Ж. Бɵкɵнбаев, № 3 Ломоносов, №19 Шевченко, «Олимп» атындагы мектеп-гимназиясы, № 29 Калинин,

№ 23 И. В. Панфилов, № 21 Пушкин, № 20 И. Раззаков,

№ 11 В. Терешкова, № 35 Ж. Атабаев, № 31 Курманжан Датка, № 9 Рудаки, №41 Х.Абдуллаев, № 37 Г. Айтиев, № 26 Т. Сатылганов, №40 Королев, №7 Нариман, № 22 С. Шарипов, № 10 В.И. Ленин атындагы орто мектебинин жери да кертилип, сатылган.

About The Author