22 октября, 2024

Жарым кылым бакчага арналган ɵмʏр

Чыдамдуу, мээнеткеч адамдар болот. Андайлар иштеген жумушунан рахат алып, эс алышат. Ошол сыяктуу эле ɵмʏрʏнʏн жарым кылымын бала бакчага арнаган, ишин сʏйгɵн Дилара Абжапарова шаардагы №40 “Наристе” балдар бакчасында эмгектенет.  Каарманыбыз бакчанын ичи-сыртын гʏлгɵ толтуруп, жʏздɵн ашуун гʏлдɵрʏ бакчанын кооздугуна кооздук кошуптур.

Максаткан Маметова, Ош шаарындагы кургак учукка каршы санаториялык типтеги №40 “Наристе” балдар бакчасынын директору.

“Ишке келгенимден бери Дилара эжемден кɵптʏ ʏйрɵндʏм”

-Биздин бала бакчабыз 1967-жылы тʏптɵлгɵн. Мен ɵзʏм бул балдар бакчага 2013-жылы келгенмин. Ал эми кургак учук оорусуна каршы санатория тиби 1995-жылы 1-мартта ишке берилген. Ошондон бери бул балдар бакчасында Дилара эже иштеп келет. Мурунку бакчаларды кошкондо жалпы 50 жыл иштептир. Ɵзʏнʏн бʏт ɵмʏрʏн, билимин, кʏчʏн балдар бакчага арнаган жалгыз Дилара эжекебиз. Бул деген жарым кылымды тʏшʏндʏрʏп жатпайбы. Дилара эжем менен ɵзʏм дагы сыймыктанам. Жалпы жаамаат дагы сыймыктанат. Арабызда кесиптештерибиздин ичинен дагы эң кɵп иштеген ушул эжебиз. Мен бала бакчага кегендеги эң алгачкы ишим Дилара эжем менен башталган. Сурагандын айыбы жок дейт. Бардык нерсени сурачумун. Мага бала бакчанын сырын, кесиптештердин сырын, айтор бардык нерсени ʏйрɵттʏ. Мындайча айтканда, менин оң колум болуп берди. Балдар менен кандай ийгиликтерге жетиш керек. Кандай тамак- аштын тʏрлɵрʏн кандай кылып бериш керек. Кʏнʏмдʏк менюлардан бери баарын Дилара эжемден ʏйрɵндʏм. Кандай кылганда витаминдʏʏ тамактар болот, эмне болсо баарын эжемден сурай берчʏмʏн. Ар бир кыймыл аракети, суйлɵгɵн сɵзʏ, баары  мага сабак болуп келет. Кɵп жакшы жактарын ɵзʏмɵ ала алдым десем болот. Бир эле мен эмес, жалпы жаамаат сыйлайбыз. Бактылуу эне, бактылуу аял, биздин балдар бакчабыздагы эң алдыңкы сыйлаган, сʏйгɵн ардагер эжебиз.

“Бакчабызды гʏлдɵттʏ…”

-Мен эжемден бир гана бакча жɵнʏндɵгʏ нерселерди гана эмес, гʏл ɵстʏрʏʏнʏ дагы ʏйрɵндʏм. Анткени эжекебиз гʏлдʏ кантип ɵстʏрʏʏнʏ, кандай витамин берʏʏнʏ, айтор баарын билет. Билбеген нерсеси жокко эсе. Башында бакчабызда гʏлдɵр аз эле болчу. Кийин Дилара эженин жардамы менен кɵбɵйтʏп чыктык. Ошондон бери гʏлдɵргɵ басым жасап келебиз. Дилара эже гʏлгɵ аябай жакын. Кадимкидей эле сʏйлɵшɵт. Ооруп калса кандай витамин бериш керектигин дагы билет. Азыр бакчабыздын баары гʏлгɵ толуп калды. Корообуздан баштап бакчанын ичине чейин гʏлдɵрдʏн тʏрʏ бар. Бир гана жазында же жайында гана эмес, кышында дагы гʏлдɵрʏбʏздʏ гʏлдɵткɵнгɵ аракет кылып келебиз.  

“Ɵмʏрʏмдʏ ишке арнадым”

Кургак учук оорусуна каршы санатория типтеги №40 “Наристе” балдар бакчасынын чарба жетекчиси Абжапарова Дилара.

