Ɵнʏккɵн заманда жашап жатканыбызга дагы бир жолу ынанбасак болбос. Кʏн сайын жаңы технологиялар ойлоп табылып жатат. Мындан 10 жыл мурун кандай эле? Азыр кандай болуп калды? Салыштырсак айырма чоң. Адамдар мурун колу менен кылганды азыр оозу менен жасап калышты. Бардык тармак онлайнга айланып баратат. Курстар, сатуу, алуу, ал гана эмес, кие турган кийимиңди деле онлайн издеп кийип калдык. Yйдɵ олтуруп телефондон эле бизнес баштагандар канча. Мына ушундай кеңири тараган тармактардын бири вайлдберриз жɵнʏндɵ сɵз кылабыз.
Ош шаарындагы вайлдберриз окуу борборунун жетекчиси Кайрат Насыркулов:
“Бизден ʏйрɵнʏп кетип, иши жʏрʏшʏп, бирок ийгиликтери менен бɵлʏшпɵгɵндɵр да бар”

-Биздин эки филиалыбыз бар. Бирɵɵсʏ Бишкекте, экинчиси Ошто. Ош шаарына ачканыбызга 1 жылга жакындап калды. Биз курстун негизинде адамдарга вайлдберриздеги сатуу мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн ʏйрɵтɵбʏз. Азыркы учурда 10 го жакын адам иштейбиз. 3 спикер бар. Эксперт практик болуп сабак беришет. Билимдерин жаңылап, сырттан окуп келип, анан кайра бул жакка ʏйрɵтʏшɵт. Курсту алып кетʏʏ адамдын ɵзʏнɵ байланыштуу болот. Андан сырткаркысына биз жардам беребиз. Бардык керектʏʏ нерсени ʏйрɵтɵбʏз. Курс ачылгандан бери 400 гɵ жакын адамды окутуп чыгардык. Анын ичинен жакшы жыйынтыкка чыккандары дагы бар. Бизде 1 жыл кайтарым байланыш болот. Тʏшʏнбɵгɵн жерлерин тʏшʏндʏрʏп, кɵйгɵйлɵрʏ болсо чечишкенге аракет кылабыз. Бирок кɵп окуучулар жыйынтыкка чыккандан кийин ийгиликтери менен бɵлʏшпɵйт. Алардын кайрылбагандыгынын эки эле себеби бар. Же иши жʏрʏшʏп укмуш болуп кеткен, же таптакыр жʏрʏшпɵй таштап койгон.
Вайлдберриз пирамида эмес
Ош шаарындагы вайлдберриз окуу борборунун спикери Сабыров Исхак:

— Вайлдберриз — интернет дʏкɵнʏ, базары сыяктуу тʏшʏнʏк. Жɵнɵкɵй эле бизнес сыяктуу алып-сатуу. Вайлдберризде ар бир адам ɵзʏнʏн товарын сатканга укугу болот. Биз Кыргызстанда болгондуктан бул жакта ɵндʏрʏш арзан тʏшɵт. Ошолорду биз арзан алып вайлдберризден кымбат сатсак болот. Мисалы, бир товар сатам десеңиз, аны башка жактан сатып алып айландырасызбы, же тиктирип аласызбы, ɵзʏңʏз ɵндʏрʏп чыгарасызбы, анын айырмасы жок. Каалаган товарыңызга, каалагандай баа коюп сатууга мʏмкʏнчʏлʏгʏңʏз болот. Вайлдберризде ортомчу адам болбойт. Ар бир адам ɵзʏ кирип, товарын ɵзʏ сата алат. Бирок акылуу. Товарыңызга жараша ала турган комиссиясы болот. Андан сырткары жолкиреси дагы тɵлɵнɵт. Вайлдберриз эки система менен иштейт. Биринчиси товарды вайлдберриздин кампасына тапшырабыз. Ал ɵзʏнʏн акысын алып сата берет. Экинчиси товарды ɵзʏбʏз кармап турабыз. Вайлдберриз бизге кардар таап берет. Кардар буюртма кылгандан кийин биз аны жеткирип беребиз. Эки системада тең акы алат. Кɵпчʏлʏк адамдар вайлдберриздин кампасына жɵнɵтʏп коюп иштешет. Вайлдберриз ʏч имаратка бɵлʏнɵт десем болот. Биринчиси бул кампа, ал Москвада. Ал жакта 10 -20 миң адам иштешет. Экинчиси бул сорттоочу борбор. Анда биздин товарлар же кампага, же кардарга жеткирилип берилет. Андай борбор Кыргызстанда Ошто жана Бишкекте бар. Андан сырткары кардар алып кете турган атайы точкалар дагы бар. Мисалы, Ош шаарынын тургуну болсоңуз, кардар сыяктуу эле буюртма берип, буюртманы алуу ʏчʏн ошолордун бирɵɵсʏн тандайсыз. Андан соң буюртма берген буюмуңуз келет. Негизи вайлдберриздеги товарлар 6 мамлекетке сатылат. Кɵбʏнчɵ Казакстан, Кыргызстан, Россия, Армения, Белоруссия жана Ɵзбекстан. Ошол 6 мамлекетке 1 эле учурда сатса болот. Мисалы, Кыргызстанды кɵрʏп, Армения же Белоруссия заказ берсе болот. Бирок Кыргызстанда кампа жок. Вайлдберризде товарды кармап алып кантип сатабыз деп ойлонуп отурбайбыз. Товарды ɵздɵрʏ жеткирип берет. Экинчиден, бааларын ɵзʏбʏз коёбуз. Вайлдберриз сага аралашпайт. Ошондой эле эң чоң артыкчылыгы, базарга салыштырмалуу кечке отуруштун кереги жок. Убактылуу интернетке кирип 1-2 саат карап койсоң жетиштʏʏ. Анда деле кирип алып кардар издеп убара болбойсуң. Болгону товарыңдын канча даанасы сатылды, эмне болуп жатат, кандай болуп жатат, кирип бир сыйра эле кɵз салып чыгасың. Дагы бир мʏмкʏнчʏлʏгʏ башка жумуш менен иштеп деле вайлдберризди кошумча жумуш катары алып кетсе болот. Анан кɵпчʏлʏк адамдар вайлдберризди пирамида сыяктуу ойлошот экен. Мында эч кандай адамды артынан чакыруу, артынан каттоо деген нерсе жок. Ар бир адам ɵзʏ ʏчʏн иштейт.

“Сен канча товар сатсаң, ошончо акча болот”
-Вайлдберризде сен канчалык товар сатып айландырсаң, ошончолук пайдасын кɵрɵсʏң. Бир телефон сатсаң ошонун гана акчасы. Ал эми 100 телефон сатсаң анын акчасы деген сыяктуу эле. Сенин товарыңдын санына жараша акча айлана берет. Кɵпчʏлʏк адамдарда башынан эле чоң сумма менен киргендер аз. Бирок аз- аздан деле айландырып чоң кирешеге чыккандар болот. Эң жогорку жыйынтыкка чыккан окуучуларыбыздын арасынан бир окуучубузга 1 жумада бир миллиондук буюртма тʏшкɵн.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы