27 июля, 2024

ККМ – жаңы багыт жана арзан альтернатива

Контролдук-кассалык машинага эл да, ишкерлер да акырындап кɵнʏп баратат. Бирок, базардагы ишкерлер буга нааразы болуп, ал тугай митингдерди да уюштурушууда. Себеби эмнеде? Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын сектор башчысы Асылбек Абдырай уулу тɵмɵнкʏдɵй тʏшʏндʏрдʏ.

-Ишкерлердин негизги талабы эмне болуп жатат?

-Нааразычылык акциясынын катышуучуларынын бири ККМ базардагы соодагерлер ʏчʏн канчалык ыңгайсыз экенин айтып берди. Анын айтымында, соода-сатык учурунда кассадагы чекти терʏʏгɵ ʏлгʏрбɵй калган жагдайлар пайда болуп, бул ʏчʏн аларга чоң айып пул салынат. “Бир куту тамекини 100 сомдон сатсак, салык кызматы келгенде кассадан кɵрʏнбɵй калса,13 миң сом айыпка жыгылат экенбиз. Элестете аласызбы?! Бул алгачкы айып пул. Ошондо экинчи айып 26 миң сом. Анан андан ары жогорулап кете берет. Биз 13 миң сом айып тɵлɵйбʏзбʏ же тамеки сатабызбы?”, — дейт ачууланган ишкер. Анын айтымында, базарда иштеген ишкерлер февраль айынан бери бардык мамлекеттик органдарга кайрылып, бирок бул боюнча чечим азыркыга чейин чыга элек.

-Эскерте кетсек, 29-ноябрда Кара-Суу базарынын ишкерлери ККМге нааразычылык билдирип, митингге чыгышкан. 30-ноябрда Орто-Сай базарынын ишкерлери, ушул эле кʏнʏ “Дордой” жана “Мадина” базарларынын соодагерлери да митингге чыгышып, баары патент гана тɵлɵп, ККМди алып салууну талап кылышууда. Митингде баары ойдогудай болгон жок — ал жерде Министрлер Кабинетинин кызматкерине кол салуу болду. Шектʏʏ убактылуу кармоочу жайга киргизилип, “бейбаштык” беренеси менен иш козголгон. 1-декабрда Бишкектеги “Таатан”, “Чынар”, “Аламʏдʏн” базарларынын соодагерлери да патенттерин кайтарып берʏʏнʏ талап кылып нааразычылык акциясына чыгышкан, кɵп ɵтпɵй аларга Кара-Балта шаарындагы базардын соодагерлери кошулган эле. Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-январынан тартып патенттин негизиндеги соода иштери токтотулат. Ɵз кезегинде Кыргызстандын Министрлер кабинетинин тɵрагасы Акылбек Жапаров «белгилʏʏ бир кʏчтɵр соодагерлерди козутуп, ɵлкɵдɵгʏ абалды туруксуздаштырууга аракет кылып жатат» деп эсептейт.

“Кыргызстандагы кɵмʏскɵ экономиканын деңгээли ИДПнын жалпы кɵлɵмʏнʏн 24 пайызын тʏзɵт”

-Контролдук-кассалык машинаны колдонуу канчалык маанилʏʏ?

-ККМ-онлайн — бул накталай операциялар жʏргʏзʏлɵ турган ишкердик субъектине таандык электрондук шаймандарга (компьютер, ноутбук, уюлдук телефон жана башка ушул сыяктуу аппараттар) орнотулган виртуалдык кассалык машина. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде KKM-онлайн кимге жана эмне ʏчʏн керек экендиги жана ансыз ким иштей ала тургандыгы жɵнʏндɵ кеңири айтылды. Ɵткɵн жылдын сентябрь айында болуп ɵткɵн 2020-2022-жылдардагы бюджеттик угууларда айтылгандай, Кыргызстандагы кɵмʏскɵ экономиканын деңгээли ИДПнын жалпы кɵлɵмʏнʏн 24 пайызын тʏзɵт. 2018-жылы кɵмʏскɵ экономиканын акчалай эквиваленттеги кɵлɵмʏ 133 млрд. сомго жеткен. Ушуга байланыштуу, ɵлкɵнʏ санариптештирʏʏ алкагында Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏ тарабынан салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизʏʏ боюнча негиз коюлган.

