27 июля, 2024

“Италиялыктар муңайып, кабатыр болушпайт”

Азыркы учурда жаштардын көпчүлүгү башка мамлекеттерге барып билим алып, иштеп ой жүгүртүүсүн, жашоосун өзгөртүүдө. Мына ушундай жаштардын катарын толуктаган Бекжан Төлөгөнов. Учурда Италияда окуп, билимин өркүндөтүп жүрөт. Бекжан алыскы Италиядан кичи мекени Ош шаарына сагынычтуу саламын жолдоо менен бирге байыркы өлкөнүн бай тарыхын кошо баяндайт.

Бекжан Төлөгөнов, Италиядагы Кассино жана Түштүк Лацио университетинин студенти.

-Бекжан, Оштон салам айтабыз, окууларың кандай?

-Саламатчылык, жакшы рахмат. Италияга келгениме 1 жыл болуп калды. 2023-жылы 27-октябрда келгенмин. Фрозиноне провинциясынын Кассино деген кичи шаарында жашайм жана окуйм. Кассино жана Түштүк Лацио университетинин  студентимин. Адистигим экономика жана бизнес тармагы. Мен КГТУ да биринчи курсту окуп, андан кийин Италияга тапшырдым. Анткени  Италияда 12 жылдык билим берүү системасы бар. Бул жакка келүүмдүн бирден бир себеби, чет мамлекеттерди көрүү. Жаңы адамдар менен достошуп, жаны маданиятты үйрөнүү болду.

Алгач борбор шаар Римге учуп келдим. Сезимдерим аябай башкача болду. Адамдар, машиналар, жолдор, дарактар, үйлөр эмнегедир баары сонун сезим калтырып жатты. Ойлорумда түш көрүп жаткандай эле болгом. Италиядагы мага жаккан өзгөчөлүк адамдардын жашоого болгон мамилеси. Бул жакта жашоого башкача көз караш менен карашат. Адамдар шашпайт жана эч нерсеге кабатыр болушпайт. Бул нерсени машиналардын жүрүшүнөн эле түшүнөсүң. Кечинде баары сейилдеп шахмат ойнойт же футбол көрүшөт.

“Кечки 8 ден кийин супермаркеттер жабылат”

-Салыштыруу иретинде айырмачылыктар кандай?

-Менин оюмча эң чоң айырмасы бул адамдардын жашоого караган мамилеси. Кыргызстанда көп адамдар жумушту ойлошот, жумуш жөнүндө сүйлөшүшөт, көп кабатыр болушат. Ал эми бул жакта андай эмес. Адамдар жашоого сүйүп караганды билишет. Кечки саат сегизден кийин биздин шаардагы бардык супермаркеттер жабылат. Андан сырткары жекшемби күндөрү көп магазиндер жабык болот. Анткени адамдар иштегенден кийин эс алганды дагы билишет. Дем алуу күндөрүн атайы эс алууга арнашат. Бирок Кыргызстанда кызматтык сервистер Италияга караганда жоопкерчиликтүү иштешет. Эки мамлекет тен демократиялык өлкө. Бирок бул жакта  мафиялар жана криминалдар көбүрөөк.

Италиялыктар жөндөн жөн эле келип тааныша бербейт. Иши болбосо бирине бири эч качан тоскоолдук жаратпайт. Дагы бир өзгөчөлүгү жаштар ата-энеси менен 30 жашка чейин жашай беришет экен. Адамдарда куулук деген нерсе жок. Мен Кыргызстандан келгенден бери мен тарапка жаман мамиле болбоду. Бардык адамдары, группалаштарым, тааныштарым жакшы мамиле кылышат. Менин бул жактагы досторум бир гана италиялыктар эмес, башка өлкөлүктөр да бар, казактар-кыргыздар да бар.

“Өз үйүм, өлөң төшөгүм”

-Туулган жеримди албетте, сагынам. Биринчи үй-бүлөңдү сагынсаң, экинчиден кыргыздын тамактарын аябай сагынат экенсиң. Кыргызстанга качан бараарымда толук билбейм, бирок абдан сагындым. Ушул жылдын аягына чейин барам деген ойлорум бар.

“Тамактары даамдуу жана өзгөчө”

-Италиянын тамактарынан пицца абдан дамдуу жана ар түрлүү кылып жасашат. Мага өзгөчө спагетти жагат. Кофе көп ичпеймин, бирок анын дагы көптөгөн түрлөрү бар. Башында баары бир кыйынчылык болду, көп нерсеге көнүш керек болду. Бирок көнүп кетсен сонун эле болот экен.

