27 июля, 2024

Аялдар жана эркектер арасындагы тукумсуздук кɵйгɵйʏ

Кыргызстандагы тукумсуздук маселеси дарыгерлердин тынчын алып келʏʏдɵ. Бул боюнча так статистика жок, айрым маалыматтарга ылайык ɵлкɵлɵдɵгʏ жубайлардын ар бир 18и тукумсуздукка туш болот. Мындай учурда аялдарды кʏнɵɵлɵгɵн учурлар арбын. Ал эми АКШнын Синай медициналык окуу жайы жана Израилдеги Иерусалим Еврей университетинин изилдɵɵсʏ боюнча спермадагы концентрация соңку элʏʏ жылда 51%га азайган. Изилдɵɵчʏлɵр 1970-жылдары эркектердин ар бир миллилитр уругунда 101 миллион репродуктивдʏʏ клетка болгонун, андан бери бул кɵрсɵткʏч 49 миллионго тʏшкɵнʏн эсептеп чыгышты. Тукумсуздуктун себептери эмнеде, кантип алдын алуу керек? Адистердин кеңешин сунуштайбыз.

Абдирашит Акынбеков, Ош облустук адам репродукциясы борборунун андролог-уролог врачы.

“Ата-эне болууга даярдыктын жоктугу ажырашууларга себеп болууда”

-Буга чейин Ош облустук администрациясы тарабынан №873 токтом иштелип чыккан. Токтомго ылайык жаштар никеге турарда медициналык борборлорго кайрылып, ден соолугун текшертип, эркектер урологдон, аялдар гинекологдон кеңеш алуусу зарыл. Тилекке каршы, токтом максатына жетпей калууда. Анткени жаштардын кɵпчʏлʏгʏ “ден соолугум бекем, дарыгерге баруу зарыл эмес” деп ойлошот. Ал эми никелешʏʏ кʏбɵлʏгʏн берʏʏчʏ мекеме никеге турган адамдарга оозеки гана айтышы мʏмкʏн, бирок ар бирин мажбурлап текшерʏʏдɵн ɵткɵрɵ албайт. Айрыкча миграцияда жʏргɵн балдар бир айга эмгек ɵргʏʏгɵ келгенче эле ʏйлɵнʏп, медициналык мекемелерге кайрылууга убактылары болбой калууда. Чет ɵлкɵдɵ ысык-суукта жʏрʏп эркекте ар кандай оорулар пайда болушу мʏмкʏн. Бул аялына да таасир этип, тукумсуздук менен катар ʏй-бʏлɵдɵгʏ келишпестиктерге, ажырашууларга алып барат. 2022-жылы ɵлкɵдɵ 52 миң жубай баш кошкон болсо, алардын 8 миңге жакыны ажырашкан. 2023-жылы 45 миңдин тегерегиндеги жаштар никеге туруп,12 миңи ажырашуу чечимин кабыл алган. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге кɵп дегенди билдирет. ʏй-бʏлɵ эмне экенин толук тʏшʏнбɵй, ата-эне болууга даярдыктын жоктугу ажырашууларга себеп болууда. Эркектер ʏй-бʏлɵ курарда биздин мекемеге же башка мамлекеттик медициналык мекемелерге кайрылса, кайсы анализдерди тапшыруу керектиги боюнча акысыз консультация беришет. Ашып кетсе миң сомдун тегерегиндеги каражатка анализдерди тапшырып, жыйынтыгын биле алышат. Эгер текшерʏʏдɵн ɵткɵн соң оорулар аныкталса, белгилʏʏ бир убакыт аралыгында дарылоо иштери жʏргʏзʏлɵт.

Эркектин ден соолугун талкалаган жаман адаттар

-Экологиянын таасиринен сырткары, ар бир экинчи эркек зыяндуу адаттарды колдонот. Мисалы, союз убагында насвайды карып калган чалдар чегет болчу. “Насвай зыян” деп жаштарга айтса чоңдордун сɵзʏн угушкан. Азыркылар андай эмес, окуучулар арасында да насвай колдонгондор бар. Бир доза насвайды оозго салганда 7 миңге чейин уулуу зат организмге кирет. Анын 250сʏ абдан уулуу болсо, 69у рак чакырууччу заттар. 3 мʏнɵттɵ жыныс органына жетип, тукумдун ичиндеги 100 уруктун 98ин алсыздандырат. Алсыз уруктар бала пайда кыла албайт. Мындан сырткары жаштарыбыз кальян борболоруна кɵп азгырылууда. Кальянды 10 мʏнɵт тартуу 100 даана тамекинин дозасына барабар. Кальян борборлоруна барсаң курамында чɵп, витаминдер бар деп кайра аны пайдалуу кылып жазып койгон. Союз убагында кальян микронаркотик катары эсептелип, чеккендерди да, саткандарды да камайт болчу. Учурда коңшу Казакстан, Ɵзбекстан, Тажикстан ɵлкɵлɵрʏ ушул законду кайра иштеп чыгып, кальянга тыюу салган. Ал эми бизде кɵзɵмɵлдɵгɵн киши жок, ээн-эркин колдонулуп жʏрɵт. Кальяндан башка тамеки, алкоголь ичимдиктери, энергетик суулар да ɵтɵ зыян. Бир бɵтɵлкɵ энергетик ичимдиги 1 килограмм шекерди эритип ичкенге барабар. Шекер токсин болгондуктан уруктардын активдʏʏлʏгʏн тɵмɵндɵтɵт. Баса белгилеп кетʏʏчʏ дагы бир жагдай, жаштар спорт менен машыкпай калды. Айрыкча шаар жаштары спорттон алыстап баратат. Компьютердик клубдарда убакыт ɵткɵрʏшɵт. Кечки 10до жатып, таңга маал туруу керек деген эрежени карманышпайт. Эртең алардан кандай адам, кандай ата чыгат? Бул кетиште келечектеги генофонддун абалын элестетʏʏ кыйын.

“Тукумсуздуктун 60-65%ында эркектер кʏнɵɵлʏʏ болуп чыгууда”

-Бала тɵрɵлгɵндɵ эле акушер-гинекологдор жыныс органдарына маани берип, нормада тɵрɵлгɵнʏн байкап туруусу зарыл. Крипторхизм, гипогонадизм сыяктуу оорулардан улам жыныс органы жакшы жетилбей, 25-30га чыгып урологдорго кайрылгандар бар. Ошондуктан тɵрɵлгɵндɵ эле аталган белгилер байкалса андролог-урологдорго кɵрсɵтʏп, 3 жашка чейин дарылоого болот. Ош облусунда тукумсуздукту алдын алуу боюнча иш алып барган бир гана мамлекеттик мекеме бар. Бул адам репродукция борбору. Мында тукумсуздук боюнча атайы окуудан ɵткɵн гинеколог жана андрологдор иштейт. Тукумсуздукту текшерʏʏ боюнча жетиштʏʏ база тʏзʏлгɵн. Анын ичинде УЗИ, спермограмманы, мазок текшерʏʏ, биохимиялык анализдер, ИФА, гормондук текшерʏʏлɵр жʏргʏзʏлɵт. Статистикага дагы бир карай турган болсок, биздин борборго 2020-жылы тукумсуздук боюнча 1250 эркек кайрылса, 2021-жылы 1325 эркек кайрылган. Бул жылдан-жылга тукумсуздуктун, эркектердин ооруларынан простатит жана башка жыныс органдарынын сезгенʏʏлɵрʏ кɵбɵйʏп баратканын далилдейт. Балалуу болбой жаткан учурда кʏнɵɵнʏ аялдарга гана коюу туура эмес. Мисалы, бизге 100 ʏй-бʏлɵ кайрылса анын 60-65%ында эркектер кʏнɵɵлʏʏ болуп чыгууда. Ошондуктан эркектер активдʏʏ болуп, жоопкерчиликти сезе билʏʏсʏ керек.

Анаркан Токобаева, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын тɵрɵт стационарынын акушер-гинекологу.

Аялдардагы тукумсуздуктун алгачкы белгилери

-Жаңы келиндер 2-3 айда эле “боюмда болбой жатат” деп дарыгерге келе башташат, бул туура эмес. Негизи кыз турмушка чыккандан тарта, бир жылдын ичинде боюна бʏтпɵсɵ, тукумсуздуктун алгачкы белгилери болуп эсептелет. Аялдардагы тукумсуздуктун себептери кɵп. Биринчиден, аялдар кыз мезгилинде тубаса ɵзгɵрʏʏлɵргɵ учурашы мʏмкʏн, тагыраагы, кичине жатын же такыр жатыны жок тɵрɵлʏʏ. Экинчиден, бойго жеткенде гормондук ɵзгɵрʏʏлɵр болот. Богок(зоб) сыяктуу оорулар гормонду мʏчʏлʏштʏккɵ учуратып, тукумсуздук кɵйгɵйʏн жаратат. ʏчʏнчʏдɵн, жатындын, жатын тʏтʏкчɵлɵрʏнʏн сезгенʏʏлɵрʏ. Сезгенʏʏлɵрдʏн себеби, иммунитет тʏшкɵндɵгʏ оору чакыруучу инфекциялар жана жыныс жолдор аркылуу жугуучу инфекциялар. Сезгенʏʏлɵрдʏ убагында дарылабаса жатындын ичтен бири-бирине жабышып калуусуна, тʏтʏкчɵлɵрдʏн тосулуусуна алып барат. Ошондой эле стресс, алкоголь ичимдиктер, баңгизат, ар кандай оор жумуштар эне болууга болуп кɵрбɵгɵндɵй терс таасирин тийгизет.

“Тукумсуздукту дарылоого болот”

-Медицинанын ɵнʏгʏшʏ менен кʏн санап жаңы ыкмалар, жаңы технологиялар чыгууда. Азыркы учурда тукумсуздукту дарылоого болот. Бизге келип, сезгенʏʏлɵргɵ анализ тапшырып, дарыланып, тɵрɵгɵн кыздарыбыз кɵп. Мындан сырткары дарыгерлер дарылагандан кийин да тɵрɵɵгɵ мʏмкʏнчʏлʏк болбосо, экстракорпоралдык (ЭКО) же жасалма уруктандыруу ыкмасын колдонууга туура келет. Кыз-келиндерге жылына бир жолу гинекологдун эле эмес, бардык дарыгердин кɵзɵмɵлʏнɵн ɵтʏп туруусун кеңеш берер элем. Эгер ден соолук бекем болбосо, боюнда болгон чакта деле ар кандай себептер менен тʏшʏп калуусу мʏмкʏн. Ошондуктан дени сак балдарды тɵрɵп, ʏй-бʏлɵнʏн, мамлекеттин бекемдиги ʏчʏн аял ɵз саламаттыгына жоопкерчиликтʏʏ болуусу зарыл.

Айжылдыз Тойчиева