20 августа, 2025

Капчыгайда кар малтап жʏрʏп балдарды окуткан Каныкей эжей

Мугалим — мектептеги окуучуга эң маанилʏʏ адам, эң ʏлгʏ болорлук сабак, эң жандуу мисал. Жумушу менен бирдей окуучуларга да сʏйʏʏсʏ болсо, анда ал эң мыкты мугалим. Мына ушундай мугалимдин катарын толуктаган, талыкпай ɵз билимин берип, жолдун кыйынчылыгына карабай алыс жолдон басып, ɵз милдетин так билген эжекебиз Ыдырысова Каныкей Рыскуловна. Кар малтап 3 жарым километрден ашык жол жʏрʏп, эки жарым саатта мектепке жетет экен. Ошол бир кʏнʏн мектепке баратып, видеого тʏшʏрʏп койгон соң учурда социалдык  тармакта эжекенин видеосу тарап, баары мугалимге рахмат айтып жаткан учур. Тоолуу аймакта табият кыйындыгынан да электр жарыгы тез-тез ɵчʏп тургандыктан улам электр жарыгы кʏйгɵндɵ эжеке менен байланыштык.

“Кыйынчылык болсо дагы кесибимди сʏйɵм”

-Кара-Кулжа районуна караштуу Капчыгай айыл ɵкмɵтʏнʏн Терек-Суу орто мектебинде 34 жылдан бери иштейм. Мугалим болгондон бери бир айылдан экинчи айылга каттап келем. Ошол эле айылдан бɵлʏнʏп чыккан жаңы конушта жашайбыз. Биз жашаган айылда 30 тʏтʏн бар. 20 дан ашык бала Терек-Суу орто мектебине барып, келип окушат. Башталгыч 4-класска чейин ɵзʏбʏздʏн айылда окушат. Жолдун кыйынчылыгына карабай, балдарга билим берип келе жатабыз. Кыйынчылык болсо дагы ɵзʏбʏздʏн тандаган, сʏйгɵн кесибибиз болгону ʏчʏн, тырышып келʏʏдɵбʏз. Кыйналып жол жʏрʏп болсун, жаш балдарыбыздын бизге болгон ишеничин акташыбыз керек. Кыйынчылыктар болсо дагы ɵзʏмдʏн кесибимди эч таштабай, сыймыктануу менен иштеп келем.

“Жол узак, кышында кɵчкʏ жʏрсɵ, жазында таш кулайт, сел жʏрɵт”

-Кар улуу жаап, катуу бороон болуп, борошо жолду тосуп калат. Коркунучтуу кырдаалдардын бардыгынан балдарды кɵзɵмɵлдɵп барып келебиз. Кургакчылык убакта бир саатта, кар жааган убакта эки жарым саатта жетем. ʏйдɵн мектепке чейинки аралык 3 километр 800 метр, тегеректеп айтканда 4 километрге жакын. Айрыкча кышта бороон болуп, эрте менен каардуу суукта жолдо басуу аябай кыйын. Айласыздан окуучулардын издери менен аркасынан барабыз.

“Окуучуларым карышкырдын изин жана чɵɵнʏ кɵрдʏк деп калышат”

-Сабак эрте мененки саат 08:00 дɵ башталат, 2-чейректен баштап 08:30 да башталып калды. 3-чейректен кийин кайра 08:00 дɵ башталат. Окуучулар жетишип баруу ʏчʏн ʏйдɵн саат 07:00 дɵ чыгышат. Айрыкча кыштын кʏнʏ таң карарып, атып- атпай жолго чыгышат. Кээ бир учурда мектепке бара жатканда жолдун ʏстʏнɵн же астынан чɵɵ кɵрдʏк, карышкыр кɵрдʏк, изин кɵрдʏк деп калышат. Бирок ошондой болсо дагы биздин окуучулар кечикпей, ошол эле айылдын окуучулары менен бирдей сабакка барышат.

