8 сентября, 2024

ЖАҢЫ ЖЫЛГА РОТШИЛЬДДЕР БОЖОМОЛУ

Британиялык “Экономист” жумалыгынын версиясы боюнча жаңы жылда планетаны эмнелер кʏтʏʏдɵ?

Жаңы жыл астанасына жакын британиялык респектабелдʏʏ жумалык басылма салт болуп калгандай, “Дʏйнɵ-2024” деп аталып, картиналар менен шифровкаланган мукаба менен чыкты. Журнал ʏстʏбʏздɵгʏ жылдын кʏзʏндɵ ɵзʏнʏн 180 жылдыгын белгилеген жана аны  планетадагы эң эле эски жана таасирдʏʏ финансылык клан аталган Ротшильддердин рупору, “дʏйнɵлʏк олигархиянын кʏжʏрмɵн барагы” деп да коюшат. Журналдын башкы редактору, Бильдбергдик клубдун  жабык отурумдарынын такай катышуучусу Занни Минтон Беддоус аны бекеринен дʏйнɵнʏн жашыруун ɵкмɵтʏ деп атабайт. Андыктан, “Экономисттин” шифровкаланган мукабасы публиканын  чоң кызыгуусун жаратаары турган иш. Журналды дʏйнɵнʏн ар кайсы бурчундагы саясий жана ишкерлер элитасынын ɵкʏлдɵрʏ окушат. Мындай кайрылуу аркылуу глобалдык акчанын кожоюндары “ɵз адамдарын” планета жана бизди эмне кылууга камынып жатышкандыктары жагдайында эскертишʏʏдɵ деп да  болжоого болот.

Алгачкы ирет дал ушундай баш айлантманы “Экономист” мындан он жыл мурун жарыялаган. Орус экономисти Юрий Белоус аны биринчилерден болуп жандырып берген. Белоус онунчу ирет Ротшильддик бул шараданы чечмелɵɵдɵ.

БАРДЫГЫ ШАЙЛООГО!

-Мурдагы жылдарда бул мукабалар ребус, компьютердик матрица,  мистикалык Таро картасы тʏрлɵрʏндɵ чыкчу. “Дʏйнɵ-2024” аналогдук микросхема тʏрʏндɵ берилген-дейт эксперт. Мукабадагы борбордук элемент-добуштардын бюллетендери бар урна. 2024-жылы дʏйнɵнʏн жетимиштей ɵлкɵлɵсʏндɵ шайлоолор ɵтɵт: Австрия, Бангладеш, Белоруссия, Улуу Британия, Индия, Индонезия, ТАР, Россия, АКШ, Финляндия жана башкалар. Ал жактарда планета калкынын дээрлик жарымынан кɵбʏ, 4, 2 миллиард эл жашайт.

“Сɵз жок, президенттик таймаштын эң маанилʏʏсʏ жана уулуу-чуулусу, поляризациялоочʏ мʏнɵздɵгʏсʏ Америкада ɵтʏп,  глобалдык саясатка кɵлɵкɵсʏн тʏшʏрɵт”,-деп эскертет “Экономист” журналынын башкы редактору Занни Минтон Бедоус. “Украинадан баштап Жакынкы Чыгышка чейинки конфликттердин фонунда Американын келечектеги багыты, аны менен кошо ушул кезге чейин америкалык жетекчилик кармап келген дʏйнɵ тартиби кыл учуна коюлат. Бул ɵтɵ чыңалган жана  кооптуу жыл болот”.

СОГУШ ЖАНА ТЫНЧТЫК

“Мукаба-шараданын ɵйдɵңкʏ бɵлʏгʏн дал ушинтип атоого болот”,-деп улантат эксперт Юрий Белоус.- Бул жерде Путин жана Зеленский бетме-бет берилген. Экɵɵнʏн ортосунда кум саат. Ал жʏрʏп турат. Глобалисттердин рупору Владимир Путин президенттиктин катары менен ʏчʏнчʏ мɵɵнɵтʏн ( жалпысынан бешинчисин) сɵз жок жеңип чыгаарына кʏмɵн кылбайт. Украинадагы президенттик шайлоонун пландалып жатышы жагдайында журнал унчукпайт. Муну андай шайлоонун жылдырылышына ишаара деп да тʏшʏнсɵ болот.

