27 июля, 2024

Айдоого укугу жок бʏтʏрʏʏчʏлɵргɵ автоунаа берʏʏгɵ тыюу салынат!

Жакында, 25-майда Кыргызстандагы мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты ɵтɵт. Буга байланыштуу Ош шаардык милициянын кайгуул кызмат бɵлʏмʏ бʏтʏрʏʏчʏлɵрдʏн жолдогу коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарына кабылууларын алдын алуу максатында ата-энелерге, унааны ижарага берген ишкерлерге кайрылып, аларга унааны бербɵɵ керектигин эскертет. Айдоого укугу жок бʏтʏрʏʏчʏлɵргɵ автоунаа берʏʏгɵ тыюу салынат. Анткени, анын кесепетинен ɵспʏрʏмдɵр да жаракат алган учурлар болгон. Анын ичинен оор жана ɵтɵ оор кесепеттер менен коштолгон фактылар да катталган.

Эскерте кетсек, азыркы эрежелерге ылайык, мас абалында унаа башкарган айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Айдоого укугу жок айдоочуга 15 миң сом айып пул салынып, унаасы айып короого коюлат. Урматтуу бʏтʏрʏʏчʏ, келечегиң кең, жолуң байсалдуу болсун!