18 октября, 2024

Тɵкмɵ акын Баян Акматов:  “Кыргыз айтышы калыстардан аксайт” 

“Кыргыз айтышы калыстардан аксайт” дейт тɵкмɵ акын Баян Акматов. Бир нече айтыштардын жеңʏʏчʏсʏ Баян акын менен болгон  маегибизди окууга сунуштайбыз.

— Арыбаңыз! Чыгармачылыкта кандай жаңылыктар болуп жатат?

— Бар болуңуз! Бул суроого не деп жооп береримди деле билбейм. Кайсы жаатта сурап жатасыз? Биз кɵп багытта иштейбиз да. Бирок той чыгармачылыгы жакшы.

— Той чыгармачылыгы деп калдыңыз. Эл кандай кабыл алууда?

— Маданият министрлигине кирип келатканда маданияттын абалы кандай экени билинет. Ал эми тойканаларда маданият ʏчʏн жакшы шарт тʏзʏлгɵн. Аппаратуралардын, сахналардын эң жакшысы коюлган. Тамада ʏчʏн бɵлмɵ бар. Ɵлкɵдɵгʏ маданият министрлигинен дагы тойдогу маданият ɵсʏп кеткенин моюндашыбыз керек. Азыр чыгармачыл инсандарда элге руханий азык тартуулайын дегендер аз санда. Бʏт эле той тууралуу жаздырайын дешет. Мен да кɵп жылдар бою руханий темалар менен алек болуп келдим. Мекен тууралуу, пайгамбарыбыз тууралуу, эл-жер, чындык, акыйкат тууралуу ырларды ырдап келдим. Бирок аны жʏздʏн бири эле укту да. Азыр жʏздʏн бирине эмес, жʏздʏн  99на иштешибиз керек экендигин тʏшʏндʏм. Элге жагымдуу болчу нерселерге бет алып ырдаган дагы жакшы экен. Мындан кийин шаңдуу, адамга ʏмʏт бере турган чыгармаларды ырдайын деген ниеттемин.

— Ар жолку жеңиштер сизди эмнеге милдеттендирет?

— Акыркы кʏндɵрʏ ойлорум ɵзгɵрɵ баштады. Жеңиш эмне, жеңилʏʏ эмне деген нерсе менен жашабай калдым. Бул нерсе мени кызыктырбайт деле. Эң негизгиси маанилʏʏ адам кылып жаратып койгонунун ɵзʏ жеңиш деп тʏшʏнɵм. Жеңишти пенделик кɵз караш менен карайбыз да.  Накта акылдуу инсан ʏчʏн бийик даражадагы жеңиш башка жеңиш экен. Аны тʏшʏнɵ албай келет окшойбуз. Бул тууралуу жооп бергеним мага да эртерээк окшойт.

“Кээ бир акындардын сɵздɵрʏ кʏлкʏлʏʏ угулат”

— Сиз ɵзʏңʏздʏ кандай  акынмын деп эсептейсиз?

— Мени акындык жактан алып караганда кɵп адам тʏшʏнɵ албаса керек.  Мага кээ бир акындардын сɵздɵрʏ кʏлкʏлʏʏ  угулат. Бирок ошондой кʏлкʏлʏʏ нерселер элге жакшы кабыл алынып атканын кɵрʏп, мен ушул башкача ойлордо жʏргɵн, башкача акын окшоймун деп ойлоп коём (кʏлʏп). Мен ɵзʏмдʏ тʏшʏндʏрɵ албайм. Же калктын калың катмарына сиңип кете албай атабызбы. Ката бизде экен негизгиси.

“Обондор менен кɵркɵмдɵп ырдаганым ɵзʏмɵ жагат”

— Айтышта ырлардын обонуна салып айтуу, арасында кʏʏ чертʏʏ, айтышып жаткандагы ɵзгɵчɵ дем, дух сизди эмгекчил, кыйын акын кылып кɵрсɵтɵт. Ɵзʏнʏзгɵ жагабы?

— Азыр кɵпчʏлʏк акындар ырдап жʏргɵн обонду Алымкул атанын (ʏсɵнбаев) ырчы обону деп коёт. Баарыбыз бир инкубатордон чыккандай болуп, ошол обон менен эле ырдап жʏрɵбʏз. Менин оюмча ар бир акындын ɵзʏнɵ таандык обону, ɵз стили болушу керек.  Бул нерсени кийинки кʏндɵрʏ жон терим менен сездим дагы ɵзʏмдʏн обонумду чыгарып, ошол обонго бекидим. Ал эми айтыш деген чоң сабак. Муну тʏшʏнгɵн тʏшʏнɵт, тʏшʏнбɵгɵн тʏшʏнбɵйт. Обондор менен кɵркɵмдɵп ырдаганым ɵзʏмɵ жагат. Ошол жагын аябай маани берип карайм. Кыргызстанда комузу да тɵп келишкен, кʏʏнʏ да черте алган, дастандарды айта билген, обондуу ырларды ырдап, обонду да чыгара билген, поэзияны жазып, айтышта айтыша билген тɵрт тарабы тɵп келген акындар аз эле санда. Онго деле жетпейт. Менин баалаганым ошол.

“Керсейген адамсың деп айтышат, бирок баладай жумшакмын”

— Баян Акматов жеке жашоодо  кандай адам?

— Баян Акматов жеке жашоодо Кудайдан башкага ишенбеген, бир гана Кудайга таянган адам. Калгандардын баарын себепкер деп тʏшʏнгɵн адам. Ушак айткандарды жек кɵрɵм. Кʏн сайын изденʏʏ, тʏздɵнʏʏ менен алекмин. Кɵпчʏлʏгʏ керсейген бала, эмнесине керсейет деп сыртымдан кабыл алышат. Ɵзʏмɵ деле айтып жʏрʏшɵт. Чыгармачыл чɵйрɵдɵ, а тʏгʏл айтышып атканда деле менин сырткы келбетиме баа беришкен калыстар тобу бар. “Ийилбейт” деген сыяктуу сɵздɵрдʏ айтып баа койгондор дагы жок эмес. Бирок руханий жан дʏйнɵмдɵ баладай, ɵтɵ жумшак адаммын. Аны ɵзʏм жакшы билем. Айланамда жʏргɵн адамдар дагы жакшы билишет. Сыртымдан ɵтɵ олуттуу, калбааттуу, сынбай турган адамга окшотот окшойт. Тʏшʏнбɵгɵндɵр текебер, ɵзʏнɵн башканы акын катары, адам катары эсептебейт деп ойлошот. Бирок чынында такыр андай адам эмесмин.

—  Чыгармачылыктан сырткары кандай кызыкчылыктарыңыз бар?

— Чыгармачылыктан сырткары шакирт тарбиялоо, обон чыгаруу менен алек болом. Анан да мага бильярд ойноо, балык уулоо, волейбол ойноо аябай жагат. Эң эле жакканы жалгыз олтуруп жʏрɵгʏм туура кɵргɵн адам менен сʏйлɵшʏʏ, дидарлашуу деп айта алам.

— Учурда чыгармачылык, ɵнɵр ʏчʏн эмне кылып жатасыз?

— Кɵп чыгармачыл адамдар мынтип атам, тигинтип атам деп айтат экен. Мен чынын айтайын эч нерсе кылган жокмун. Жаралуум кандай болсо, ошол боюнча эле жʏрɵм. Эгер кɵңʏлʏмдʏ бɵлʏп, аракет кылганымда такыр башкача инсан болмокмун. Обончулук, аткаруучулук, тɵкмɵ акындык, сахна абдан жакшы. Мындан сырткары мага сʏрɵт тартуу аябай жагат. Бирок ошол нерсеге такыр колум бошой албады, жете албадым. Суусай берем. Азыр да болсо окугум келет. Буга сени тʏшʏнɵ билген, тынч коё турган, акыл, баам-парасатыңды,  кʏрɵɵ тамырыңдын согушун сезе билген адамдар менен жʏрʏʏ керек. Сʏрɵтчʏлʏк керемет ɵнɵр да. Сʏрɵтчʏлɵр ушак айтып, дʏнʏйɵ куубайт.

