27 апреля, 2024

ЭКИНЧИ ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ЭМНЕНИ ДАЛИЛДЕДИ?

Биринчи элдик курултайда жалпысынан тɵрт миңден ашуун сунуш тʏшкɵнʏ маалымдалган. Алардын ичинде мамлекеттик маанилʏʏ маселелерди камтыгандары да, жергиликтʏʏ бийлик органдары тарабынан эле чечилип кала тургандары да бар. Курултай делегаттары сунуш кылган маселелердин канчасы чечилди же чечилʏʏ мерчеминде турат деген соболго жооп издɵɵ маанилʏʏ. Дегенибиз, ар кандай эле иш чара натыйжа-акыбети аркылуу бааланып-баркталаары турган сɵз. Биринчи элдик курултайда тʏшкɵн сунуштардын чоо-жайы жагдайында “Элдик курултай” улуттук ассоциациясынын аткаруу комитетинин тɵрагасы Бейшенбек Абдразаковдун берген маалыматтарына таянсак, республиканын ар бир айыл ɵкмɵтʏнɵн ʏчтɵн кɵйгɵй кɵтɵрʏлʏп, тишелʏʏ формада протоколдуштурулуп, расмий тʏрдɵ Ак Yйгɵ жɵнɵтʏлгɵн. Ага ылайык, аткаруу жоопкерчилигине мɵɵнɵт коюлуп, бекитилген. Курултайга келип сʏйлɵшкɵн жана кагаз жʏзʏндɵ бийликке беришкен, ошентип олтуруп, тɵрт миң сунуш тʏшкɵн. Ошонун эки миңи быйылкы жылда аткарылды. Бир жылда бʏткɵрʏлɵ турган обьектилер бʏттʏ. 2005 мектеп салынды, 500 чакырым жолго асфальт тɵшɵлдʏ, 200 чакырымга таза суу тартылды. Чоң эки ГЭСтин курулушу башталды. Айтылбаган маселелердин арасынан аэропорт Караколдо, Нарын жана Таласта салынып жатканы да кубанаарлык кɵрʏнʏш. Булар курултайда айтылган эмес. Бирок, президенттин жеке демилгеси менен салынып жатат, акыр бир кʏн бул кɵйгɵй кɵтɵрʏлмɵк да.

Биринчи курултайда президент мектеп, бала бакча сыяктуу ансыз деле аткарыла жана чечиле турган кɵйгɵйлɵрдʏ кɵтɵрбɵɵнʏ, сɵзгɵ чыккандардан убакытты ʏнɵмдɵп, башка маанилʏʏ маселелерге токтолууну ɵтʏнʏп кеткени бар.

“Буларды сɵзсʏз тʏрдɵ Министрлер Кабинети, тиешелʏʏ министрлер жана губернатор, акимдер жасоого тийиш  делген маселелер. Булар ансыз деле аткарылышы керек болчу. Бирок бизде 30 жылдык тажрыйба кɵрсɵтʏп жатат да. Эл кɵтɵрсɵ деле булар аткарбайт”,-деп  ɵкʏнʏʏ менен белгиледи президент экинчи элдик курултайдын ачылышында сʏйлɵгɵн сɵзʏндɵ.

ТУУЛГАНЫНА ЭМЕС, ТУРГАНЫНА СYЙYН 

“Элдик курултай жɵнʏндɵгʏ” мыйзамдын  талабына ылайык, 700 делегаттардын арасынан курамы 17 кишиден турган Улуттук кеңеш тʏзʏлʏʏгɵ тийиш эле. Анын ичинен ар бир облуска бирден ɵкʏл шайланат. Пезиденттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин айтымында, алар эл тарабынан шайланып, тʏздɵн-тʏз Президенттик администрацияга баш ийишет. Айлык акылары чегерилип, иштɵɵгɵ мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏлɵт. Бир жыл бою президенттин облустардагы ɵкʏлдɵрʏ, акимдер менен иш алып барышат.

Ɵткɵн курултайдын башында тургандар “Элдик курултай ассоциациясы” коомдук бирикмесин тʏзʏп, ал ушул жылдын 23-октябрында каттоодон ɵткɵн. Негизги максаты- Курултай институтун миң жылдык кылып тикелɵɵ дешет демилгечилер. Мамлекеттик телеканалдарга берген маектеринде алар Элдик курултайды ЮНЕСКОго каттатуу дымактары да бар экендигин маалымдашууда.

Ошентип, Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда  ɵткɵрʏлгɵн экинчи Элдик курултай ɵз ишин ийгиликтʏʏ жыйынтыктады деп айтканга негиз бар.

Бул жолу курултайга 700гɵ жакын делегаттар келишип, алардын ичинен 640 киши Кыргызстандын аймактарынан, 30 делегат  этностук ɵкʏлчʏлʏктɵрдɵн, 30 делегат че ɵлкɵлдɵгʏ эмгек мигранттары тарабынан шайланышкан. Экинчи Элдик курултайдын ишин Мамлекеттик катчы  С.Касмамбетов ачып, эки делегат мыйзамга ылайык,ʏч делегат жʏйɵлʏʏ себептер менен курултайга катышпай турганын, ошондо курултайга жалпысынан 695 делегат катышып жатканын маалымдады

Курултайга президен Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мʏчɵлɵрʏ, мамлекеттик органдардын жана жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдарынын ɵкʏлдɵрʏ катышты. Курултай делегаттары ʏчʏн мамлекеттик маанидеги бардык маселелерди кɵтɵрʏп-талкууга коюуга ушунун ɵзʏ мʏмкʏнчʏлʏк бергенин айта кетʏʏ керек. Бирок, чыгып сʏйлɵгɵн делегаттардын сɵзгɵ чыгуу убактысы абдан эле кыска болуп калгандай таасир калганын баса белгилеп кетʏʏ да зарыл. Убкытты уккандар ʏчʏн да, айткандар ʏчʏн да ыңгайлуурак таризде ʏнɵмдɵй билʏʏ жагын сɵзсз эске алынуусу шарт.Канткен менен  ар кандай маселенин айтылышы менен кагазга жазылуусунун ортосунда белгилʏʏ айырмачылыктар бар экенин танууга болбойт.

СОЦФОНДГО КАЙРЫЛУУ КƟП БОЛДУ

Аймактардан атайын шайланып келген делегаттарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тɵрагасы, тɵраганын орун басарлары жана кызматкерлери эки кʏн бою тыныгуусуз кабыл алып, кɵйгɵйлʏʏ суроолорго тиешелʏʏ жоопторун беришти. Жалпысынан Соцфонддун дарегине 17 маанилʏʏ делген кайрылуу болуп, анын ичинен кат тʏрʏндɵ 8 кайрылуу катталды, тогуз кайрылуу ооз эки  кабыл алынды. Алардын басымдуу бɵлʏгʏн пенсия, жɵлɵкпул маселелери тʏзгɵндʏгʏн Соцфонддун маалымат кызматы кабарлады.

“ЭКИ ДОС МАНСАП YЧYН ЭЧ КАЧАН ЧЫРДАШПАЙБЫЗ”

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун президенттик мɵɵнɵтʏ алты жылга белгиленип, экинчи мɵɵнɵткɵ барбоосу жагдайында башынан эле сɵз болуп  келаткан. Бирок, элдик курултай ɵтʏп жаткан маалдарда УКМК тɵрагасы Камчыбек Ташиев Садыр Жапаров экинчи ирет президенттикке шайланууга укуктуу экендиги тууралуу соцтармактарга билдирʏʏ таратты. Билдирʏʏдɵ мынтип айтылат:

“Урматтуу мекендештер! Эми гана ɵзʏмɵ келдим, 3 кʏндɵн бери катуу ооруп. Эми гана баш кɵтɵрдʏм.Ажобуздун Элдик курултайда мен жɵнʏндɵ айткан пикирине ɵз оюмду билдирип коюуну чечтим.

Биринчиден, президент туура айтты, эки дос мансап ʏчʏн эч качан чырдашпайбыз. Экинчиден, биз ʏчʏн кыргыз элибиздин тынч, бакубат, келечектʏʏ жашоосу эң кымбат жана эч нерсеге алмаштыргыс бакыт! Yчʏнчʏдɵн, президентибиз мурдагы Конституциянын негизинде 6 жылга шайланган. Ал эми Бʏгʏнкʏ Конституциянын негизинде дагы бир жолоу 5 жылга, экинчи мɵɵнɵткɵ шайланууга укуктуу. Ошондуктан Садыр Нургожоевичти колдоп- кубаттап, чогуу элибизге кызмат кылабыз деп ʏмʏт артамын. 8 жылдан кийин эл-журт деп Садыр досумдай кʏйʏп жанган кыргызымдын бир инсаны чыгаар, буюрса!»

Абдираим  Мамытов