8 сентября, 2024

Виктимблейминг – жабырлануучунун ɵзʏнɵ айып тагуу…

Аялдардын, балдардын укугун тебелɵɵ, аларга ар кандай зомбулук кɵрсɵтʏʏ адатта ɵнʏгʏʏсʏ артта калган ɵлкɵлɵрдɵ кɵп катталат. Акыркы жылдары биздин ɵлкɵдɵ да мындай кɵрʏнʏштɵрдʏн болуп жатканы коркунучтуу. Айрым учурда сиз байкабаган абалда бирɵɵгɵ зомбулук кылышыңыз мʏмкʏн. Ошондуктан зордук-зомбулуктун тʏрлɵрʏ жана ага тиешелʏʏ бир нече терминдер менен таанышып алыңыз.

Зордук-зомбулукка жол жок!

Физикалык зомбулук – жабырлануучуга физикалык зыян келтирʏʏ, денесин майып кылуу, уруп-сабоо, тепкилɵɵ, чабуу, тʏртʏʏ.

Сексуалдык зомбулук – бул адамды кʏч колдонуу, коркутуу же алдоо жолу менен ɵзʏнʏн эркине каршы, сексуалдык иш-аракеттердин ар кандай тʏрʏн жасоого мажбурлоочу зомбулук аракети.

Психологиялык  зомбулук — адамдын психологиялык ден соолугуна зыян келтирʏʏ, кемсинтʏʏ, коркутуу.

Экономикалык зордук — бул иштɵɵгɵ же окууга тыюу салуу, каржылык колдоодон ажыратуу же чыгашаларды толук кɵзɵмɵлдɵɵ менен кɵрʏнʏшʏ мʏмкʏн болгон материалдык кысым.

Билʏʏ керек болгон терминдер

Абьюз — иш-аракеттердин абдан кеңири спектрин билдирет. Абьюз термини англисче “abuse” – “кыянаттык кылуу, кемсинтʏʏ, жаман мамиле жасоо” деген маанилерди билдирет. Мында агрессор жана жабырлануучунун мамилеси камтылат. Мисалы агрессор каржыны кɵзɵмɵлдɵйт, физикалык зомбулук кɵрсɵтɵт, жабырлануучуну эркине койбойт. Мындай аракеттери менен ал жабырлануучу  “зомбулук кɵрсɵтʏп аткан адамсыз жашай албайт окшойм” деген ойго тʏртɵт. Ошондой эле, агрессор ɵзʏн адекваттуу алып жʏргɵн учурлар болот – бул жабырлануучунун башын айландырат да зомбулук бʏттʏ, эми мамилени ʏзʏʏнʏн кереги жок деген ойго алып барат.

Буллинг(bullying) — бул кайсы гана тармак болбосун, окуучуларбы, студенттерби же эмгек жамаатыбы команданын бир мʏчɵсʏн калган мʏчɵлɵрʏ тарабынан агрессивдʏʏ куугунтуктоосу. Мазактоо, коркутуу, физикалык агрессия, жабырлануучуга жана анын ишмердʏʏлʏгʏнɵ дайыма терс баа берʏʏ, ишенбɵɵчʏлʏк кɵрсɵтʏʏ.

Виктимблейминг (victim blaming) – жабырлануучунун ɵзʏн айыптоо, аны кʏнɵɵлɵп, болуп ɵткɵн окуя ʏчʏн жоопкерчиликтин баарын мойнуна илип коюу.

Газлайтинг (gaslighting) – бул адам ɵзʏнʏн эс тутумуна жана адекваттуулугуна шектенʏʏгɵ мажбур кылган психологиялык зомбулуктун бир тʏрʏ.

Классизм (classism) — адамдарды социалдык абалына, классына карап басмырлоо. Ал эми лукизм (lookism) — сырткы кɵрʏнʏшʏнɵ карата мазактоо.

Мизандрия (misandry) — эркектерди жек кɵрʏʏ, аларга кастык кылуу. Бул кооптуу адат, аялдын жашоосунда болгон терс кɵрʏнʏштɵрдɵн улам келип чыгат.

