Адамдардын ысымында дагы кандайдыр бир маани жатат. Америкалык индейлер баласына Уи-Уис – “балапан ʏкʏ” же Хамо-Хамони – “таңкы булут” деген сыяктуу аттарды коюшкан. Бул коюлган ысымдардын мааниси бар.. Ушул сыңарындай эле ɵзгɵчɵ ысымдуу адамдар Кыргызстаныбызда дагы кɵп. Ар биринин ысымында ɵзгɵчɵ маани жатат. Кээ бирлери ысымдарына нааразы болушса, кээ бирлери, тескерисинче, кубанышат. Мисалы, биздин ɵрɵɵнʏбʏздɵ Сабиз, Дарбыз жана Данек аттуу кишилер бар. Сабиз агабыз атынын тарыхын айтуудан тартынып койду. Ɵзгɵчɵ ысымдуу каармандарыбыз менен таанышып алыңыздар.
Алайкуу ɵрɵɵнʏнʏн Кɵк-Арт айылынын тургуну Кожоев Камазбек Сайдилдеевич:
“Ысымым чоң атамдын досунун атына коюлган”
-Чоң атамдын казакстандык Хамаз деген досу болгон экен. Менин атымды кой, мендей киши болсун деп ошондон улам койгонбуз дешет. Ɵзʏ Хамазбек деп коюшкан экен, бирок кубɵлʏктɵ К тамгасы менен жазылып калгандыктан Камазбек деп аталып калганмын.
“Жакшыраак ат койбойт белеңер дечʏмʏн”
-Ысымым ɵзʏмɵ жакпайт деп айта албайм. Бирок бир кездерде, тагыраагы, кичинекей кезимде ʏйдɵгʏлɵргɵ нааразы болуп жʏргɵн кездерим кɵп болгон. Ушинтип кантип ат койсун, жакшыраак ат койсоңор болмок деген сыяктуу учурларым да жок эмес.
“Текшерʏʏчʏлɵр КамАЗ менен тʏштɵнʏʏгɵ барабыз деп ойлошкон экен…”
-Мен медициналык колледжде мугалим болуп иштейм. Бир кʏнʏ колледжге текшерʏʏчʏлɵр келип калды. Аларга мугалимдер Камаз келсин дешкен экен. Алар ойлоптур “убакыт тʏшкɵ чамалап калды, бизди тʏштɵнʏʏгɵ КамАЗ менен алып барышат окшойт” деп. Арасында “КамАЗ менен кантип тʏштɵнʏʏгɵ барабыз?” дегендер да болгон экен. Кийин барсам “Камаз дегени сенсиңби?” деп кʏлʏшкɵн. Анан банкка барып калганда дагы паспортумду берип коюп артты бир аз карап турам. Анан алды жакты карайм. Паспортумду кɵргɵн адам сɵзсʏз тʏрдɵ кʏлɵт. Банктагы кызматкерлер дагы кʏлʏп эле карап калышат.
Алай районунун Будалык айыл ɵкмɵтʏнʏн Оро-Дɵбɵ айылынын тургуну Тиленбаев Космос Топчубаевич:
“12-апрелде тɵрɵлгɵнʏм ʏчʏн атымды Космос коюшуптур”

— Ысымымдын Космос болуп калганынын бирден-бир себеби, космонавттар кʏнʏндɵ тɵрɵлгɵн экенмин. Мен тɵрɵлгɵндɵн кийин 1 жумадан соң атам кʏбɵлʏк алганы барса, ал жерде иштегендер “Юрий Гагарин Космоско учкан датада тɵрɵлʏптʏр. Балаңыздын атын Космос койбойсузбу?” деген сунушту айтышкан экен. Атам раматылык алардын айтканына кɵнʏп, Космос болуп калган экенмин. Атам ʏйгɵ барса, апам раматылык “ии бул кандай ат, Космос деген да ат болмок беле. Балабыз эртең чоңоюп кɵчɵгɵ чыкса Космооос деп кантип чакырабыз, элге уят эле” деп сʏйлɵнгɵнʏн айтып калчу. Кийин бара-бара ɵздɵрʏ деле кɵнʏп кетишиптир.
“Азыр ысымымдан уялбай калганмын”
-Ɵзʏм дагы бирɵɵ менен таанышарда атымды айткандан уялчумун. Азыр чоң киши болдук, эл аралап, кɵп нерсени тʏшʏнʏп, Космос деген ат жалгыз эле менин атым эмес экенин тʏшʏндʏм. Уялуу деген нерсе жоголду.
“Тамашага салгандар кɵп…”
-Студенттик мезгилде атайылап “менин атым Юпитер же Марс, а сиздин атыңыз ким?” деп сурай беришчʏ. Анан менин атыма ишенбегендер да болгон. Кɵпчʏлʏк адамдар тамашалап таанышып жатат деп ойлошот эле. Мен актанып менин атым чын эле Космос, себеби 12-апрелде тɵрɵлгɵнмʏн деп ишендирчʏ элем.
“Ысымым ɵзʏмɵ жагат”
-Ысымымдын артыкчылыгы дайыма ɵзʏмдʏ бийик даражада жʏргɵндɵй элестетип сезине алам. Ысымым ɵзʏмɵ жагат, эч кандай зыяндуулугун тийгизбейт. Менин бир тууган агаларымдын аттары Памир, Дамир, Тимур болгон. Меникин дагы агаларымдын атына уйкаш эле коёбуз дешчʏ экен. Катчылардын сунуштары менен Космос болуп аталып калып атпаймбы.