“Алгач келгенде стресс болгом”

-Бөтөн жерге, элге үйрөнүп кетүү кыйын да…

-Ооба. Бул жакта италиялыктардын көпчүлүгү англис тилин билишпейт. Алар менен сүйлөшүш үчүн сен италия тилин билишиң керек болот. Биринчи күнү келгенде мага симкарта алып беришкен. Бирок ал симкарта иштеген эмес. Мен үйдөгүлөр менен сүйлөшө албай кыйналганмын. Сыртка чыгып жергиликтүүлөрдөн жардам сурайын десем же алар англис тилин билишпейт, түшүнүшпөйт. Ошондо эч ким менен байланыша албай, сүйлөсөм түшүнүшпөй аябай кыйналганмын. Анан көчөдөн өзбек балдарды көрүп калдым. Алардан жардам сурап чогуу келген тааныштарым менен байланыштым. Ошол алгачкы күндөр мен үчүн оор болду десем болот.

Италия дүйнөдөгү эң көп зыярат кылган 5 өлкөнүн катарына кирет

  • Бул өлкөгө жыл сайын 60 миллиондон ашык турист келет.
  • Италия Европадагы эң ырымчыл эл деп эсептелинет. Жергиликтүү тургундары тумардын бардык түрүн активдүү колдонушат. Байыркы белгилер менен ырым-жырымдарга ишенишет. Мисалы, мышыктын чүчкүргөнүн угуу чоң ийгилик деп эсептелет.
  • Италия Европадагы эң эски университеттин мекени. Болонья университети 1088-жылы негизделген жана бүгүнкү күнгө чейин ишин улантып келет.
  • Шаардын негизги ырымдарынын бири – Треви фонтанына тыйын ыргытсаңыз, Римге сөзсүз кайтасыз. Бул фонтанга күн сайын 3000 евро ыргытылат. Мезгил-мезгили менен тыйындар чогултулуп, бардык каражаттар капиталдык кайрымдуулук уюмдарына берилет.
  • 24 жаштан 35 жашка чейин италиялык эркектердин жарымынан көбү ата-энеси менен жашоону улантып, үй-бүлө курууга шашылышпайт.
  • Италиялыктар мышык “жиндиси” болушат. Римде эле 300 миңден ашык мышык жашайт. Алар байыркы шаардын бардык урандыларында жана аттракциондорунда күнү-түнү эркин сейилдей алышат.
  • Италияда мышыктарга ырайымсыз мамиле кылуу боюнча эң катаал мыйзамдар каралган. Кимде ким мышыктарга ырайымсыз мамиле кылса, 3 жылга чейин эркинен ажыратылат.
  • Италия ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген 50+ аттракциону бар жалгыз өлкө.
  • Ар бир италиялык жылына орто эсеп менен 25 кг макарон жейт. Макарондун 350 дөн ашык түрү даярдалат. Ар бир аймактын өзүнүн эң салттуу жана сүйүктүү макаронунун түрлөрү бар.
  • Италиянын калкы Европадагы эң эски калк.
  • Италия шарап өндүрүү боюнча дүйнөдө 1-орунда турат.
  • Италиялыктар үйдөн чыгарда дайыма суу бөтөлкөсүн алышат.
  • Тарыхта Италия Европадагы эң динчил өлкөлөрдүн бири. Италиялыктардын 71% дан ашыгы католиктер.
  • Италиялыктар алгачкы таасирлерге ишенишет.
  • Италиянын негизги улуттук спорт түрү футбол.
  • Ар бир италиялык күнүнө 230 граммдан ашык нан жейт.
  • Италияда нымдуу, кургабаган чач менен көчөгө чыгуу салтка айланган.
  • Башка Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу карьерада аялдар аз, бизнесте жана саясатта дагы ошондой.
  • Италиялыктар кечки тамакты өтө кеч жешет. Көбүнчө 20:00дөн кийин жешет.
  • Испаниядагыдай эле Италияда сиеста бар. Италиялыктар эркин жашоону жактырышат жана түшкү тамактан кийин жумушка кайтууга шашышпайт.
  • Ар бир италиялык өзүн гастрономиялык адис деп эсептейт жана ар бир адамдын өзүнүн “жашыруун дареги” бар. Белгилүү бир продуктуну сатып алуу же белгилүү бир тамакка заказ кылуу эң жакшы

Сүйүнали кызы Таңсулуу