ʏстʏбʏздɵгʏ жылдын 24-июнунда КРнын Ɵкмɵтʏнʏн №356 токтому кабыл алынып, анда KKM-онлайндын, анын ичинде виртуалдык режимде иштɵɵ эрежелерин, колдонуунун жана каттоонун тартибин бекитʏʏ каралган. Виртуалдуу контролдук-кассалык аппараттарды киргизʏʏ Кыргыз Республикасында салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун жана “Санарип Кыргызстан” санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун компоненттеринин бири болуп саналат.

-Виртуалдык ККМдин ыңгайлуу тарабы?

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин билдирʏʏсʏндɵ аппараттык контролдук-кассалык машинанын же онлайн-режиминде маалыматтарды берʏʏгɵ жɵндɵмдʏʏ ККМдин минималдуу наркы 10 миң сомдон жогору турат жана бул азыркы экономикалык кризис шартында бизнеске, айрыкча чакан жана орто бизнес ишкерлерине, ошондой эле региондордогу ишкерлер ʏчʏн тʏйшʏктʏʏ жʏк болуп саналат. Ошондуктан, бизнести, айрыкча чакан жана орто бизнести колдоо максатында виртуалдык ККМди (Android, iOS жана Windows операциялык системаларында кардардын тиркемеси катары колдонулган программа) ишке киргизʏʏ башталган, бул ККМ-онлайн аппараттык камсыздоого салыштырмалуу жаңы багыт жана арзан альтернатива.

Виртуалдык контролдук-кассалык аппараттарды ишке киргизʏʏ тɵмɵнкʏлɵрдʏ карайт:

-ишкерлер ʏчʏн ыңгайлуу жана жагымдуу шарттарды тʏзʏʏнʏ;

-ак ниет ата мекендик ɵндʏрʏʏчʏлɵрдʏн жана импорттоочулардын кызыкчылыктарын коргоо;

-ак ниет атаандаштыкты адилеттʏʏ ɵнʏктʏрʏʏ шарттарын тʏзʏʏ;

-мыйзам чɵйрɵсʏндɵ заманбап санариптик чечимдерди киргизʏʏ;

-кɵмʏскɵ экономиканы легалдаштырууга багытталган технологияларды киргизʏʏ.

ККМди колдонбостон кимдер иштей алат?

Токтомго ылайык, Кыргызстандын аймагында субъект тарабынан каттоого жана колдонууга контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрине моделдери киргизилген ККМдин нускаларына гана жол берилет.

-ККМди колдонбостон жʏзɵгɵ ашыруу боюнча иш жʏргʏзгɵн субъкттер:

-гезит жана журналдар, ошондой эле гезит-журнал кʏркɵлɵрʏндɵ коштолуучу товарлар;

-баалуу кагаздар;

-стационардык жайлардан тышкаркы лотерея билеттери;

-шаардык коомдук транспортто жʏрʏʏ билеттери жана талондор;

-поезддердин жʏргʏнчʏлɵр вагондорунда чай жана башка коомдук тамактануу азыктары;

-жеке мʏнɵздɵгʏ (гувернанткалар, бала багуучулар, багбандар, ʏй кызматкерлери) жана мал жаюу боюнча кызматтарды кɵрсɵтʏʏ;

-нак чет ɵлкɵ валютасы менен алмашуу операцияларын жʏргʏзʏʏнʏ кошпогондо, коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын, адистештирилген финансы-кредиттик уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жɵнгɵ салынуучу тɵлɵм уюмдарынын кызмат кɵрсɵтʏʏлɵрʏ;

-диний уюмдардын ишин жɵнгɵ салуу чɵйрɵсʏндɵ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган диний уюмдардын кызматтары, диний имараттарда жана кɵчɵ кʏркɵлɵрʏндɵ сыйынуу буюмдарын жана диний адабияттарды сатуу, ошондой эле ырым-жырымдарды, диний ырым-жырымдарды жана каада-салттарды ɵткɵрʏʏ боюнча кызмат кɵрсɵтʏʏлɵр.