“Жолдун узактыгы ден соолугубузга дагы зыянын тийгизет”

-Айрым учурда саат жетпей калганда, эрте мененки жана тʏштɵн кийинки эки убакытта тең иштейм. Кээ бир учурда тʏштɵнʏʏ болбой калып, ачка жʏрʏп, ашказаныбызды бузуп алган учурубуз дагы болот. Суукта суук ɵтʏп, ооруп, тумоолоп жатып калган учурлар да абдан кɵп. Ошого карабай баарына чыдап иштеп келебиз.

“Жол маселеси чечиле элек”

-Жол маселеси менен жогору жактарга кайрылуу жасалып эле келе жатат. Ɵздɵрʏ деле келип кɵрʏп кетишкен. Ооба, оңдойбуз дешкен. Быйыл окуучуларды ташуу ʏчʏн эл кичи автобус алып берʏʏ боюнча демилге кылышты. Бирок ишке ашырышкан жок.

Терек-Суу Акун Тургунбаев атындагы орто мектебинин директору Жыргалбек Турганбаев:

“Каныкей эжекебиз абдан эмгекчил, талыкпаган мугалим”

-Негизинен мектеп эки корпустан турат. 1-корпус 1972-жылы кирпичтен тургузулган. 2-корпус 1978-жылы фин тибинде салынган. Учурда Ничке-Суу филиалы менен биргеликте 143 окуучу окуйт. Жалпысынан 24 мугалим эмгектенет. Арасында эл агартуунун 4 отличниги бар. Ничке-Суу айылынан каттап окуган окуучулардын саны 27. Айылда бийик тоолуу аймак боюнча коэффициент каралган эмес. Болгону 10% ɵлчɵмʏндɵгʏ катаал шарт каралган. Эжекебиздин эмгек стажы 34 жыл. Эжекебиздин ийгиликтери да абдан кɵп. Ɵз кесибин так билген мыкты мугалим деп айта алабыз.

11-классынын окуучусу Абылкасымов Эрбол:

“Чын эле карышкырлардын издерин кɵрɵбʏз”

-Биз мектепке бара жатканда ар кандай кырдаалдарга учурайбыз. Чынын айтканда карышкырлардын деле издерин кɵп кɵрɵбʏз. Ɵзʏбʏздʏн жана жаш балдардын коопсуздугу ʏчʏн атайын топ-топ болуп барып келебиз. Себеби мындай жолдо айрыкча кыштын кʏнʏ эрте менен караңгы убакта жалгыз баруу кичинекей жаш балдар ʏчʏн эле эмес, кыз балдар ʏчʏн дагы коркунучтуу жана кооптуу.

“Кичинекейлер чарчап калышат”

-3 чакырымдан ашуун жолду албетте, басып ɵтʏш кыйын. Бирок менин каттаганыма кыйла жыл болуп калды. Ошондуктан мага алыстыгы анча деле сезилбейт. Менден кичʏʏ инилерибизге, карындаштарыбызга басып ɵтʏʏ абдан кыйын. Айрыкча кичинекейлер барып- келгиче эле чарчап калышат.

“Эжекелерибиз коопсуздугубузду кɵзɵмɵлдɵп чогуу барып-келишет”

-Биздин регион тоолуу аймак болгондуктан кышында кар кɵчкʏлɵр да болот. Жазында сел жʏрʏп, биздин мектепке баруубуз бир аз кооптуураак болуп калат. Мындай кырдаалда агай- эжекелерибиз ɵздɵрʏ карап, толук кандуу коопсуздугубузду мойнуна алышат. Биз менен кошо барып-келишет.

“Ооруп калгандар кɵп”

-Жолубуз алыс болгондуктан жаан жааганда, кар калың тʏшкɵндɵ мектепке баргычакты буттарыбыз суу болуп калат. Бул да болсо ден соолугубузга чоң зыян келтирет. Кɵп окуучуларыбыз мындай кырдаалда ооруп калышат. Кɵбʏнчɵ тумоолоп калышат.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author