18 октября, 2024

  ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРYY ПРОЦЕССИНДЕ ИНСАНДЫН ПСИХОЛОГИЯЛЫК БИЛИМИН КАЛЫПТАНДЫРУУ – УЧУРДУН ТАЛАБЫ

Каарман тууралуу

Аты-жɵнʏ: Бакиров Аскар Жанышбекович

Туулган жылы, айы: 02.06.1974                                     

 ʏй-бʏлɵсʏ: ʏй-бʏлɵлʏʏ, 4бала, 2 неберелʏʏ

Билими: жогорку, КРнын Билим берʏʏсʏнʏн  мыктысы

Адистиги: педагог-психолог

Инсандык сапаты: жоопкерчилик, тазалык, жароокердик.

Мээнин кʏчʏ – ойдун кʏчʏ

Аскар Бакиров тажрыйбалуу педагог-психолог.  2018-жылдан бери Ош шаардык жана облус аймагындагы  район, шаарлардагы айыл ɵкмɵт, муниципалдык, социалдык мекемелеринде, билим берʏʏ жамааттарында, ата -энелерге, 7-11-класстардын окуучуларына, адистик жана жаш ɵзгɵчɵлʏктɵрʏнɵ жараша “Мээнин кʏчʏ – ойдун кʏчʏ” (“Сила мозга –сила мысли”) аталыштагы семинар-тренингдерди ɵтɵрʏп келет.

Психология илиминин жаралышы илгерки кылымдардан бери жашоодогу эң баалуу  зарылдык болуп келгени менен илим катары калыптанышы жана таанылышы 20- кылымга таандык. Психология бул – ɵтɵ кеңири илимий тармак. Ал адамдын эмоциясын, кулк-мʏнɵзʏн, максатын, дымагын, ой-толгоосун, эс-тутумун, ой жʏгʏртʏʏсʏн, темпераментин, жɵндɵмʏн, ага жараша чечимдерди кабыл алууну ʏйрɵтɵт. Жашоо бир ордунда турбайт! “Элʏʏ жылды эл жаңы” дегендей улам жаңылануу процесстери токтобой, убагында адам кыялындагы жомоктор учурда жашоо чындыгы. Жараткан адамзатка ушундай керемет акыл-эс жɵндɵмʏн жана керемет мʏмкʏнчʏктɵрдʏ берген экен, учурда аалам мейкиндигинин сырларына кол сунуп, планетабыздын булуң бурчтарындагы тааныш — билиштери менен каалагандай баарлашып, кɵз ирмемде керектʏʏ маалыматтарды тʏйшʏксʏз алууга жана берʏʏгɵ жетишип олтурабыз! Бирок “медалдын эки бети болот” демекчи, учурдагы жетишкендиктердин да оң жана терс жактары бар экенин жашыруу мʏмкʏн эмес! Бул замандын агымына жараша жаралып туруучу, расмий жазылбаса да мыйзам ченемдʏʏ кɵрʏнʏш! Маалыматтык технологиянын улам жаңыланып ɵсʏп-ɵнʏгʏʏсʏн жаштарыбыздын ɵзгɵчɵ жандуу кабыл алып жатканы, керектʏʏ маалыматтарды алып, акыл-эсин, билим деңгээлин, дʏйнɵ таанымын, компьютердик сабаттарын ɵстʏрʏп жатканы абдан жакшы. Бирок ал компьютердик технологияны колдонуу, рационалдуу пайдалануу, бир жактуу, чындыктан алыс, бурмаланган, бирок адам кызыгуусун жараткан маалыматтарды алууну чектɵɵ маданиятын ɵздɵштʏрɵ алдыкпы? Адамзат табиятынан изилдɵɵчʏ, ал жашоо  чындыгын издеп, аны таанып,  Алла берген жашоо ырыскысын жакшы ɵткɵрʏʏнʏ максат кылат. Ал жашоо баалуулугун  сезип, анын таттуу даамын татып, коомчулукта ɵзʏнʏн татыктуу ордун таап, жашоо ырыскысын мазмундуу, татыктуу ɵткɵрʏʏгɵ, туура чечимдерди кабыл алууга психология илими жардам берет.

Учурда ар тараптан ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдɵ психология илими ɵзʏнʏн татыктуу ордун таап, мамлекеттик, жеке менчик ишканаларында атайын билими бар тажрыйбалуу психологдор компетенттʏʏ кызматтарын аткарып, жамааттарда жаралган тʏйшʏктɵрдʏ чечип, деги эле бардык тармактардагы  ɵндʏрʏштʏн  натыйжалуулугуна жетишʏʏгɵ салымдарын кошуп келишет. Эгерде бизде да жеткиликтʏʏ маани берилгенде педагогика илимин бул тармагы жаштарга билим берʏʏ, аларды мекенин, элин, жерин сʏйʏʏгɵ, улут салтын, наркын  улантып тарбиялоого жардам бермек. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ, бизде бул илимге КРнын илимдер академиясы, же министрлик тарабынан  татыктуу баа берилбей, анын зарылдыгын байкабай келатканында. Билим берʏʏ, тарбиялоо, мамлекеттик мекемелерде психологдорго штаттык кызматтык орундар берилбей келет. Бул  биздин экономикабызга да абдан кирешелʏʏ тармак болмок.

