8 сентября, 2024

Жеке кызыкчылыктан окуу жайдын кызыкчылыгын жогору койгон жетекчи

Катардагы мугалимдиктен ректорлук кызматка чейин жетип, иш билги аракети жемишин берип, университеттеги достук мамилени бекемдеди.  Кыргыз-Ɵзбек университетин эл аралык статуска ээ кылып, ректорлук кызматты ɵз убагында жамааттын колдоосу менен тапшырып берген КƟЭАУнун мурдагы ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич менен маектештик.

“Жамааттын ар тараптуу колдоосу аркылуу университетте ɵнʏгʏʏ болду”

-2013-жылы Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университетинин жалпы эмгек жамаатынын колдоосу менен ректорлук кызматка келгенмин. 2023-жылдын август айынын акырына чейин аталган кызматта эмгектенип келдим. Жакшы кʏндɵр болду. 10 жыл аралыгында бир топ жумуштар аткарылды. Университеттин ɵнʏгʏʏсʏ ʏчʏн болгон кʏч-аракетимди жумшадым. Университеттин деңгээлин бир баскычка жогорулаттык десем туура болот.  Бул иштердин бардыгы ɵзʏнɵн-ɵзʏ эле болуп калган жок. Иш болгон жерде тосколдуктар сɵзсʏз болот. Ар бир ишти ишке ашырууда алдын ала терең ойлонуп, анализ жʏргʏзʏп, жети ɵлчɵп бир кесип анан чечим кабыл алып аттым. Жасалган иштердин бардыгы ойлогондой шыдыр эле бʏтʏп калган жок. Айрым учурда ички, сырткы кʏчтɵрдʏн таасири болуп турат. Бирок тосколдук болду деп токтоп калбастан, ал тосколдуктарды чечʏʏнʏн ар кандай жолдорун издеп, баштаган ишибизди аягына чыгарып аттык. Мунун бардыгы чоң эмгекти талап кылат. Эң негизгиси жамааттын ар тараптуу колдоосу аркылуу университетте ɵнʏгʏʏ болду. Алардын жакшы сɵздɵрʏ, ишмердʏʏлʏктɵ жараткан ийгиликтери дем берип турду. Жамаатка терең ыраазычылыгымды билдирем.

“Биринчилерден болуп эл аралык кɵз карандысыз аккредитациядан ɵттʏк”

-Жетишкен ийгиликтерибизди атап айта турган болсом, окуу методикалык ишмердʏʏлʏгʏбуздɵ кредиттик технологиянын талаптарына толугу менен ɵткɵнгɵ мʏмкʏнчʏлʏктɵр жаралды. Ошону менен бирге Кыргызстанда эң биринчилерден болуп эл аралык кɵз карандысыз аккредитациядан эң жакшы бааларды алып ɵттʏк. Бул жетекчиликтин жана жалпы жамааттын маңдай жарылып кубана турган ийгилиги десем болот. Ал эми илим изилдɵɵ ишмердʏʏлʏгʏндɵ 30га жакын илимдин кандидаттары ɵздɵрʏнʏн диссертациялык иштерин коргоп, жалпы эмгек жамааттын илимий потенциялы жакшырды. Биз жамааттын илимий диссертацияларын жактоодо аларга мыкты шарттарды тʏзʏп берʏʏ максатында кызыктыруучу материалдык стимулдарды жарата алдык. Жыйынтыгында кандидаттык, доктордук диссертациялар ачылды. Мен жаңыдан ректор болуп келген учурда университетте бир гана багыт боюнча  диссертациялык кеңеш бар болчу.  11 адистик  боюнча биргелешкен диссертациялык кеңештерди ачтык. Окуу жайдын “Илим, билим техникалык” журналы ɵзʏнʏн статусу боюнча Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын журналдарынын эң алдыңкы  сабына чыкты. Булардын бардыгы жамаат менен биргеликте жараткан ɵзгɵчɵ ийгиликтер болду. Ал эми окуу, илим багыты менен бирге келечектин муундары болгон студенттерге таалим-тарбия берʏʏ иштери дагы жакшы жолго коюлганын белгилеп кетким келет. Республикалык, облустук, шаардык деңгээлде ɵткɵн  маданий-массалык, спорттук иш чараларда окутуучуларыбыздын, студенттерибиздин катышуусун камсыздап алардын ийгилик жаратуусуна  салымыбызды кошуп турдук. Окутуучуларыбыздын, студенттерибиздин маданий эс алуусун камсыздоо максатында кышкы, жайкы спартакиаларды уюштуруп келе жатабыз.

