8 сентября, 2024

Тɵɵ сʏтʏнʏн пайдасын билесизби?

Азыр аты жаман илдетке чалдыккандар эле кɵп. Кадимки медицина менен элдик дарылоо кээде карама-каршы болсо, айрым учурда экɵɵнʏкʏ бирдей чыгышы деле мʏмкʏн. “Тɵɵнʏн сʏтʏн, бээнин, эшектин сʏтʏн ичип айыгыптыр” дегенди уккан ʏмʏткɵр жан аны да жасап кɵрɵт. Эч бир онколог  “ооба, туура, ошону ич, айыгасың” деп айтпайт. Анткен менен “оорунун акыркы стадиясына келип ʏйʏнɵ чыгарууга аргасыз болгон бейтаптар жашоо ʏчʏн кʏрɵшʏп,  элдик ыкмага ыкташат” дешет адистер. Эбепке-себеп болуп шыпаа таап кеткендер да бар, тескерисинче, эч нерсе жардам бербеген учурлар арбын. Бул ирет тɵɵ сʏтʏнʏн пайдасы тууралуу жазып жатабыз.

“Биз дагы ишибиздин жакшы тарабын алып, аракет кылып келе жатабыз”,- дейт “Тулпар тɵɵ асыл тукум чарбасынын” жетекчиси Кудайберди Салиев.

“Бул ишти баштоомо атам тʏрткʏ болгон”

-Тɵɵнʏн сʏтʏ менен алектенгениме 7 жарым жыл болду. Менин атам 1942-жылы фронтко кетет, 1945-жылы январь айларында Украинада согуш талаасында жаракат алып, 9 жеринен ок жеген экен. Ошондон кийин ооруп калды. Ооруканага алып барсак атамдын оорусу рак экен деп Жалал-Абадга жиберишти. Ал жердеги доктур бизге “тɵɵнʏн сʏтʏн тапкыла, ошону ичкенде айыгып кетет” деп айткан эле. Бир тууган агам каяктан тапты бибейм, айтор тɵɵнʏн сʏтʏн алып келип ичирген эле. Атам кусуп жиберди. Биз жакпай жатат окшойт деп ичирʏʏнʏ токтотуп койдук. Сʏттʏ башка адамга берип жибердик. Ал адам ичип, жакшы болуп кетти. Анан апам “бере берсеңер болот эле” деп калды. Ошондон кийин менде ичире берсек болмок экен деген арман болуп калды. Азыркы кʏндɵ ошол арманымды орундатып, адамдарга жардам берип келе жатам. Кудай насип кылса баары болот экен. 1970-жылдан бери тɵɵнʏн сʏтʏ менен адамдарды айыктырып келем. Бул жашоодо бардыгы Алланын колунда. Биз болгону себепчибиз деп ойлойм.

2000 жылы “Тулпар” фермер чарбасын тʏзгɵн элек. Аталышы баарына жакты. Себеби чарбанын эң негизги аткаруучу иш аракети боюнча асыл тукумдуктун породаларын ɵстʏрʏʏ болгондуктан, мындай аталышын туура болот деп эсептешкен. Тулпар фермердик чарбасына ишенимдʏʏ жетекчи катары мени шайлашкан. Жылкы чарбачылыгын уюштуруп ар бир байгеге кʏлʏккɵ майрамдарда аттарымды чаптырат элем. Ошентип жʏрʏп 2022-жылы “Тулпар тɵɵ асыл тукуму фермер чарбасы” деп ɵзгɵрттʏм. Анткени тɵɵ чарбачылыгын  2017-жылдан эле баштаган элем.

“Кɵп адамдарга  жардамым тийди”

-Бир келиндин денесине жара чыгып, кан басымы кɵтɵрʏлʏп, мага келип дарыланып кеткен эле. Кийин кызын дагы алып келди. Кызы дагы ашыкча оорулардан айыкты. Андан соң кʏйɵɵ баласын ээрчитип келди. Азыркы учурда дарылоо алып жаткан учуру. 7 жылдын ичинде эч бир ооруга бул болбойт деген нерсе жок экенин тʏшʏндʏм. Бардык оорунун сɵзсʏз тʏрдɵ дарысы болот экен. Бир кыз туулганында эле жʏрɵгʏндɵ эки тешиги менен тɵрɵлгɵн экен. Операцияга мʏмкʏн эмес дешет. Оокат дагы иче албай, мээсинде дагы суу пайда болот. Ар жеринде оорусу бар бул кызга 82 кʏн тɵɵнʏн сʏтʏн ичирдик. Адегенде кыздын жʏрɵгʏндɵгʏ тешик бʏтɵлдʏ. Мээдеги суу да тазаланды. Бул да болсо тɵонʏн сʏтʏнʏн дарылыгынын пайдасы. Кээ бир адамдардын талмасы болот. Мындай ооруга  оштук бир бала 9 жашында кабылып, 27 жашына чейин ооруган экен. 18 жыл бул оору менен алышып келиптир. Апасы бир кʏн дагы эч жакка чыга албайм дейт. Анткени баланын талмасы бир кʏндɵ 20 жолу кармап калат экен. Ал балага дагы 82 кʏн тɵɵнʏн сʏтʏн ичирдик. Кудай шыпаа берип айыгып кетти. Бир аял  рак менен алышып, анын бир тууган иниси “эже, келиңиз, мен дагы ушул жерден дарыландым” деп чакырды. Ал аял 4-5 жылдан бери дарыланып, бирок майнап чыкпай жаткан экен. Кудайга шʏгʏр, азыркы учурда биздин жардамыбыз тийип жакшы болуп калды. Ак кан жана рак болуп ооругандар дагы тɵɵнʏн сʏтʏн ичкенде айыгышты. Тɵɵнʏн сʏтʏ каны уюп калгандарга жана кан басымы жогоруларга дагы дары. 

