8 сентября, 2024

Капчыгайда кар малтап жүрүп балдарды окуткан Каныкей эжей

Мугалим — мектептеги окуучуга эң маанилүү адам, эң үлгү болорлук сабак, эң жандуу мисал. Жумушу менен бирдей окуучуларга да сүйүүсү болсо, анда ал эң мыкты мугалим. Мына ушундай мугалимдин катарын толуктаган, талыкпай өз билимин берип, жолдун кыйынчылыгына карабай алыс жолдон басып, өз милдетин так билген эжекебиз Ыдырысова Каникей Рыскуловна. Кар малтап 3 жарым километрден ашык жол жүрүп, эки жарым саатта мектепке жетет экен. Ошол бир күнүн мектепке баратып, видеого түшүрүп койгон соң учурда социалдык тармакта эжекенин видеосу тарап, баары мугалимге рахмат айтып жаткан учур. Тоолуу аймакта табият кыйындыгынан да электр жарыгы тез-тез өчүп тургандыктан улам электр жарыгы күйгөндө эжеке менен байланыштык.

“Кыйынчылык болсо дагы кесибимди сүйөм”

-Кара-Кулжа районуна караштуу Капчыгай айыл өкмөтүнүн Терек-Суу орто мектебинде 34 жылдан бери иштейм. Мугалим богондон бери бир айылдан экинчи айылга каттап келем. Ошол эле айылдан бөлүнүп чыккан жаңы конушта жашайбыз. Биз жашаган айылда 30 түтүн бар. 20 дан ашык бала Терек-Суу орто мектебине барып, келип окушат. Башталгыч 4-класска чейин өзүбүздүн айылда окушат. Жолдун кыйынчылыгына карабай, балдарга билим берип келе жатабыз. Кыйынчылык болсо дагы өзүбүздүн тандаган, сүйгөн кесибибиз болгону үчүн, тырышып келүүдөбүз. Кыйналып жол жүрүп болсун, жаш балдарыбыздын бизге болгон ишеничин акташыбыз керек. Кыйынчылыктар болсо дагы өзүмдүн кесибимди эч таштабай, сыймыктануу менен иштеп келем.

Жол узак, кышында көчкү жүрсө, жазында таш кулайт, сел жүрөт

-Кар улуу жаап, катуу бороон болуп, борошо жолду тосуп калат. Коркунучтуу кырдаалдардын бардыгынан балдарды көзөмөлдөп барып келебиз. Кургакчылык убакта бир саатта жетем, кар жааган убакта эки жарым саатта жетем. Үйдөн мектепке чейинки аралык 3 км 800 м, тегеректеп айтканда 4 километрге жакын. Айрыкча кышта бороон болуп, эрте менен каардуу суукта жолдо басуу аябай кыйын. Айласыздан окуучулардын издери менен аркасынан барабыз.

“Окуучуларым карышкырдын изин жана чөөнү көрдүк деп калышат”

-Сабак эрте мененки саат 08:00 дө башталат, 2-чейректен баштап 08:30 да башталып калды. 3-чейректен кийин кайра 08:00 дө башталат. Окуучулар жетишип баруу үчүн үйдөн саат 07:00 дө чыгышат. Айрыкча кыштын күнү таң карарып, атып- атпай жолго чыгышат. Кээ бир учурда мектепке бара жатканда жолдун үстүнөн же астынан чөө көрдүк, карышкыр көрдүк, изин көрдүк деп калышат. Бирок ошондой болсо дагы биздин окуучулар кечикпей, ошол эле айылдын окуучулары менен бирдей сабакка барышат.


“Жолдун узактыгы ден соолугубузга дагы зыянын тийгизет”
-Айрым учурда саат жетпей калганда, эрте мененки жана түштөн кийинки эки убакытта тең иштейм. Кээ бир учурда түштөнүү болбой калып, ачка жүрүп, ашказаныбызды бузуп алган учурубуз дагы болот. Суукта суук өтүп, ооруп, тумоолоп жатып калган учурлар да абдан көп. Ошого карабай баарына чыдап иштеп келебиз.

“Жол маселеси чечиле элек”

-Жол маселеси менен жогору жактарга кайрылуу жасалып эле келе жатат. Өздөрү деле келип көрүп кетишкен. Ооба оңдойбуз дешкен. Быйыл окуучуларды ташуу үчүн эл кичи автобус алып берүү боюнча демилге кылышты. Бирок ишке ашырышкан жок.