27 июля, 2024

Баланын укугу ал төрөлгөндөн пайда болот

Баланын балалыгы бактылуу өтсө, ошол элестер ага өмүр бою азык болот дешет. Чоң кишиге айланса да кичинесиндеги бактылуу мүнөттөр кийинки турмушуна дем-күч берип турат. Көргөн мээримин башкаларга төккүсү келет. Балдар балыкты жек көрүп эмес, сагынып эстөөсүнө шарт түзүү ар бир үй-бүлөнүн милдети. Эгер ага үй-бүлөсү жардам бере албай жатса, коом да жөн карап турбашы керек. Балдар карата кооптуу иш-аракеттерди алдын алуу максатында шаарыбызда кандай иштер жасалып келет? Тийиштүү тараптардан маалымат алганбыз.

Жылдызбек Жамалидинов, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси, юрист.

“Ош шаарында балдарга карата зордук-зомбулуктун 10 фактысы катталган”

-Биздин мекеме негизинен Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” кодекси, КРнын “Үй-бүлө” кодекси жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык иш алып барат. Мекеменин негизги  максаты жана милдети балдардын жарандык, саясий, экономикалык, мүлктүк, социалдык, маданий жана башка укуктарын, таламдарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоону камсыз кылуу болуп саналат. Турмуштук оор кырдаалда турган, ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, зомбулуктун жана кылмыштын курмандыгы болуп саналган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашаган, иштеген, кароосуз балдар, түзүлгөн жагдайлардын натыйжасында турмуш-тиричилиги объективдүү бузулган, чыр-чатактар жана өзгөчө кырдаалдар чөлкөмдөрүндөгү балдар, ошондой эле көрсөтүлгөн жагдайларды өз алдынча же үй-бүлөнүн жардамы менен жеңип өтө албаган балдарга жардам берүү жана аларга ар тараптан колдоо көрсөтүп келебиз. 

2023-жылга карата Ош шаарында жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук 10 фактысы катталган. Алардын 4тү сексуалдык түрдө, 5 физикалык, 1 психологиялык.  Бул балдарды коргоо максатында алардын өзү менен үй-бүлөсү менен жекече иштөө планын түзгөнбүз. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы атайы балдар иштери боюнча комиссия бар. Ош шаарынын мэринин орун басары комиссиянын төрагасы. Андан сырткары тиешелүү мекеме-ишканалардан комиссиянын мүчөлөрү шайланган. Түзүлгөн планга ылайык “Балдарга юридикалык, психологиялык, медициналык, окуусу, кызыгуусу, тарбиясына кандай жардамдарды бере алабыз?” деген суроонун үстүндө иш алып барабыз. Жекече иштөө планы жашы жете элек баланы жана үй-бүлөнү кайра социалдаштыруу, коргоо максатында түзүлүп жыйынтык берсе гана план жабылат.

“Ата-энеси менен катташтырбоо — баланын укуктарын бузууга кирет”

-Бала менен чогуу турган ата-эненин бири баланын башка ата-энесинин бири менен катташуусуна тоскоолдук кылбашы керек. Эгерде мындай катташуу тулку-боюна жана психикалык жагынан дени сак, ыймандуу өсүп-жетилишине залал келтирбесе, аа тоскоолдук кылуу да баланын укуктарын бузуу болуп эсептелет. Баладан бөлөк жашаган ата-эненин укуктарын жүзөгө ашыруусунун тартиби тууралу ата-энелер жазуу жүзүндө макулдашуу түзүүгө укуктуу. Эгерде ата-энелер макулдашууга келе алышпаса, ата-эненин (экөөнүн бири) койгон талабы боюнча талаш-тартыш баланын кызыкчылыктарынан улам балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн биздин мекеменин катышуусу менен чечсе болот, эгер чечүүгө мүмкүнчүлүк болбосо сот аркылуу чечилет.

Майыптыгы бар балдардын билим алуусуна түзүлгөн шарттар

-Майыптыгы бар балдардын билим алуусуна болгон шарттарды Ош шаардык билим берүү башкармалыгы менен биргеликте түзүп, алардын окуусуна көзөмөл жүргүзөбүз. Бүгүнкү күндө Ош шаарында 1420  майыптыгы бар балдар жашап келет. Алардын 460 чактысы мектепке барып окушса, калгандары мектеп курагына жете элек же үй шартында билим алышат жана билим алууга окууга такыр мүмкүнчүлүгү жок балдар да бар.

Азамат Момунжанов, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын тескөөчүсү, милициянын капитаны.

“Тейленген аймактарда үймө-үй кыдыруу иштери жүргүзүлөт”

-Балдар иштери боюнча инспекциясы өзүнүн ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, кодекстерин, Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйруктарын жана балдардын укуктарын, эркиндигин, кызыкчылыктарын коргоого тиешелүү болгон ар кандай ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алып бир топ иш-чараларды алып барат. Өзгөчө турмуштук оор кырдаалда турган балдардын укуктарын коргоо, ошондой эле балдарга карата жасалган зордук-зомбулук учурларды, ырайымсыз мамилелерди токтотуу, балдарга карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү кылмыштарды болтурбоо максатында Ички иштер органдарынын кызматкерлери, тактап айтканда балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери жана милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү тарабынан тейлеген аймактарында үймө-үй кыдыруу иштерин жүргүзүп, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын, мигранттардын балдарынын, жетим, жарым жетим балдардын көйгөйлөрүн аныктап, кызыктар органдарга сунуштарды жиберишет.

Балдар арасындагы жана аларга карата укук бузууларды алдын алуу максатында жасалган иштер

-Балдарга карата зордук зомбулук, ырайымсыз мамилелерди алдын алуу максатында атайын ыкчам алдын алуу иш-чаралары алдын ала бекитилген мерчемдерине ылайык “Кароосуз”, “Камкордук”, “Селсаяк”, “Өспүрүм-түн” жана башка ушул сыяктуу аталыштагы рейддик иш-чаралар өткөрүлөт. Мисалы, “Камкордук” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чаранын жүрүшүндө, Өзгөн районунун ички иштер бөлүмү тарабынын жалгыз эки жашы жете элек балдарын тарбиялап жүргөн жалгыз ата такталган. Ал аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдөн экендиги аныкталып, жашы жете элек балдарын багууга шарты жок болгондуктан балдар иштери боюнча комиссиясынын чечими менен Өзгөн районунун Мырза-Аке айылындагы Раззаков атындагы интернатка 6 айлык мөөнөткө эки жашы жете электер жайгаштырылган. Ал эми Ош облусунун аймагында балдар тарабынан жана аларга карата укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында,               2024-жылдын 4 ай аралыгында 1003 иш-чара  жүргүзүлгөн. Анын ичинде семинарлар 170, тегерек столдор 106, конференциялар 19,  спорттук мелдештер 124 жана  башкалар 584.

Мектептерде өткөрүлгөн лекция жана маектешүүлөр

-Балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында аныкталган көйгөйлүү маселелер боюнча РИИБдин Милициянын аймактык ыйгарым өкүлү жана Балдар иштери боюнча инспекциясы тарабынан жалпысынан 2374 маалыматтар тиешелүү органдарга жиберилген. Алар: Билим берүү органдарына 683, Саламаттык сактоо органдарына 14, Социалдык өнүктүрүү органдарына 978, Коомдук алдын алуу борборлоруна 113, Башка мекемелерге 586. Бүгүнкү күндө жер-жерлерде райондук социалдык коргоо бөлүмдөрүнө жана балдар иштери боюнча комиссиясына РИИБы тарабынан 1375 материал жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 1054 материал каралган. Ошондой эле Ош ОИИБдин РИИБдин КККнын МАЫӨ жана БИИ кызматкерлери, мектеп жамааттары, ата-энелер комитеттери жана коомчулук менен биргеликте, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында, мектептер арасында 7902 жолу лекция жана маектешүүлөрдү өткөрдү.

Коомдук жайда коштоосуз жүргөн балдардын ата-энелерине көрүлгөн чаралар

Ош облусунун аймагында балдар арасында укук бузуулардын, кылмыштуулуктун жана балдардын ден соолугуна, дене-бойлук, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында, түнкүсүн көчөдө, коомдук жайларда ата-энеси же аларды алмаштырган адамдардын коштоосусуз жүргөн балдардын ата-энелирене же аларды алмаштырган адамдарга жана балдарына карата терс таасирин тийгизген, өз милдеттеринен качкан ата-энелерге карата Ош ОИИБдин РИИБдин МАЫӨ жана БИИ кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын УБжК боюнча жалпы 1181 протокол түзүлүп,  1 193 000 сом айып пул салынып, 620 000 сом өндүрүлгөн.