“Бюджетибизди 7-8 эсеге кɵтɵрдʏк”

— 2013-жылы 80 милиондун тегерегинде бюджетибиз болгон. 10 жыл аралыгында бюджетибизди ɵздʏк каражаттын эсебинен 500 милионго кɵтɵргɵнгɵ жетиштик. Бул 7-8 эсеге каржы ресурстарыбыздын кɵбɵйгɵнʏн билдирет. Ошол эле мезгилде айлыктарыбызды  ар окуу жылында ырааттуу тʏрдɵ кɵтɵрʏʏ мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏнɵ ээ болдук. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ кызматкерлерибиздин алган  айлыгынын ɵлчɵмʏ Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын алдыңкы 10 окуу жайынын катарына кирет. Бул дагы ɵзгɵчɵ белгилеп айта турган жетишкендигибиз десем туура болот. Мындан сырткары университетти ɵнʏктʏрʏʏ максатында тʏзʏлгɵн фондубуз дагы жетишээрлик деңгээлде. Алдыда ишке ашыра турган бир топ долбоорлорубуз турат, 1-2 жылдын аралыгында жаңы жетекчибиз бардыгын ишке ашырат деген тилектерим бар.

“Материалдык база  заманбап технологиялык жабдыктар менен толукталды”

-Материалдык-техникалык базага келсек,  мезгил талабына жараша заманбап технологиялык жабдыктар менен толуктап, лекциялык кааналарды, окуу-лабораториялык аудиториялардын бардыгы инновациялык техникалык каражаттар менен камсыздалды. Алардын катарында компьютердик класстар интернет желесине туташтырылып, спорт зал, спорт манеждерди, медициналык пункттарды, автоуналарды оңдоп-тʏзɵɵ устаканаларын жаңыладык. Бардык окуу имараттарынын фасады оңдолуп, терезелерин жаңыладык. Эң негизги ишибиз 500 орундан турган маданий-эстетикалык комплексти бʏткɵрʏп ишке бердик. Маданий комплекстин ичинде студенттер ʏчʏн электрондук китепкана, бир эле мезгилде бир нече тилге синхрондук котормого ээ болгон конференция залы жайгашкан. Бир эле окуу жай ʏчʏн  эмес, шаарыбыз ʏчʏн дагы ɵзгɵчɵ белек тартууладык деп ойлойм

“Кыргыз, ɵзбек ректорлорунун биринчи форумун ɵткɵрдʏк”

-Илим жана билим берʏʏ алкагында эл аралык байланышты кʏчɵтʏп, жогорку окуу жайлардын эл аралык ассоциациясына, эл аралык бир нече уюмдарга, бирикмелерге  мʏчɵ болдук. 53тɵн ашык чет ɵлкɵлʏк окуу жайлар менен эки тараптуу кызматташуу келишимин тʏзʏп, алар менен тыгыз иш алып баруудабыз. Эл аралык долбоорлордун алкагында профессордук-окутуучулар жамаатынын, студенттердин академиялык мобилдʏʏлʏктɵрʏ, конок лексиялар, биргелешкен илимий иштер, илимий конференциялар ишке ашып келе жатат. Мындан сырткары университетибиздин базасында эки эл аралык илимий борбор ачылды. Жакынкы кʏндɵрʏ эле Кыргыз жана Ɵзбек Республикаларынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форуму биздин университеттин базасында ɵткɵрʏлʏшу абдан чоң ийгилик деп айтат элем. Бул форумду ɵткɵрʏш ʏчʏн жылдап даярдандык. Ɵкмɵттɵр аралык, министрлер аралык сʏйлɵшʏʏлɵр болду. Ɵз ара кызматташтыкты арттыруу боюнча бир топ келишимдерге кол коюлду. Келечекте мунун бардыгы жакшы жыйынтыктарын берет деген ишеничтемин.

“Кɵп улуттуу жамааттын ынтымагын камсыздай алдык”