—  Баян Акматов Баян Акматов болгуча кандай жолдорду басып ɵттʏ эле?

— Баян Акматов болгончо жолдорду бастык. Ал ɵзʏмɵ эле маалым болсун. Оңой болгон жок. Учурунда оор болду. Азыр мага тескерисинче, ностальгия. Ал кʏндɵрдʏ сагынам.

“Ɵзʏм каалагандай жашаган адаммын”

— Азыркы кыргыз айтыштары купулуңузга  толобу?

—      Айтыш ɵзʏнʏн максатын аткарып атат. Болгону айтыш ʏчʏн кɵп нерселерди жасашыбыз керек. Бир топ жылдардан  бери калыстар тобунан аксап келатабыз. Мисалга алып караганда калыстар кээ бир акындарды “нарктуу ырдабайсыңарбы” деп айта берет. Бирок, “нарктуу” дегенди 2-3 сɵз менен тʏшʏндʏрʏп берчи десең ɵздɵрʏ айта албайт. Же болбосо, айтышка чыгып калсаң бул кайсыл акын эле дейт. Акындарды тааныбайт, бирок калыс болуп отурат. Бул ɵтɵ кʏлкʏлʏʏ  нерсе. Акындардын баскан жолдорун, кайсыл айтышта эмне ийгиликке жеткенин, кандай чеберчилиги бар экенин билген адам гана калыс болуш керек. Бизде тескерисинче, эски, орустун убагындагы диктатуралык кɵз караш менен калыс болгонду жакшы кɵрɵт.

— Жеке мамилеге кандай адамсыз?

— Жеке мамилеге аябай сонунмун. Алкактан тышкарымын. “Мындай болуш керек, тигиндей болуш керек” дегендерге кошулбайм. Ɵзʏм каалагандай жашаган адаммын.

“Айтышта эмнелер айтылбасын, бʏткɵндɵн кийин кучакташып кете беребиз”

— Тɵкмɵ акын Идрис Айтбаев менен бир айтышыңызда  диний сɵздɵрдʏ колдонгонун  жактырбагандай айткан элеңиз. Айтышта мындай учурлар кɵп болот. Жеке мамилеге таасир этпейби?

— Айтыштын ɵз этикасы бар да. Эч качан адамдын жеке кемчилигин, мурду-башын, кɵзʏн айыптабашың керек. Айткан сɵзʏнɵн кармап ырдасаң болот. Идрис Айтбаев экɵɵбʏз аябай ынак адамбыз. Бир айтышыбыз бар. Эл аябай талкуулаган. Ар кандай пикир жазышкан. Бир-эки терс пикирлерди окуп калдым. Андай пикирлерди ɵзʏнɵ ишенбеген, жумушу жок, ɵзʏ эч нерсени кыйрата албагандар гана жазат экен. Жакшы сɵздʏ  жакшы адамдар жазат. Кɵпчʏлʏгʏ мени каргап-шилей бериптир. Алардын баарына рахмат. Акын кандай сɵз айтып атса дагы ошол сɵзʏнɵн кармап айтыш керек. Мен дагы диндар адаммын. Ар нерсе убагында, орду менен болгон жакшы. Ал деген айтыш. Айтыш деп эле кабыл алышыбыз керек. Айтыш биздин мамилебизге эч кандай таасир этпейт. Боксерлор рингге чыкканда кучакташкандай эле, айтышта да айтышып бʏтʏп кучакташып кете бересиң.

Бʏкалча Маматали кызы