18 октября, 2024

Онлайн курстар: Окутуу оңой, пайдалануу кыйын

Соңку жылдары социалдык тармактарда ийгиликтʏʏ, кирешелʏʏ жашоо сырларын ʏйрɵткɵн эксперт, коучтар кɵбɵйдʏ. Семинар, курс, марафон ɵткɵргɵн кээ бир блогерлер онлайн продукция  сатып, чоң суммадагы акчаларды табышат. Курс саткан кээ бир блогерлерде бул тармакта кесиптик гана эмес, жеткиликтʏʏ  тажрыйбасы да аз болгондуктан, мындай кɵрʏнʏштɵн пайданын ордуна зыянын тийгизиши мʏмкʏн.

Психологдордун айтымында, аталган маалымат продукциясын  ʏйдɵ отуруп акча табууну каалаган айымдар жана жашоосунда ар кандай кризис болуп жаткан адамдар кɵп сатып алышат. Акыркы жылдары мындай жагдайлар бизнеске да айланып бара жаткансыйт. Кɵпчʏлʏк учурда бир айлык же жумалык билим алып ал сабактарды кайра башкаларга саткандар да арбын. Ɵнʏгʏʏ курстарын сатып алуучулардын кɵпчʏлʏгʏ нумерология, ата тегин таанып билʏʏ, аял-эркек мамилеси, акча табуу багыттары боюнча кɵп кайрылышат.Эгер адамда моралдык жетилʏʏ бышса, коомдогу караңгы курстарга алданбай чыныгы адистерди ылгап калаары бышык.

“Курстарды же марафондорду сатып алаарда жогорку билимин карап, кайсыл мекемеде окугандыгы тууралуу билʏʏ керек.  Жыйынтыгында кандай жɵндɵмдɵргɵ ээ боло ала тургандыгы тууралуу анализдɵɵ зарыл”,- дейт адистер.

Акчач Жолдошева, психолог:

“Психологияны дасыккан, чыныгы адистен окуу керек”

-Азыркы учурдагы онлайн психологиялык курстар чет ɵлкɵлɵрдɵ, анын ичинен Россияда  ɵнʏгʏп жатат. Бул мамлекетте психология калыптанып, ɵнʏгʏʏнʏн жолунда. Анткени, атайын лицензиядан ɵткɵн сайттар ишке кирген. Анда атайын 72, 100 саат жана башка убакыттар  бɵлʏнʏп, атайын сертификаттарга ээ болушат. Бул эл аралык психологиялык  институттарда 2 диплом берет, бирɵɵ орусиялык, экинчиси эл аралык. Алдын ала тɵлɵм жʏргʏзгɵндɵн кийин атайын аккредитациядан ɵткɵн мекемеде, жогорку билимдʏʏ адистерден сабак алышат. Ал эми Кыргызстанга келе турган болсок, онлайн форматта атайын психологиялык билими жок, бирок 3-6 айлык курстан ɵткɵн,  сертификаты бар адамдар сабак ɵтʏп жʏрɵт. Сабак сатып алаарда, алданып калбаш ʏчʏн чыныгы психолог менен коучингди тактап алуубуз керек. Ошондуктан онлайн курстарды бɵлʏп карообуз абзел. Бизде окуган студенттер да айтып калат. “Жеке терапиядан ɵтʏшʏбʏз керекпи? Андан ɵтʏʏ ʏчʏн 7 миң сом тɵлɵм жʏргʏзʏʏ керек” деп. Анан кимдер деп сураштырсак, Ош шаарындагы эле диплому жок, сертификат алган психологдор болуп жатат. Албетте, кандай адиске баруу керек же барбоо керектиги жɵнʏндɵ маалымат беребиз.

 Албетте, кээ бир катышуучулар бул курстардан эффективдʏʏ жыйынтык кɵрдʏк дегендер да жок эмес. Уланбек кызы Айпери:

“Окуган билимди пайдаланып кетʏʏ ɵзʏңдɵн кɵз каранды”

-Мен “Ɵзʏн таанып-билʏʏ” багыты боюнча онлайн курста окугамын. Мисалы, таарынуу эмнеден пайда болот? Куткаргыч, “жертва”, агрессор ушул сыяктуу темаларды ɵткɵнбʏз. Мен ойлойм, ар бир адамдын ой жʏгʏртʏʏ, кабыл алуусу ар кандай. Сатып алган сабактан пайдаланып, жашооңдо колдонуп кетʏʏ ɵзʏңдɵн кɵз каранды. Бул ар кимдин кабыл алуусуна байланыштуу. Азыркы цивилизациялык доордо психологиялык курстардын зарылчылыгы бар. Аялзатына эле эмес, эркек адамдарга да керек. Эң негизгиси, сабак сатып аларда тажрыйбалуу, билими жогору адисти карап чыгуу зарыл деп ойлойм.

Ɵндʏрʏштʏк багыттагы курстар да арбын

“Жашоону ɵзгɵртʏʏчʏ” курстардан айырмаланып ɵндʏрʏштʏк багыттагы курстарга окуган пайдалуу. Мисалы: тамак аш жасоочу, туура боёнуу, СММ, ɵзʏнɵ кам кɵрʏʏ, ютуб, интаграм жана тик-ток баракчаларды туура жʏргʏзʏп, кирешеге чыгуу багыттары боюнча да арбын.

“Соцтармакты туура колдонгондуу билʏʏ керек”

“Дʏйнɵлʏк деңгээлден бир аз артта калганбыз, онлайндан кирешеге чыгып, социалдык тармактарды туура колдонгонду билʏʏбʏз керек”,- деп эсептейт блогер Пактакунова Айданек:

-Мен блогер болгонума 5 жылдын жʏзʏ болуп калды.  Ал эми онлайн курстарды 3 жылдан бери ɵтɵм. Ɵзʏм визажист болгондуктан, ушул багыт боюнча  видео тартып, аралыктан 10 миңден ашык айым окуду. Алар туура боёнгонду ʏйрɵнʏштʏ. Арасынан салон ачып, кирешеге чыккандар да бар. Аны менен катар социалдык баракчаларды туура жʏргʏзʏʏ боюнча да бир катар курстарды эң арзан баада ʏйрɵтʏп жатам. Менин максатым, ʏйдɵ отурган энелерге телефонду туура жакка колдонуп, кирешеге чыкканды ʏйрɵтʏʏ. Интернет заманында бир жерге барып окуунун кажети жок, убакытты ʏнɵмдɵп, ошол эле учурда ɵзʏңдʏн бизнесиңди ɵнʏктʏрсɵң болот.

Азыркы тапта, ютуб курсун ʏйрɵтʏп жатам. Муну башка ɵлкɵлɵр мурунтан эле ɵздɵштʏрʏп, пайда табышат. Азыркы учурда 400дɵй адамды окутуп жатам, анын баары алып кетпей, аракет кылып 150сʏ гана тапшырмаларды аткарып, каналдарды ачып аракет кылат. Курсту сатып алган адам практика жʏзʏндɵ колдонбосо эч кандай жыйынтык кɵрбɵйт. Эгер кɵрʏп, бирок  аракет кылбаса акчасы жɵн эле текке  кетет. Азыркы заманда онлайн ɵнʏгʏп келатат. Чынында кызыгып, аракет кылсаң кирешеге чыга аласың!

 Калича Шералиева, шаар тургуну:

“Коучтардын кардарлары ʏйдɵ отуруп буулуккан кыз-келиндер экен”

-Мен орто жаштамын. Кызым коучтан онлайн сабак алам деп калды. Таң эрте туруп жакшы эле баштаган. Бир кʏнʏ эмне болгон сабак деп уксам, ɵзʏнчɵ эле гипноздоп атат. “Кɵзʏңɵрдʏ жумгула, элестеткиле” деп бир сɵздɵрдʏ айтты. Кийин кызымдын ордуна ɵзʏм катыштым бир сабагына. Анын айткан мисалдарын интернеттен карасам бʏт эле дʏйнɵлʏк атактуу коучтардын мисалын кыргызчалап окшоштурат экен. “Ыйлап атам” деп жазгандар кɵп экен, эмнесине ыйлайт, эмоция жок. Онлайнда миңдеген кыз-келиндер угуп, билдирʏʏ жазып отурушат. Байкасам, кɵпчʏлʏгʏ миграцияда, айыл жеринде, же декретте отуруп буулуккан аялдар. “Кызым, турмуш кура элек жатып кʏйɵɵ кордугу, кайнене, кайнежеге кандай чабуул жасаш керек, кантип коргонуш керек, ажырашып кетсең деле башка кʏйɵɵ табылат дегенди ʏйрɵнбɵй эле койчу, билимди башка жактан ал” деп атасы экɵɵбʏз айтып-дедик. Арасында тиги коуч ɵзʏн тынбай жарнамалап турат экен, “сизде окуп кʏйɵɵм лексус алып берди”, “сиздин курсуңузда окуп эки айда батир алдым деген” билдирʏʏлɵр кимди болбосун азгырат. Тарифтери бар экен, жолдошум экɵɵбʏз санасак айына эле миллиондогон сумма табат экен.

Дурусбек Атазаков, шаар тургуну:

“Артисттерден бери «акыл ʏйрɵткʏч» болуп кетти”

-Курстардын ɵндʏрʏштʏк жагын жакшы эле баалайм. Бирок бала тарбиялоо, аял, кʏйɵɵ мамилеси деген курстарды колдобойм. Мисалы, ʏч жаштан кийин кеч деп япондордун мисалын келтиришет. Ɵзʏм Японияда жашап-окуп келген адам катары айтам, анын бизге бир тыйынчалык да кереги жок. Анткени биз кыргызбыз. Бизде бала тɵрɵлгɵндɵ эле ɵзʏбʏздʏн каада-салтыбыз менен ырымдарды колдонуп баштайбыз. Баланы да бала бакчага эки жаштан беребиз, а япондордо алты айдан баштап бала бакчага барат, аларда шарт бар, баланы жылаңайлак коёт, бизде бир кʏн байпагын чечип койсоң эртеси ооруканага жʏгʏрɵбʏз. Айтор, мен ушул жагын колдобойт элем. Чындыгында бизде артисттерден бери психолог, «акыл ʏйрɵткʏч» болуп кетти.

Бурулай Уланбек кызы