Алай районунун тургуну Супара Тайирова:
“Атымды чоң энем койгон”

-Чоң энем илгерки замандын адамы болбосо дагы, бизден бир аз мурунку заманда жашап калган эмеспи. Ошол себептен ɵзгɵчɵ ат болсун деп Супара койгон экен. Ɵзʏ атам менен апам “Зина” коёбуз дешет. Бирок чоң энемди угуп, сыйлоо менен чоң энем тандаган атты ыйгарышыптыр.
“Супара – камыр жаюучу дасторкон экенин билем”
-Атымдын маанисин ʏйдɵгʏлɵр айтып берген эмес. Чоң энем кайтыш болгон. Ошол себептен башкалардан маанисин сураган деле эмесмин. Болгону чоң энемдин ɵзгɵчɵ ат болсун деп койгонун билем. Негизинен ɵзʏмдʏн тʏшʏнʏгʏм боюнча супара деген камыр жаюучу дасторкон экенин билем. Ошол супаранын ʏстʏндɵ камыр ийленип жайылат. Демек мени дагы атыма ылайыктуу болуп ийилчээк, назик кыз болсун деп койсо керек деп ойлойм.
“Бɵбɵктɵрдʏн Супая деп атаганы жагымдуу угулат”
-Ысымыма кɵп адамдар таң калышат. Адамдар менен таанышканда сɵзсʏз эки ирет кайталап сурашат. Мен аларга маанисин сɵзсʏз айтып тʏшʏндʏрɵмʏн. Ал эми мага атымдын кызыктуу учуру, кичинекей “р” тамгасына тили келбеген бɵбɵктɵрдʏн айтуусу жагат. Алардын “Супая” деп айтканы мен ʏчʏн жагымдуу. Бɵбɵктɵрдʏн гана айтуусу эмес, Супая деген ат дагы ɵзʏнчɵ ɵзгɵчɵ ысым жаратары анык.
“Ата-энем Супайка деп эркелетишет”
-Мектепте эжейлеримдин баары Сумая дешчʏ. Эмнегедир Супара деп айтышчу эмес. Адашып кала беришет эле. Азыр болсо университетте баары ɵзʏмдʏн атымдан Супара дешет. ʏйдɵгʏлɵр атам жана апам Супайка деп эркелетишет. Супайка деп атам менен апам айтса гана жагымдуу угулат. Башкалар айтса эмнегедир башкача. Же ата-энемдин гана ушинтип эркелетʏʏсʏнɵ кɵнʏп калганмынбы билбейм.
“Атымды башка койсоңор болмок!” деп айткан эмесмин”
-Ысымымдан уялбайм. Айрым адамдар менен таанышканда, тескерисинче, атымды сыймыктануу менен айтам. Эмнегедир атымдын ɵзгɵчɵлʏгʏ ɵзʏмɵ аябай жагат. ʏйдɵгʏлɵргɵ деле эч качан нааразы болуп, атымды башка койсоңор болмок деген сɵздʏ айткан эмесмин. Кандайдыр бир семинарларда же чогулуштарда ɵзʏмдʏ тааныштырган жагат. Ɵзʏмдʏ кɵргɵзʏʏ ʏчʏн эмес, жɵн гана ысымымдын ɵзгɵчɵлʏгʏн айтуу мен ʏчʏн жагымдуу.
Кара-Кулжа районунун тургуну Кадырмаметов Элжигит (Кекилик):
“Кекилик деп аталып калуумдун себеби бар”
-Ɵзʏмдʏн атым Элжигит. Кекилик деп аталып калуумдун себеби, кичинекей кезимде жайлоого чыкчубуз. Уй саап, мал-кел караганга чоңдор эрте турат эмеспи. Эрте менен эрте саат 4-5 терде мен дагы атам, апамдар менен чогуу секирип эле тура калчу экем. Ошол себептен атам мени “Кекилик, таң ата электе турат секирип” деп койчу экен.
“Азыр деле Кекиликмин…” деп кʏлɵт
-Азыр деле мени Кекилик деп аташат. Мен мынтип атаса эч качан арданбаймын. Эмнегедир мага жагат. Ɵзʏмдʏн эле атымдай сезилет. Атамдын айтканындай азыр деле эрте турам, эрте жатам. Эмнегедир бул ат мага жарашкандай. Ɵзʏмдʏ бийикте учкан, ой-чабыты кенен адамдай сезине алам.
“Ишенбей апамдан сурагандар кɵп”
-Бир жолу кичинекей кезимде, бир кошунабыз жолдон ɵтʏп бара жатып, учурашып, “атың ким?” деп сураган. Мен дароо Кекилик деп жооп айтсам, ишенген эмес. ʏйгɵ бурулуп “балаңыздын аты чын эле Кекиликпи?” деп апамдан сураган. Апам айтса дагы кʏлʏп таң калган. Жаңы таанышууларда бардык эле адамдар ишенишпейт. Сɵзсʏз жакындарымдан сурашат. Досторум, ʏйдɵгʏлɵр баары эле Кекилик дешет.
“Кийинчерээк Элжигит аталып калсам керек…”
-Мен азыр мектепте окуймун. Мектепти бʏтʏп университетке барганда бул атым унутулуп кетсе керек деп ойлойм. Анткени бардык эжейлер, группалаш, достор журналдагы ат менен айтып калышат.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы