18 октября, 2024

“Жалпыга бирдей болгон жʏрʏм-турумду сактоо зарыл”

Коомдук транспортто, кɵчɵдɵ, эл кɵп жайгашкан кайсы гана жер болбосун уруш-жаңжал чыгарып, башкаларды сɵгʏп, тилдɵɵ кылмыш экенин ар бир жаран эске сактай жʏрʏʏсʏ зарыл. Капыстан мушташа кетип, бирɵɵнʏн ден соолугуна же мʏлкʏнɵ зыян келтирип коюунун жазасы да чоң. Мыйзам боюнча бейбаштык ʏчʏн кандай жаза каралганын юрист Чыңгызторо Жолонов айтып берет.

Инсандык беделге шек келтирʏʏ

-Жарандардын инсандык беделине, абийирине шек келтирген учурда кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. Мындай кылмыштар фактылар менен тастыкталса, сот тарабынан материалдык зыяндар ɵндʏрʏлʏп, моралдык зыяндардын орду толтурулушу мʏмкʏн.

Майда бейбаштыктын тʏрлɵрʏ

-Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жɵнʏндɵ кодексинин 126-беренесинде “Майда бейбаштык” жɵнʏндɵ жазылган. Майда бейбаштык, башкача айтканда, коомдук жайларда сɵгʏнʏʏ, анын ичинде тилдɵɵ. Ошондой эле жарандарды кордоп тийишʏʏ, коомдук тартипти, жарандардын тынчтыгын бузган жана башка аракеттер (табигый муктаждыктарын белгиленбеген коомдук жайларда аткаруу, мʏлктʏ анча чоң эмес ɵлчɵмдɵ атайын бузуу, агрессияны кɵрсɵтʏʏ жана башкалар), ушул сыяктуу аракеттерди жасаган учурда жоопко тартылат. Жеке жактарга 55 эсептик кɵрсɵткʏч ɵлчɵмʏндɵ айып пул салынат, же болбосо 30дан 40 саатка чейинки мɵɵнɵткɵ коомдук иштерге тартууга, же ʏчтɵн беш суткага чейин камакка алууга алынып келинет.

Жоосунсуз жорук, орунсуз аракеттердин жазасы

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексини 280-берененсине ылайык зомбулук кылуу, же болбосо аны колдоном деп коркутуу, же кара ниеттиги менен айырмаланган орунсуз аракеттерди жасаса, башкача айтканда, башка бирɵɵнʏн мʏлкʏн жок кылуу же зыянга учуратуу менен коштолгон, ɵмʏргɵ жана ден соолукка коркунучтуу эмес зомбулукту колдонуу, коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жʏрʏм-турум ченемдерин атайлап бузган аракеттери ʏчʏн жоопко тартылат. Мындай жоосунсуз жоруктары ʏчʏн жарандар айып пулдарга тартылып же ʏч жылдан беш жылга чейинки мɵɵнɵткɵ эркинен ажыратылат.

Жарандар кɵчɵдɵ жана коомдук жайларда жалпыга бирдей болгон жʏрʏм-турум эрежелерин жана ченемдик укуктарды сактоосу зарыл. Ал эми жалпыга бирдей болгон жʏрʏм-турум ченемдерин бузган учурда жогоруда кɵрсɵтʏлгɵн мыйзамдардын негизинде жоопко тартылат.