-Ишмердʏʏлʏктʏн багыттарынан сырткары дагы бир маңдай жарылып сʏйʏнɵ турган ɵзгɵчɵ жетишкендигибизди айта кетпесем болбойт. Биздин эң чоң жетишкен ийгилигибиз жамааттын ынтымагын, достугун, биримдигин бекемдɵɵ болду. Жамаатта ар кимдин ар кандай пикири болот. Ар бири менен жекече сʏйлɵшʏʏлɵрдʏ жʏргʏзгɵнгɵ туура келет.  Бири ɵйдɵ, бири ылдый тартат дегендей. Ошонун бардыгын бир ымалага келтирʏʏ бир топ убакытты талап кылды. Жыйынтыгында кɵп улуттуу жамааттын ынтымагын камсыздай алдык. Ынтымак бар жерде ырыс бар деп бекеринен айтылбаса керек. Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып биримдикте иш алып барганыбыздын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университетине “Достук” орденинин ыйгарылышы жалпы жамааттын жетишкен ийгилиги деп эсептеймин. Ал эми мага берилген “Даңк” медалын чынын айтсам кʏткɵн эмесмин. Кʏтʏʏсʏздɵн берилгени мен ʏчʏн жагымдуу болду.Мунун баары менин   10  жыл аралыгында жасаган иштериме комчулуктун берген баасы деп ойлоймун.

“Баштаган ишиңди жыйынтыктаганды ʏйрɵнʏшʏбʏз керек”

-Жакынкы кʏндɵрʏ кабыл алынган билим берʏʏ мыйзамына ылайык бир инсан бир окуу жайда ректорлук кызматта катары менен эки мɵɵнɵттɵн ашык отурганга акысы жок деп жазылган. Ал эми мен мурдагы мыйзамга ылайык шайлоо жолу менен келгенмин. Менин мындан нары деле эки мɵɵнɵткɵ дайындоо жолу менен ректор болгонго мʏмкʏнчʏлʏгʏм бар деп догурунуп, ар кандай жолдорун издесем болмок. Адам баласы  биринчи кезекте шʏгʏр кылып, баштаган ишиңди жыйынтыктаганды ʏйрɵнʏшʏбʏз керек. Мен ректорлук кызматты чарчаганымдан тапшырып бергеним жок. Коомчулукка ʏлгʏ болсун деп тапшырып бердим. Бул чечимди бир жыл мурда эле ичимен кабыл алып койгон элем. Экинчиден, иштейм деген адамга 10 жылдык мɵɵнɵт жетишээрлик  убакыт.  10 жылда алдыга койгон пландарыңды толук аткарып жетишсең болот. Мындан сырткары жамаат деле жаңы жетекчини кɵргʏсʏ келип калат. Кандай кызмат болбосун ɵз убагында келип, кеткенди ʏйрɵнʏшʏбʏз зарыл. Бизден кийинки ɵсʏп келе жаткан жаштарга дагы мʏмкʏнчʏлʏк беришибиз керек. Мен дагы ɵз учурунда кандай колдоо менен келген болсом, кадырымды кетирбей ɵз убагында жалпы жамааттын колдоосу менен тапшырып берʏʏнʏ туура кɵрдʏм.

“Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университети жʏрɵгʏмɵ жакын окуу жай”

-Бул жерде менин жаштыгым ɵттʏ.  Университет ачылган кʏндɵн тартып ушул окуу жайда иштеп келе жатам. Ишеничтʏʏ досторду таптым, тааныш кʏттʏм, азбы-кɵппʏ жетекчилик кызматта жʏрʏп кылган ишиме жараша коомчулуктун сый-урматына ээ болдум. Эң негизгиси жетишээрлик тажрыйба топтоп, жетекчи катары калыптандым.Мен эми ɵзʏмчɵ кетейин деген ойлор жок. Эгерде сырттан сунуштар тʏшʏп калса ойлонуп, караштырып кɵрɵм. Буга чейин бир топ сунуштар тʏштʏ. Убактылуу токтото турууну туура кɵрдʏм. Жумуш менен болуп жʏрʏп убакыттын тардыгынан илимий багытта аспиранттарыма жетиштʏʏ кɵңʏл бура албай калдым. Алдыда ушул иштерди толук кандуу жандандырып баштаймын.

Окуу жайга жаңы жетекчи келип ɵз ишин баштады. Убакыттан пайдаланып жаңы дайындалган Абдилбает Асановичтин баштаган ишине ийгиликтерди каалаймын. Жалпы жамааттын ʏмʏтʏн актаган жетекчи болот деген ишеничтемин. Буга чейин жетекчилик  кызматтарды аркалап жʏргɵн инсан катары жамааттын сый-урматына ээ болуп, университеттин ɵсʏп-ɵнʏгʏʏсʏнɵ ɵзʏнʏн билимин, тажрыйбасын жумшайт деген изги тилектерим бар. Илимде бирге жʏргɵн ага-ини катары айта турган болсом  окумуштуу, илимдин доктору. Даярдап чыгарган аспиранттары бар, идеяга бай жигит. Кʏчкɵ толуп, энергиясы ашып-ташып турган мезгили, иштей турган убагы десем болот.

Сыдыкбек Апиш уулу