Мизогиния (misogyny) — аялдарга карата жек кɵрʏʏлɵр. Ал басмырлоо, кемсинтʏʏ, басынтуу, сексуалдык кордук тʏрʏндɵ сʏрɵттɵлɵт.

Моббинг (mobbing) — бул психологиялык зордук-зомбулуктун бир тʏрʏ. Мисалы, жумуштан бошотуу максатында коллективдин кɵзʏнчɵ кызматкерди коркутуу.

Объективация (objectification) — адамдын инсандыгын же сезимдерин эске албастан, кандайдыр бир максатка жетʏʏ ʏчʏн аны товар же курал катары кабыл алуу, колдонуу.

Патриархат (лат. “атанын башкаруусу”) – мында эркек бийлигинин жана артыкчылыктарынын болушу. Аялдардын баш ийген абалы, аларды бир да башкаруу бийлигине кошпоо.

Репродуктивдик басым – аялды убагында тɵрɵɵгɵ мажбурлоо. “Жашың ɵтʏп баратат, тɵрɵттɵн кеч калдың” деген сыяктуу сɵздɵр менен басынтуу.

Сталкинг (stalking) — адамга кооптуу кɵңʏл буруу. Жабырлануучуну кɵпкɵ аңдып жʏрʏʏ.

Харассмент (harassment) — адамдын жеке жашоосун бузган ар кандай жʏрʏм-турум. Тике же кыйыр оозеки кордоо же коркутуулар, адепсиз сɵздɵр, орой тамашалар, каттар же чалуулар, кемсинткен сʏрɵттɵрдʏ кɵрсɵтʏʏ, ыңгайсыз сылап-сыйпоо, ɵбʏʏ, уруп-сабоо, физикалык кол салуу же башка ушул сыяктуу иш-аракеттер.

Боди-позитив (bodypositive) – бул сулуулуктун универсалдуу стандарты жок деген идея. Ошондуктан бардык адамдар, кандай кɵрʏнбɵсʏн, денесин кабыл алып, сыймыктанышы керек. Башкаларга “семизсиң, же ɵтɵ арыксың, ɵңʏң серт” дегендик да аны басынтууга кирет. Ар бир адамдын сырткы кɵрʏнʏшʏнʏн жана денесинин бардык ɵзгɵчɵлʏктɵрʏ алардын уникалдуу ɵзгɵчɵлʏгʏ катары каралууга тийиш. Сиз сулуулук жɵнʏндɵ жалпы кабыл алынган идеялардан айырмаланып, сырткы келбетиңиздин каалаган тарабына суктансаңыз болот. Кээ бир адамдар дененин позитивдʏʏлʏгʏн, тагыраагы кандай болсом ɵзʏмдʏ ошондой кабыл алам дегенди жалкоолук деп билишет. Алар “ɵзʏңдʏ кабыл алуу” кемчиликтериңди оңдоп, жаап-жашырганга караганда оңой дешет. Бирок бул андай эмес. Идеалдуу кɵрʏнʏшкɵ умтула бергенден баш тартуунун ɵзʏ чоң моралдык кʏч-аракетти талап кылат. Бир сɵз менен айтканда дененин позитивдʏʏ идеясын кабыл алуу дʏйнɵнʏн эзелтен келе жаткан сулуулук стандарттарын бузуу дегенди билдирет.

Фэтфобия (fatphobia) — салмагына жараша басмырлоо, семиз адамдарды жек кɵрʏʏ.

Скиннишейминг (skinnyshaming) – арыктыгын айтып мазактоо, арык адамдарды жек кɵрʏʏ.

Эйджизм (ageism) – бул тʏшʏнʏк 1969-жылы АКШнын карылык боюнча Улуттук Институтунун директору Р.Н.Батлер тарабынан киргизилген. Кээ бир чоң курактагы адамдардын башкалар тарабынан басмырлануусу.