27 апреля, 2024

Көрнөк-жарнактарды текшерүү боюнча рейд башталды

Бүгүн, 14-март күнү Ош шаарынын көчөлөрүндө илинген жарнамалар, кулактандыруулар, прейскуранттар жана башка көрүнөө маалыматтардын мамлекеттик тилде жазылуусун текшерүү боюнча рейддин биринчи күнү башталды. Аталган рейдге Ош шаарынын мамлекеттик тил боюнча комиссиясы, Муниципалдык менчик башкармалыгы, Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү, Манас-Ата МАБдын өкүлдөрү, юрист катышты.

Рейддин жүрүшүндө А. Масалиев борбордук көчөсүндө жайгашкан Алай мечитинен баштап, айланма көпүрөгө чейинки объектер текшерилди. Текшерүү учурунда бир объектке бир гана жарнамалык жазуу илүүгө, жарнаманын кыргыз тилиндеги аталышын биринчи жазууга, эскилиги жеткен жарнама тактайларын жаңылоого, айнектерге чапталган ашыкча жарыя кагаздарын алып салууга талаптар коюулду. Талапка жооп бербеген объектерге эскертме кагазы берилип, оңдоп-түзөөгө жана ашыкчаларын алып таштоого 3 күн мөөнөт берилди. Бул убакыт аралыгында талаптар аткарылбаса, айып пул салынып, тийиштүү кызматтардын жардамы менен алынып салынат. Эскерте кетсек, мамлекеттик тил мыйзамдарынын талаптарын аткарбаган жарнама ээлерине текшерүү иштери мындан ары да күчөтүлөт.