Путиндин башынын ʏстʏндɵ зайтун бутагын тиштеген кɵгʏчкɵндʏн-тынчтыктын символу, Зеленскийдикинде  бомбанын-согуштун символу  чагылдырылган. “Чоң жыйырмалыктын”  онлайн саммитинде Россиянын президенти Владимир Путин мынтип билдирген: “Албетте, согуштук аракеттер ар дайым трагедия. Конкреттʏʏ адамдардын, конкреттʏʏ ʏй-бʏлɵлɵрдʏн, бʏтʏндɵй алганда бʏткʏл ɵлкɵнʏн трагедиясы. Сɵз жок, биз  бул трагедиянын кантип токтотуу керектигин ойлонууга тийишпиз. Баса демекчи, Россия эч качан тынчтык жол менен сʏйлɵшʏʏдɵн баш таркан эмес. Россия эмес, Украина тынчтык жолу менен сʏйлɵшʏʏ процессинен чыгуу жɵнʏндɵ ачык айткан. Андан ашып, мамлекет башчысы Россия менен мындай сʏйлɵшʏʏлɵрдʏ жʏргʏзʏʏгɵ тыюу салуу боюнча жарлык, декретке кол койгон”.

Путиндин жанында Трамп суроо белгиси менен берилген. Глобалист-интернационалисттер маалым болгондой улутчул  Трампты жаман кɵрʏшɵт. Трамп азыр  Ак Yйгɵ кайтуу аракетин кɵрʏп жатат.

“Дональд Трамптын талапкерлигинин ɵзʏ эле америкалык демократиянын баркын кетирет”,-деп кʏйпɵлɵктɵйт “Экономисттин” башкы редактору. -Анын бул дʏйнɵ  алдууларына, айрыкча Путинге болгон сʏйʏʏсʏ орус-украин согушун 24 саатта токтотом деп мактанганы согушту Украинанын эсебинен токтотууга аракеттенет деп эле тʏшʏнʏʏгɵ мʏмкʏндʏк берет. Трамп талапкер болбоосу да мʏмкʏн, болуп калганда деле утулуусу ыктымал. Бирок, экинчи мɵɵнɵткɵ Трамптын шансы кооптондурган маанайда жогору. Акыбети демократия жана бʏткʏл дʏйнɵ ʏчʏн катастрофалык мʏнɵздɵ болуп калуусу мʏмкʏн”.

Эми аңдаштырып кɵргʏлɵ: Украинадагы кан тɵгʏлʏʏнʏн токтотулушу –демократия жана бʏткʏл дʏйнɵ ʏчʏн катастрофабы? Трамп ɵзʏ болсо,тескерисинче, мынтип сыймыктанат: “Мен жаңы согуштарды баштабоо жагына келгенде он жылдыктардагы АКШнын биринчи президентимин”. Ошондо мукабанын жогору жагындагы тынчтыктын кɵгʏчкɵнʏ ага да тиешелʏʏ болуп калат.

“КЫЛ КУЙРУКТУУ” АЙЫМ

Мукабанын Зеленский тарабында жайгаштырылган “кыл куйрук” прическасындагы айым да суроо жаратат. Ал Украинага президент болуучу анын аялы Еленабы? Юлия Тимошенкобу? Же АКШнын вице-президенти Камала Хариспи?

 -Чындыгында бул  2024-жылы Мексикада ɵтɵ турган президенттик шайлоонун фавориткасы климатолог Клаудия Шейнбаум. Журнал анын жеңишинен шек санабайт. Украинага анын эч кандай тиешеси жок. Ал эми Трамп жеңип чыга турган болсо, каршылашуу сɵзсʏз кʏтʏлɵт,-дейт Юрий Белоус. -АКШнын ички саясатындагы бир проблема-мигранттардын мексикалык чек ара аркылуу Латын Америкасынан  жʏрʏп  жаткан кʏʏлʏʏ агымы. Жана ал тараптан келʏʏчʏ наркотика. Трамп ɵзʏнʏн биринчи мɵɵнɵтʏндɵ Мексика менен болгон чек арага айтылуу дубалды куруп баштаган. Байден Ак Yйгɵ келгенден кийин бул долбоорду жаап салган. Эми АКШ Мексика аркылуу ɵткɵн нелегалчылардын жана наркотиканын саны рекорддук тʏрдɵ ɵсʏп жаткан кырдаалга туш келди. Шайлоо алдындагы демократтардын баш оорусу ушуга байланышкан. Трамп болсо миграциялык катуу саясатты кайтарып, дубалдын курулушун улантуу убадасын берʏʏдɵ. Алыскы Украинага жардам бергенден кɵрɵ ага бул маанилʏʏ болуп турат.

КОСМОСТУК  ЖАРЫШУУ

Мукаба-шараданын ɵйдɵ тарабында ракеталар жайгаштырылган. Согуштук эмеспи?

