КРнын Билим берүү минстрлиги менен USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору башталгыч класстын окуучулары үчүн заманбап аңгемелерди чыгарды. Арасында “Ош шамы” гезитинин кабарчысы Айжылдыз Тойчиеванын да 4 китеби бар.

Буга чейин балдарга кошумча окуу материалдарын жаратууда республика боюнча көптөгөн жазуучулар жана мыкты иллюстраторлор эмгек кылышты.
Аталган китептер өлкөнүн бардык мектептерине, китепканаларына декабрь ичи таратылып бүтөт.