“Жаныбарларга караганда адамды дарылаган жеңилирээк”

-Атам раматылык ат минип, ат менен алек болгон. Биз кичинекей кезибизде эле атты жакшы карап дарылаганды билчʏбʏз. Ошол кез дагы азыркы учурума чоң жардамын тийгизди. Азыр адамдарды дарылай турган деңгээлге жетип калдык. Бул бизге жылкыны дарылаганга караганда алда канча жеңилирээк сезилип калды. Анткени жаныбарлар сʏйлɵй албайт, кайсы жери ооруп жатканын айта албайт. Ал эми адамдар болсо, ооруган жерин айтып, бизге алда канча жеңилдик жаратып беришет.

“Тɵɵ кандай чɵп жебесин, сʏтʏ дарылыгын жоготпойт”

-Негизи тɵɵнʏн сʏтʏ кышпы, жазбы, кʏзбʏ кайсы мезгил болбосун дарылыгын жоготпойт. Адамдар кɵбʏ “тɵɵ тикенин жебеген тɵɵнʏн сʏтʏ кандай болот?” деп сурай беришет. Сɵзсʏз тɵɵ тикен жеши керек деген нерсе жок. Ар бир малдын эти, сʏтʏ кандай чɵп жебесин касиетин жоготпойт жана ɵзʏнʏкʏ боло берет. Бардык малды алып келип окшош чɵп жедирсең дагы ар кимдин эти, сʏтʏ ɵзʏнʏкʏ болот жана калориясын жоготпой кармап калат. Эч качан уйдун сʏтʏ бээнин сʏтʏ, бээники эчкинин сʏтʏ болуп калбайт.

“Алыста болсо дагы жардамыбызды беребиз”

-Тɵɵнʏн сʏтʏ 10 кʏнгɵ чейин эскирбейт. Андан ɵткɵндɵн кийин пайдасы жоголуп кетет. 10 кʏн бою муздаткычта сакталышы керек. Бирок биз 10 кʏнгɵ жеткидей кылып бербейбиз. Ашып кетсе 3-4 кʏндʏк сʏттʏ бир кылып беребиз. Кɵбʏнчɵ алысыраак жайларга берип жиберебиз. Бир бала онкологиялык оору менен ооруп жаткан экен. Алыс жакта болгондуктан ага берип жибергенбиз.

“Жарым литр сʏт 500 сом”

-Тɵɵ бир кʏндɵ ʏч жолу саалат. Бир тɵɵдɵн 2 литр, 1,5 литр тегерегинде сʏт чыгат. Баласын да эмизет. Биз жарым литр сʏттʏ 500 сомго сатабыз. Арзаныраак кылганга болбойт. 500 сом кымбат деген адамдар да болушу мʏмкʏн. Себеби 1 пресс чɵп 550 сом болуп жатат. Бир тɵɵ эле жарым прессти жеп жатпайбы. Менимче бул жакшы эле сумма. 

 “Шартыбыз жок болгондугуна  байланыштуу тɵɵлɵрʏбʏздʏ кɵбɵйтɵ албайбыз”

-Тɵɵнʏн ботосу ургаачы болуп калса ошол  бизге чоң майрам. Белек бергендей эле сʏйʏнɵбʏз. Кудайга шугʏр, быйыл кɵбʏ ургаачы болду. Эркек туулуп калса сʏттɵн чыккандан кийин сатып жиберебиз. Азыркы убакта 4 тɵɵ саалып жатат. Жалпы 27 баш тɵɵбʏз бар. Шартыбыз жок, жерибиз кичинекей болгондуктан кɵп тɵɵ кармай албайбыз. Анткени тɵɵлɵр деле кыйналышат. Быйыл бир тɵɵбʏздʏн баласы операциялык жол менен алынды. Себеби жер тар болгону чоң таасирин тийгизип койду. Анткени булар чɵлдɵ жʏрʏп ʏйрɵнгɵн да. Тɵɵ бул дайыма чɵлдɵ кең талаада жʏрʏп тургандыктан биздикине окшогон жерлер тардык кылат экен. Ошол ʏчʏн дагы кɵбɵйтʏʏгɵ кыйналабыз.

“Ветдарыгерлер текшерип турушат”

-Тɵɵлɵрʏбʏздʏ атайы караган ветврачтар бар. Ар ай сайын уколдорун берип, канын алып, анализдерин чыгарып алып келип беришет. Тез- тез кабар алып турушат. Жолдошбай, Абдыхалык жана Турсумбай деген  ʏч ветаринар тɵɵлɵрʏмдʏн дабагерлери. Дайыма келип карап жардам берип турушат. Дары- дармектерин дагы убактыларында берип, дайыма кɵзɵмɵлдɵшɵт.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы