
Ош облустук төрөт үйүндө үч эм жарыкка келди. Төрөт стационарынын башчысы Асылкан Асанованын айтымында учурда ымыркайлардын жана эненин абалы жакшы. Үч эмдин экөө кыз, бирөө уул. Уулдун салмагы 1775 грамм, кыздардын бирөө 2630 грамм, экинчиси 1910 грамм. Балдар 7-март күнү 34-35 жумасында төрөлгөндүгүнө байланыштуу, абалы туруктуу болгондо гана төрөт үйүнөн кабарлашкан. Ош шаарынын тургуну 37 жаштагы эненин төртүнчү төрөтү болгон. Буга чейин ал үчүнчү төрөтүндө да эгиз уулдарды жарыкка келтирген. Учурда жети балалуу “баатыр эне” болгонун кубануу менен кабарлап жатышат.



Окшош макалалар
Муниципалдык 2 бала бакча мамлекеттин балансына ɵтʏп, кɵрʏстɵндɵрдʏ брондоонун тарифин жогорулатуу маселеси колдоо таппай калды
Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолу – кылым долбоору
Акыркы 10 жылда кургак учукка чалдыккандардын саны кескин азайды