-1974-жылы Ош шаарындагы нан заводго кызыгып ишчи болуп киргенмин. Мектепте да окуп, андан сырткары иштейт элем. 8-классты бʏтʏргɵндɵн кийин окууга эмес, эле ишке кызыктым. Нан заводунда иштеп жʏрʏп, 1982-жылы турмушка чыктым. 14-жыл иштеп, 1988-жылы №13- балдар бакчасына ишке кирдим. Анда иштеп жʏрʏп ʏйʏмɵ жакын эле иштейин деген ойдо №40 балдар бакчасына которулдум. Эң алгач ишке киргенимде ашпозчу болуп киргенмин. Бир жылдан кийин чарба башчысы болдум. Бул бакчада иштегениме 36 жыл болду. Ал эми бардык иштеген жылдарымды эсептегенимде 50 жылдын жʏзʏ болуп калды.

“Жумушка келип эле биринчи гʏлдɵрʏмдʏ караймын”

-Бакчада 100 дɵн ашык гʏлдɵр бар. Дээрлик гʏлдɵрдʏн баарынын аттарын билемин. Гʏлдɵрдʏ кайсыл мезгил болбосун гʏлдɵтʏʏгɵ аракет кылабыз. Гʏл кандай жаркыраса бакчанын ичи дагы, гʏлдɵр менен кошо жаркырап турсун дейбиз. Гʏлгɵ жаштайыман эле кызыккандыктан, ʏйдɵ дагы толтура гʏлдɵрдʏ ɵстʏрɵмʏн. Аларды дагы караганга жетишем. Гʏлдɵрдʏ кароо мен ʏчʏн рахат тартуулайт. Гʏлдɵр менен сʏйлɵшкɵндʏ дагы жактырамын. Жумушка келгенимде адегенде гʏлдɵрʏмдʏ караймын. Гʏлдɵргɵ кɵбʏрɵɵк мээрим бергенге аракет кылам. Ооруп калса витамин берип дарылаймын.

“Кесиптештерим менен бир ʏй-бʏлɵ болуп калдык”

-Мен ишимди жакшы кɵрɵм. Бакчадагы балдарды дагы ɵз баламдай эле жакшы кɵрɵмʏн. Бул ишим мени чарчатпайт деле, тескерисинче, иштегенден эс алам, рахаттанам.  Бардык жетекчилерим менен жакшы мамиледе болуп келгенмин. Азыр деле кесиптештер баарыбыз бири-бирибизди урмат кылабыз, сыйлап турабыз. Ишке дагы ар кандай адамдар келет. Баары менен тил табышып, жакшы мамиледе болууга аракеттенем. Ишканамды, ишимди жана ишчилеримди баарын жакшы кɵрɵмʏн. Кубанычты, сʏйʏнʏчтʏ бала бакчадагылар менен бирге ɵткɵргʏм келет. Бул жердегилер бир чоң ʏй-бʏлɵ сыяктуу эле болуп калганбыз. Жаш кесиптештериме дагы айтып келемин. Баарына сабыр жана чыдам керек. Адам ɵзʏ ʏчʏн кʏрɵшʏп бардык нерсеге даяр болуусу керек. Жашоодо ар кандай кырдаал болушу мʏмкʏн. Эң негизгиси чыдамдуулук. Бардык ишти так, таза аткарсаң, мээнетин, жемишин сɵзсʏз кɵрɵсʏң.

“Жумушсуз отура албайм”

-Мен иштеп жʏрʏп кɵнʏп калгам. ʏйдɵ отуруу мен ʏчʏн бир аз ыңгайсызыраак. Албетте, ʏйдɵ дагы балдарым, неберелерим менен убакытты ɵткɵрʏʏ ɵтɵ  кызыктуу. Бирок иштеген адам баары бир иштей бергиң келет экен. Жумушка келип адамдар менен сʏйлɵшɵм, баарлашам. Мен ʏчʏн ɵз жумушумум абдан кызык. ʏйдɵ отуруп калсам билбейм, зериксем керек (кʏлʏп).

 “Жекшемби кʏнʏ ишке келип алган учурларым болгон”

-Биздин бала бакчабызда мурун ишемби кʏнʏ дагы жумуш кʏнʏ эле. Жада калса жекшемби кʏндɵрʏ дагы иш кʏнʏ болуп калат эле. Базар кʏнʏ, ишемби кʏнʏ дебестен ишке келʏʏ мен ʏчʏн оорчулук жаратпайт. Кийин 5 кʏнгɵ ɵтʏп кеттик. Ошол маалда иш кʏнʏ эмес кʏндɵрʏ дагы ишке келип алган учурларым болгон.

Таңсулуу  Сʏйʏнали кызы