8 сентября, 2024

Жиптен токулган бут кийим 3 жылдан ашык кийилет

Эл ичинде кол ɵнɵрчʏлʏк менен алектенген уз-чеберлер кɵп. Анын бири Ош шаарынын тургуну Умарбаева Дана айым. Кол ɵнɵрчʏ Дана айым учурда сезонго ылайык тердетпеген, жыттануудан сактаган, жеңил бут кийимдерди жиптен токуп жасайт.

Умарбаева Дана:

“Токуганды бɵлɵм ʏйрɵттʏ”

-Мен Араванданмын, Алайдын келини болом. Токууга турмушка чыккандан кийин кызыктым. Экинчи баламды тɵрɵп тɵрɵтканада жаткан элем. Жанымдагы бир эже жоолук токуп жаткан. Карасам илип эле кетип жатат же тʏшʏнбɵйм. Же илмектин аты крючок экенин билбейм. Анан эмне токуп жатасыз десем жоолук дейт. Кɵрсɵ токулма жоолук-шаль экен. Кызыгуум кʏчɵп мага дагы ʏйрɵтɵсʏзбʏ десем, жок, балаңарды карагылачы деп койду. Мен эженин сɵзʏнɵ аябай ызаландым. ʏйрɵтʏп койсо болот эле да деп кыжаалат болдум. Ошентип бир жумадай ошол эже менен чогуу жаттым. Бул убакыт аралыгында ʏйрɵтʏп койсо болмок экен деп жʏрдʏм. Кыйла убакыт ɵттʏ. Баламды кɵтɵрʏп алып таежемдин ʏйʏнɵ барып калдым. Анын кызы менин бɵлɵм, мектептен кол эмгек сабагынан кемсел токуп жатыптыр. «Сен токуганды билесиңби, сонун го, ушинтип токуйсуңбу» деп суроолорду жаадыра баштадым. Кызыгып отуруп, ʏйрɵтʏʏсʏн сурандым. Алгач шапканы кантип токуйт деп сурай баштадым. Ал кɵрсɵтʏп берди. Бир жип жана бир крючок алып ʏйгɵ жɵнɵдʏм. Ошентип алгач кызыма шапка токуганмын.

Бир жылдан соң жолдошум экɵɵбʏз Москвага иштегени кеттик. 2013-жыл эле. Ал жакта жʏрʏп ишке барып-келип, бош убактымда эмне кыларымды билбей интернеттен токуп ʏйрɵнɵ турган видеолорду коруп аракеттене баштадым. Эң алгач токуганга керектелʏʏчʏ нерселерди сатып алганда аябай кубанганмын. ʏйдɵ олтуруп эле токуганды ʏйрɵнɵм деп ɵзʏмɵ ɵзʏм сɵз бердим. Айылда калган балдарымдын бутуна жана ɵзʏмɵ кошуп жиптен байпак токудум. Колдорум кыйла эле кɵнɵ баштады. Андан соң интернеттен эле ɵтʏк токуганды кɵрʏп калдым. Ошентип видеолорду кɵрʏп жʏрʏп эле кызуум кʏчɵп кетти. Кʏндɵ кайталап кɵрɵ берчʏмʏн. Мындай токула турган таманды кайсыл жактан алсам болот деп ойлонуп жʏрдʏм. Кийинчерээк токулма жоолук, далыга салып коймо жоолуктарды токуп сатып да жʏрдʏм.

“Кыргызстанга бут кийим токууну жайылтсам деймин”

-Конкурстарга, ярмаркаларга эч катышкан эмесмин. Себеби менин жанымда даяр товар болбойт. Дайыма атайын буюртма менен гана токуймун. Андан сырткары ʏйрɵнʏʏгɵ кызыккан адамдарга албетте, ʏйрɵтɵм. Атайын чоң курс ача элекмин. Жакында эле мастер класс уюштуруп бир аз болсо да элге жайылтууну баштадым. Буга чейин элдин кɵзʏнɵ кɵп деле кɵрʏнчʏ эмесмин. Алдыда ар тʏрдʏʏ бут кийимдерди токуп, ɵзʏм сыяктуу кɵптɵгɵн шакирттерди чыгарсам деп турамын. Буюрса, бул бут кийим токууну Кыргызстан боюнча жайылтууну кɵздɵп жатам. Менин эн чоң максатым — токууга керек болгон шаймандар, жиптер менен дʏкɵн ачуу. 

“Баасы кеткен убакытка жараша коюлат”

-Ар бир бут кийим фасонуна карап убакытты талап кылат. Эгерде кроссовки токуй турган болсом, кɵп убакыт кетет, баасы да ошого жараша болот. ʏйгɵ кийʏʏчʏ бут кийимдер ага караганда бат токулат. Бир аз жɵнɵкɵй болгондуктан 1-2 саат гана убакытты алат. Ал эми спорттук бут кийим аябай татаал болгондуктан ага жараша баасы кымбат. Анткени ичке жип, ичке илмек-крючок менен узак убакытта токулат. Ɵтɵ кылдаттык менен токуйм. Бир жуп спорттук бут кийимди 3 кʏндɵ бʏтɵм.

“Кызымдын дагы токуганга шыгы бар”

-Чоң кызым 8-класс. Мага аябай эле жардам берет. Сабактан келип ʏй жумуштарды каралашып, бɵбɵгʏн карап берет. Ошол кезде токууга кɵбʏрɵɵк убактым болот. Кызымдын дагы токууга кызыгуусу бар. Ɵзʏнɵ капчык, топу сыяктуу нерселерди токуп алат. Ɵзʏ эле жип алып бериңизчи деп ютубтан кɵрʏп токуду. Жиптен гана эмес, шурудан дагы ɵзʏнɵ сумкаларды жасап алат. 

“Бир кардарым 3 жыл кийип рекорд койду”

-Адамды караганда биринчи эле бутун карайсың . Бутунда кооз жана таза бут кийими болсо, бат эле кɵзгɵ урунат. Анын сыңарындай мен токуп жаткан бут кийимдер дагы кооз кɵрʏнɵт. Жууганда дагы так калбайт. Бутка аябай жеңил отурат. Жайкы сезонго ылайык болгондуктан бутту дагы тердетпейт. Токулган бут кийимдердин таманы эле сынбаса, жиби эч качан бузулбайт. Кɵпкɵ чыдап берет. Кардарларымдын ичинен бир эжекем рекорд койду. Мен токуп берген бут кийимди кийип жʏргɵнʏнɵ 3 жылдан ашты. Андан сырткары эң алгач токуган бут кийим кызыма чак келип, ошондон бери дагы деле кийип жʏрɵт.

“Кардарлар менен иштешʏʏ кыйын”

-Бир жолу Жалал-Абаддан бут кийимге буюртма беришти. Токуп бʏтʏп салып жиберсем чак келбей калды деп кайра мага салып жиберишкен. Бут кийимдер жиптен токулгандыгы ʏчʏн катуу байланып кийилиши керектигин айттым. Бирок алар заказынан баш тартышты. Негизинен адамдар менен иштешʏʏ аябай эле кыйын. Канчалык каалоосун жасасаң деле жактырбагандары чыгат.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы