8 сентября, 2024

Жаңы жылга жаңы болуп кирели…

Ар бир жыл маанилʏʏ жана ɵзгɵчɵ. Жыл жаңырган сайын жаңы нерселер келет. 2023-жылы жашыл тʏстɵр мода болсо, 2024-жылы башка тʏстɵр модага айланат. Бир эле тʏс эмес, бардык нерсенин ар жылга карата алмашуусу болот. Анын сыңарындай, 2024-жылы эмнелер жана кайсылар трендте болушу мʏмкʏн. Бул боюнча кененирээк тɵмɵнкʏ макаладан окуй аласыздар.

Жаңы жылдык дасторкон…

Саналуу кʏндɵрдɵн соң 2024-жыл кирип келет. Жаңы жылга деген сыйлуу дасторкондор жасалат. Бири-биринин ʏйʏнɵ конокко чакыруу жана баруу башталат. Жаңы жыл айымдар ʏчʏн ɵзгɵчɵ сыноо. Анткени дасторконду кооздоо айымдардын милдети эмеспи. Айымдар бир гана кооз жасанып, кийинип, таранып эмес, дасторконго дагы ʏлгʏрʏшɵт. Мына ошол дасторконду даярдап жатканда кылдаттык менен даярдоону сунуштайбыз. Жаңы жыл дасторкон менен байланышкандан кийин ашказанды кыйнап алуу, уулануудан сак болуу керек. Майонез кошулган салаттарды болушунча азайтууну, жер- жемиштен жасалган салат жана тамак- аштарды кɵбɵйтʏʏнʏ сунуштаар элек. Себеби майонез кошулган салат эрте ачып же бузулуп калат. Анын бузулганын билбеген тʏрдɵ жеп алгандар кɵп. Жаңы жылда тʏнкʏ саат 12:00дʏ кʏткɵндɵр кɵп эмеспи. Ошол убакка чейин дасторконду жасап алып олтурушат. Бул дагы ден соолукка ɵтɵ чоң зыян алып келет. Анткени бул убакта организмде тамакты сиңирʏʏ функциясы азаят. Мʏмкʏн болушунча эрте тамактануу зарыл.

Жаңы жылга жаңы даам

Жаңы жылдык дасторконго кандай салат даярдасам деп ойлонуп жатасызбы. Майрамдык менюну эртерээк тʏзʏңʏз. Ɵзгɵчɵ жана пайдалуу, зыяны жок даамдарды ойлонуп баштаңыз. “Кʏн желеси”, “кулпунай”, “испан салаты” жана жер-жемиштерден тʏрдʏʏ жаныбарлардын элесиндеги салаттарды жасасаңыз болот. Бул да болсо дасторконго кɵрк кошуп турат.

Кʏн желеси салаты

Сырды жана сууга бышырылган жумуртканы, ага сарымсакты кошуп сʏргʏчтɵн ɵткɵрɵбʏз. Бул аралашманы белгилʏʏ бир массада аз-аздан кылып тоголоктойбуз. Майда тууралган кɵк пиязга, кʏнжʏткɵ жана паприкага оонатабыз. Эми даярдаган салатыбызды майда тууралган калемпирге же сабизге аралаштырсаңыз болот.

Кулпунай салаты

Балыкты тазалап, майда ɵлчɵмдɵ туурайбыз. Сырды сʏргʏчтɵн ɵткɵрʏп ага кошобуз. Кошумча грек жаңгагын жана кɵк пиязды да салып баарын аралаштырабыз. Мындан сырткары сууга бышырылган картошкага бир аш кашык ɵсʏмдʏк майын кошуп эзип алабыз дагы андан токочторду жасайбыз. Токочтордун ортосуна бир чай кашык аралашмадан салып, кулпунайдын формасына келтиребиз. Эми 5 мʏнɵткɵ муздаткычка салып коёбуз. Салатыбызды ɵңʏнɵ чыгаруу ʏчʏн кызылчанын ширесине жасаган кулпунайларыбызды малып, ʏстʏн май менен майлап, кʏнжʏт себелейбиз. Баары даяр болгон соң сабагын петрушкадан жасап алабыз.

Жаңы мода

Быйылкы 2024-жылы тренд жана мода болуучу кийимдер стилисттердин айтуусу боюнча булгаары, узун юбка, узун кɵйнɵк жана классика кийимдери кɵп кийилет. Кɵбʏн эсе бул кийимдер ретро стилинде жайылат дешет.

Жаңы жылга макияж

Баарыбыз чыдамсыздык менен кʏткɵн жаңы жылга жаңы макияж менен кирʏʏнʏ сунуштайбыз. Ар бирибиз ɵзгɵчɵ образда болгубуз келет эмеспи. Жаңы кийим киебиз, жаңы буюмдарды алабыз, ʏйдʏ кооздойбуз, эми ɵзʏбʏздʏ дагы кооздойлу. Жаңы жылга сулуу жана ажарлуу айым болуп кирели. Быйыл 2024-жылы табигый жʏз кɵбʏн эсе байкалат. Бир эле Кыргызстанда эмес, дʏйнɵ боюнча стилдер бир калыпка тʏшʏʏсʏ мʏмкʏн. Бирок бул 50% гана чындык.

Жаңы тʏс

Быйыл 2024-жылы шабдалы тʏстɵрʏ мода болот. Ɵтɵ ачык эмес, ɵтɵ жабык эмес. Кайсы бир тʏстɵрдʏн аралашмасынан кошулуп келип чыккан бир тʏстɵгʏ материалдар. Алардын тʏсʏн так кызыл же жашыл деп айтууга мʏмкʏн эмес. Анткени алар бир аталыштагы тʏс болбойт. Жашыл эмес жашылгыч же кызылгыч деген сыяктуу болушу мʏмкʏн.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы