Акыркы учурда мигранттардын карыз экенин айтып, Россиянын “Золотая корона” микрокредиттик уюмунун адистери мигранттын ʏй-бʏлɵсʏнɵ чейин чалып жаткандары айтылып баштады. Бир жумага пайызсыз кредит берген бул уюмдан миңдеген мекендештер карыз болуп, туумдары ашып кеткен. Улуттук банк чет элдик банктын ички процедураларына кийлигише албастыгын айтып, колдон келген аракеттерди жасап жатканын билдирʏʏдɵ. Алардын бири Россиянын аймагынан келе берген мекендештерге Кыргызстанда туруп карызын тɵлɵгɵнгɵ тʏзʏлгɵн мʏмкʏнчʏлʏк. Мигранттарды карызга кептеген бул кредиттик уюм тууралуу Кыргыз диаспора кеңешинин тɵрагасы Кубанычбек Осмонбеков тɵмɵнкʏлɵрдʏ айтып берди.

“91 миң борбор азиялык мигранттарга чектɵɵлɵр коюлган”
-Микрокредиттик уюмдардан карыз болуп бир нече ай тɵлɵбɵй, туумдары кɵбɵйʏп кетсе, карыз берген уюм ал адам менен байланышканга аракет кылат. Эгер такыр дайынын айтпай, жок болсо борбордук банк аркылуу сот приставына (судебный пристав) ɵткɵрʏп беришет. Сот приставы – адамдарды сот актыларын аткарууга мажбурлоо укугуна ээ. Ал мʏлкʏн, банк эсептерин камакка алып, чет элдик паспорт берʏʏгɵ же чет ɵлкɵгɵ чыгууга тыюу сала алат. Демек, Россиянын аймагынан чыгууга тыюу салып коюуга толук укуктуу. Ошентсе да айрым кредитин тɵлɵбɵй жʏргɵн мекендештер Кыргызстандан Россияга кирип-чыгып жатканын айтып келишет. Мындай учурда алардын иши азырынча соттук териштирʏʏгɵ ɵтɵ электигин тʏшʏнʏʏ керек. Учурда сот приставынын сайтында 91 миң борбор азиялык мигранттарга чектɵɵлɵр коюлган. Тилекке каршы, бул кɵрсɵткʏч кʏн сайын ɵсʏʏдɵ.
“Карызын тɵлɵбɵй, тууму 100 миңден ашып кеткен мекендештерибиз бар”
“Золотая корона” кредиттик уюму учурда 7 кʏндʏк пайызсыз кредит берери маалым. Тактап айтканда, 10 миң сом алынса, 7 кʏндɵ ошол сумманы тɵлɵɵ зарыл, 4%ы комиссия катары кармалат. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ 3-4 жылдап карызын тɵлɵбɵй жʏрʏп тууму 100 миңден ашып кеткен мекендештерибиз бар. Мындай учурда банктын реструктуризация деген системасын пайдалануу сунушталат. Банкка кайрылып тɵлɵбɵй жаткандын себебин тʏшʏндʏрсɵ ʏстɵк пайыз кошпой, бир нече айга бɵлʏп тɵлɵɵгɵ шарт тʏзʏп беришет. Бул мʏмкʏнчʏлʏктʏ акыркы учурда кɵп мигранттар колдонуп жатышат.

Карызды тɵлɵɵгɵ кɵмɵктɵшкɵн жергиликтʏʏ банктар
-Эгер мигрант карыз алып Кыргызстанга кетип калса, мɵɵнɵтʏ ɵтʏп баратса туум кошула берет. Ошондуктан Кыргызстандын банктары аркылуу «Золотая коронадан» алган адамдын атына карызды тɵлɵсɵ болот. Ал банктар “РСК”, “Кыргызстан” ААК, “Компаньон”, “АМАНБАНК”, “ЭкоИсламикБанк” жана “Айыл банк”. Эске сала кетчʏ жагдай, кредит алып жаткандагы келишимдин номерин сɵзсʏз айтуу керек. Эгер ал номерди билбей, “Золотая коронанын” телефондогу тиркемесин ɵчʏрʏп алса, тиркемени кайрадан жʏктɵп, “Чат” деген жерине аты-жɵнʏн толук жазып, келишим номеринин жоголуп кеткенин жазса, адистер таап беришет. Чатта кыргыз, орус, ɵзбек, тажик тилдерин тандап, ыңгайлуу тилде маалымат алууга болот.
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы