2024-жылдын 8-май кʏнʏ Оштогу №40 “Наристе” кургак учук оорусуна каршы санаториялык типтеги балдар бакчасынын директору Максатхан Маметова балдар менен биргеликте согуш ардагери Касымбай Жолдошев атадан кабар алышты. Жолугушуу учурунда балдар жаттап барган ырларын айтып, чакан концерттик программа тартуулашты. Касымбай ата согуш тууралуу баяндап айтып, балдарга батасын берип, бакчага автордук китебин да белек кылды.



Окшош макалалар
«ЭКИ ДОС» ТАНДЕМИ: Президент бардык суроолорго жооп берди
ООГАН СОГУШУ — УНУТУЛГУС САБАК
Тʏзʏлгɵнʏнɵ эки жыл боло элек ишкананын бюджети эки эсеге ɵсʏʏнʏн алдында турат