“Алгач ашыкча тʏйшʏктʏ жактырбаган коомчулук жакшы кабыл албады”

  Тɵмɵндɵгʏ мен баян кылуучу Бакиров Аскар Жанышбекович жаш кезинен Украина, Россия мамлекеттеринен алгачкы кесиптик билимин алып, мекенинде кɵптɵгɵн кесиптерди аткарып, бирок учурда психология илиминин зарылдыгын сезип, Ош мамлекеттик университетинен билимин жогорулатып, тиешелʏʏ кесипкɵйлʏгʏн тастыктоочу сертификаттардын негизинде чакан ишкана ачып, Ош облусунун аймактарынын мектептеринде, айыл ɵкмɵттɵрдɵ атайын жолдомонун негизинде “Мээнин кʏчʏ – ойдун кʏчʏ” аталышта тренингдерди ɵткɵрʏп келет. “Алгачкы кʏндɵрʏ психология илимин тʏшʏнбɵгɵн, ашыкча тʏйшʏктʏ жактырбаган коомчулук жакшы кабыл албады. Акырындап тʏмɵн тʏйшʏктʏʏ тʏшʏндʏрʏʏ иштеримдин натыйжасында практикалык сабактарымдын “тʏшʏмдɵрʏн” сезишкенде гана, адам жашоосунда эң баалуу орган мээнин эффективдʏʏ пайдаланылбай калганын билишкенде гана, алгач педагогикалык жамааттар, жергиликтʏʏ айыл ɵкмɵттɵр, жана жеке жашоосунда ар кандай тʏйшʏктʏʏ муктаждыктары бар адамдар кайрыла башташты!” ,- дейт Аскар.

Акыркы убакта жаш-кары дебей жалпыбыз кол телефонун колдон тʏшʏрбɵй, ага “мээримди” берип, “мээримди” да андан алып, соодагерлер ɵздɵрʏнɵ эмес, алакандай калькуляторго ашкере ишенип калгандыгы кашкайган чындык. Натыйжада наристелер ата-энелери менен баарлашып, мээрим, ырыскыларын толук кандуу ала алышпай, же алар да толук кандуу мээрим бере алышпай, кɵңʏл борбору ɵлчɵмсʏз смартфонго бурулуп, виртуалдык аалам дʏйнɵсʏнɵ кирип кетишти. Айрым наристелер китеп окуу, сабактарга даярдануу, жашоо чындыгын мектептерден, жогорку окуу жайлардан табуу, келечектʏʏ максаттарды тʏзʏʏ мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏнɵн алыстап калгандыгы да чындык. Мектептерде окуучулардын кол телефонун кармап олтуруусу сабакка болгон кызыгууну жоготот, аларды жалгыз мугалим кɵзɵмɵлдɵй албайт, эгерде чара колдонсо “баламдын укугу бузулду” деп ата-эне жаңжал салат. Жогорку окуу жайдын окутуучусу катары бул чындыкты жоопкерчилик менен айта алам жана далилдеп да бере алам. Мындан 10-15 жыл мурдагыдай изденип китеп окуган, жеңилдикке алдырбаган, жоопкерчиликти сезген студенттердин салкындап баратканын байкап келем. Бул деген адамзатка табияттан берилген мээнин ажайып мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ колдонулбай, “сырттан берилген даяр оокатка” ыктап баратканыбыз эмеспи? Бул маселенин чындыгы ɵзʏм катышкан жогорку тренингдердеги практикалык эксперименттерде айкын далилденип, катышуучулар да моюндарына алып жатышты. Учурунда белгилʏʏ италиялык математик, практик, механик Леонардо да Винчи: “Колдонулбаган темир заңдайт, адам мээсин пайдаланбаса кургайт!”- деген чындыкты танууга болбойт!

Ою тазанын, жолу таза!

    Мындан ʏч-тɵрт жыл мурда эле Россия, Англия, Франция жана башка мамлекеттеринде сабак учурунда окуучулардын телефондорду колдонуусуна атайын буйрук менен тыюу салынгандыгын билебиз. Бул маселе боюнча РФнын Президенти В. В. Путиндин атайын Указы да чыккан. Жакында Президентибиз Садыр Нуркожоевич Билим берʏʏ жана илим министри бул маселеге кɵңʏл бурууну, анын окуучуларга болгон терс жактарын карап чыгууну эскерткен, бирок ушул убака чейин расмий мыйзамдык чара кɵрʏлгɵнʏ байкалбайт. Бʏгʏнкʏ наристелер-эртеңки мекен ээлери.Ошондуктан ар кандай виртуалдык жеңилдиктерге азгырылбай, компьтердик технологияны ден соолука зыян келтирбей, ашкере берилбей, жаралышынан берилген ɵздɵрʏндɵгʏ ажайып мээ каражаттарын пайдаланып, дилиндеги ой-максаттарды жаратууга, чыгармачылык ийгиликтерин ишке ашыруу максатында Бакиров Аскар жогорку класстын окуучуларына “Мээнин кʏчʏ- ойдун кʏчʏ”, “Мээнин кʏчʏ- дилдин кʏчʏ”, “Мээнин кʏчʏ – дененин кʏчʏ”  деген жандуу темаларда семинар-тренингдерди ɵткɵрʏʏдɵ, дагы ʏзгʏлтʏксʏз ɵткɵрʏʏнʏ максат кылып келет. Ооба, адамдын оюнан баалуу эч нерсе жок! Ою тазанын, жолу таза! Таза ойлоо гана чындыкты жаратат. Ар бирибиздин сапаттуу ойлообуз – сапаттуу жашообузду камсыздайт. Адамзат ɵз башына ɵзʏ ʏйʏп алган тʏмɵн тʏйшʏктɵрдɵн арылыш керек. Жаман жашоого эч кимдин укугу жок. Ал эми смартфонго ашкере берилʏʏ эркин ойлоп, эркин жашоого тоскоолдук жаратат, эркин чыгармачылыка мʏмкʏндʏк бербейт, убакыттан уттурат. Адам бактысы анын эркиндигинде. Адам ɵз оюн башкара алуусу керек. Оюна жетеленген адам эрксиз. Ушул максаттарды жетекчиликке алып, тʏйшʏк тартып биздин каарманыбыз Аскар Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун мектептеринде “Мыкты мугалим –ʏлгʏлʏʏ ата-эне”, “Мыкты ата-эне –ʏлгʏлʏʏ насаатчы!” деген темаларда семинар-тренингдерди жогорку деңгээлде ɵткɵрʏп, коомчулуктун, педагогикалык жамааттардын, ата-энелердин  ыраазычылыгын алып, жаратмандык милдетин аткарып келет. Ош шаардык жана Кара-Суу райондук  мектептердин жамааттарында ɵткɵрʏлгɵн семинар-тренингдер абдан жандуу кабыл алынып, анын наристелерди окутуп- тарбиялоодо абдан керектʏʏ илимий курал экендигин белгилеп жатышты. Жогорку деңгээлде уюштурулган Ош шаарынын №31 Курманжан Датка мектебинин директору Келсинай Эсенгелдиева, №14 К.Алтыбаев мектебинин директору Дилбар Матанова, №37 Г.Айтиев мектебинин директору Сонунбʏ Кɵчкɵнбаева, №12  Н.Крупская мектебинин директору Ɵктɵмхан Кашыева, Кара-Суу районунун №46 С.Маматов мектебинин директору Тиллакан Орозбаева,  №49 Э.Тельман мектебинин директору Гулсара Садырова, №103 “Кызыл мээнет” мектебинин директору Феруза Каримова, №96  Н. Примбердиев мектебинин директору Гʏлай Ташиева, №70 И. Кулбаев мектебинин директору Гʏлжамал Раева эжекелер туура тʏшʏнʏʏ менен кабыл алышты.  Бул иш-чаралар айрым ата-энелердин катышуусунда ɵткɵрʏлʏп, жагымдуу талкуулар менен коштолду. Чындыгында мындай иш чаралар облустук айыл ɵкмɵттɵрдɵ, муниципалдык ишканаларда, эмгек жамааттарында да ɵткɵрʏлʏʏдɵ, бирок мектеп жамааттарында, жогорку класстын окуучулары арасында ɵткɵрʏʏгɵ ɵзгɵчɵ маани берилʏʏдɵ.

Жакында Бакиров Аскар Жанышбекович ОшМУнун базасында ɵтɵрʏлгɵн илимий конференцияда учурдун жаңычыл мугалим –легендасына айланган Гапыр Маматкулович Мадаминов менен жолугушуп, максаттуу иш-аракеттери боюнча пикир алышып, анын уруксаты менен жалпы конференциянын катышуучуларына 10-15 мʏнɵттʏк тренингден ʏзʏндʏ ɵткɵрʏп, андан колдоо тапканын кубануу менен билдирди. Учурда улуттук билим берʏʏ тармагы олуттуу реформага муктаж экенин билдирген президентибиздин демилгесинин ʏсʏндɵ Билим берʏʏ жана илим министрлигинин иштеп жаткандыгы байкалууда. Негизинен каныбызга сиңген, ата-бабадан мурасталган таалим-тарбиядан, улуттук салт, нарктан алыстабасак, ɵзʏбʏздʏн улуттук баалуулуктарыбызды жерибей, ɵзгɵлɵрдʏн жетегине жетеленбей дʏйнɵлʏк коомчулуктан  абройлуу жайын тапсак деген аруу тилектерди туу тутуп келаткан Аскар Бакиров кесиптик иш аракетинде ийгиликтерди жарата берет, ал эми психология илими биздин коомчулукта да ɵзʏнʏн татыктуу ордун табат деген ишенимдебиз.

Шерматов. А.Т., ОшМУнун ага окутуучусу, коомдук ишмер.