-Согушка алардын эч кандай тишеси жок,- дейт эксперт. Ɵйдɵңкʏ сол тарапта “Аполлон”-11.1969-жылы Айга тарыхта биринчи болуп конгон башкарылма космостук корабль жана “Аполлонду” Айга алып чыккан “Сатурн-5” оор салмактагы  ракета — ташуучу. Арийне бул эми ɵткɵн доордун иши болуп калды. Ɵйдɵңкʏ оң тарапта НАСАнын автоматтык планеттер аралык станциясы. Аны Юпитердин алтынчы жандоочусу Европанын жашоого болор-болбоосун изилдɵɵ максатында учуруу 2024-жылдын 10-октябрына белгиленген. Станцияны Илон Масктын компаниясына таандык ракета- ташуучу жеткирет.

ФИНАНСЫ  РОМАНСЫ

“Батыш экономикасы быйыл кʏтʏлгɵндɵн жогорку кɵрсɵткʏчтɵргɵ жетише алды, бирок алар али кризистен чыга элек”,-деп белгилейт эксперт. Пайыздык жогорку ставкалар компаниялар ʏчʏн да, керектɵɵчʏлɵр ʏчʏн да пайдалуу. Дʏйнɵлʏк экономика 2024-жылы арыкчырай бойдон кала  берээрин “Экономист” болжолдойт. Андай абалдын тʏпкʏ себеби Украинага аскердик жардам акциясында жаткандыгы айтпаса деле тʏшʏнʏктʏʏ.

АКШ-КЫТАЙ АЛАКАСЫ

-Бул мукабанын ылдыйкы бɵлʏгʏндɵгʏ  башкы сюжет,-деп белгилейт Юрий Белоус.АКШ президенти Жо Байден жана Кытай лидери Си Цзиньпин бири-бирине тескери  карап турушат. АКШ Кытай менен болгон алакасын оңдоого аракеттенʏʏдɵ, бирок бир нерсе тʏшʏнʏктʏʏ: Американын “ бир полярдуулугу” соңуна чыкты.

“ЖАШЫЛ ЭНЕРГЕТИКА”

Глобалисттер казылып алынуучу отундан толук баш тартып, “жашыл энергетикага жабышуу жагына жан ʏрɵшʏʏдɵ. Бул ондогон жылдарды ɵзʏнɵ камтуучу процесс жана эмне менен бʏтɵɵрʏ да белгисиз. Россияны алсыратуу ʏчʏн Штаттар  тез темп менен “жашыл ɵтмɵктʏ” демилгелɵɵгɵ аргасыз болушту. Бирок, углеводдордон  ылдам баш тартууну кʏтпɵɵ керек. Перия булуңундагы ɵлкɵлɵр менен Россия мунай жана газды экспорттоодон дагы узак убакыт бою киреше табышат. “Жашыл инфраструктураны” тʏзʏʏ ʏчʏн миллиондогон тонна жез, никель, литий, кобальт, кремний, сейрек металлдар талап кылынат. Никель, литий жана кобальт электромобилдердин аккумуляторлору ʏчʏн керектелет. Арийне, бул жерде АКШны бир  буктурма  чырмап турат. Россия жез, никель  жана кобальт ɵндʏрʏʏ кɵлɵмʏ боюнча дʏйнɵдɵ ʏчʏнчʏ орунду ээлейт.

 АВТОМОБИЛЬ АРМИЯСЫ

2024-жылы Кытай автоэкспорт жагынан Германия менен Японияны басып ɵтʏп, дʏйнɵдɵгʏ эң ири автоэкспортерго айланат. Азырынча электромобилдердин жетектɵɵчʏ ɵндʏрʏшʏн ээлеп турган “Тесла” компаниясын кытайлык “БВД компаниясы сʏрʏп чыгат. Ал электромобилдерди Илон Масктын фирмасыныкына салыштырмалуу  кɵп санда ɵндʏрʏп, дʏйнɵнʏн бардык жеринде сатууга жетишет.

ЭЛЬ-НИНЬО БУРКАН-ШАРКАН ТYШYYДƟ

2024-жыл  божомолдоолор боюнча,  метеокɵзɵмɵлдɵɵнʏн тарыхындагы эң ысык жыл болот. Планетадагы мурасталган 1,5 градустук  температура жогорулайт. Мунун себеби адам факторунда эмес, Перунун жээктериндеги Эль-Ниньо жылуу агымдарынын ɵйдɵ-тɵмɵн ɵзгɵрʏʏлɵрʏндɵ жатат. Ысыктык менен кошо жаңы жылда  ɵрттɵрдʏн жана башка экстремалдык аба ырайынын кɵрʏнʏштɵрʏ орун алуулары ыктымал.

Абдираим  Мамытов