8 сентября, 2024

Жетимиштин жээгинен ɵткɵндɵ…

Ɵмʏр деген билинбей жʏрʏп мезгилдерди артка калтыра берет экен. Кɵңʏл гана картайбай ɵмʏр менен бирге жашай берет. Ɵткɵн кылымдын жетимишинчи жылдары студенттик куракты баштаган менин курсташтарым учурда жетимиш жаш курактан билинбей ɵтʏп баратат.

1970-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтка тапшырып, бʏткɵнʏбʏзгɵ (1974) элʏʏ жыл болуптур. Ошо кезде филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бɵлʏмʏн элʏʏ беш студент аяктаганбыз. Ал мезгилде студенттик турмуш азыркыдан таптакыр башкача эле. Окуу менен бирге кʏз, жай мезгилиндеги каникулда айыл чарба жумушуна же студенттик курулуш отрядына жумушка барар элек. Муну эмне ʏчʏн айтып жатамын. Анткени, эмгекке айтып, жɵндɵмгɵ ʏйрɵнʏʏ болгон тура. Пахта терим, студенттик курулуш отрядына барып, турак жай же кашарларды курган кʏндɵр болду. Баарына жетишчʏ элек. Кыздар, жигиттер окуу менен бирге турмушка даяр боло жʏргɵнʏбʏздʏ кийин билдик.

Ошентип, биринчи курсту бʏтʏп, кийинки курска кɵчтʏк. Студенттик турмушту кыйла ɵздɵштʏрʏп калдык. Ж, З тайпадагылар бири-бирибизди толук тʏшʏнʏʏгɵ жетиштик. «Ж» тайпада Токтосун Ашырбаев  жетекчи (староста). Ал эми «З» тайпада Абдыманап Жалилов жетекчи (староста) болчу. Экɵɵ тең турмушта тиш кагып калган, бизден ʏч-тɵрт жаш улуу эле. Аскердик милдетин ɵтɵп келген токтоо мʏнɵз, керек болсо шайыр, ак кɵңʏл жигиттер эле. Анткени, талаа иштеринде жʏргɵндɵ курсташтардын мʏнɵзʏ ачык, так билинчʏ. Тайпанын эки азаматы эмгек жолунда турмуштун кɵп кырдуу жагдайын басып ɵтʏштʏ. Мектеп мугалиминен илимдин доктору, профессору болушту.

   Абдыманап Жалилов тубаса тилчи мугалим эле. Кийин Т.Ашырбаев экɵɵ ОшМУга Ош пединститутка чакыртылып келишти. Курста Тыныбек Нуруев деген студент курсташыбыз да ʏлгʏ жаштардан болчу. Ошо кезде ɵзʏнɵ тың, тыкан алдыңкы студенттерден экенин жакшы билчʏбʏз.

   Кыздарчы? Керемет жан, изги мʏнɵз кʏткɵн кыздар али да кɵз алдыга тартылат. Лекция угуп, алдыртан бакыракай кɵздɵр менен тиктегендери ɵзʏнчɵ кайталангыс кɵрʏнʏш. Кɵздɵр чагылыша кетсе бырс кʏлʏп, жʏз буруп коер эле. А кезде Кыргызстандын ар тарабынан келген студенттер менен бирге окуп, бир туугандай болуп, ызаттап, урмат менен мамиле кылчубуз.

    Суусар Искендерова – филология илимдеринин доктору, профессор, Х.Карасаев атындагы БМУ окутуучу, Чʏй облусунан. Анара Кадырова – филология илимдеринин кандидаты, доцент. Ош облусунан. Жалал-Абад университетинин окутуучусу. КРнын эмгек сиңирген мугалими. Буайда Абдувалиева – доцент, ОшМУда иштейт. КРнын Министрлер Кабинетинин ардак грамотасынын ээси. Мариям Райымбекова – филология илимдеринин кандидаты, доцент. И.Арабаев атындагы КМПУда эмгектенет. Калбʏ Молдоканова – ОшМПУнун окутуучусу.

    Дагы канча бʏтʏрʏʏчʏлɵр мектептерде иштеп, окуучулардын сʏйʏктʏʏ агай-эжейлери болушту. Советтик партиялык кызматтарда эмгектеништи. Ɵткɵнгɵ кылчая карасак, биздин ынтымакчылыгыбыз окуу учурунда  ɵзгɵчɵ болчу. Сабакка даярданып, кышкы-жайкы экзамендерди тапшыруу учурлары эстен кетпейт. Тайпадагы ар бир студент экзамен тапшырып бʏткɵнчɵ эч ким кетпейт эле.  Айрыкча Т.Ашырбаев, А.Жалилов группанын жетекчиси катары кʏйʏп-бышып кеңеш айтып, жардамдарын берип турушчу. Каникул алдында эс алууга чыгуу учуру ɵзʏнчɵ салтанат болор эле.

Бизде эмне бар, студенттик кʏндɵр бар,

Бийлик, байлык, санжырага барабар.

Азуу жаштык, асмандаткан кош канат,

Ар убакта ак кептердей айланар… деп О.Султанов бекеринен жазбагандыр. Эх, студенттик кʏндɵрдʏн элеси, дале ɵчпɵйт. Бирге окуган курсташтар менен сыймыктана берели. Учурда ОшМУда ʏзʏрлʏʏ иштеп жаткан илимдин доктору, профессор С.Момуналиев керемет инсан. Ырлар жыйнактарынын автору. Кыялы катаал, кээде жаз кʏнʏндɵй  жамгыр чагылган. Анан чайыттай ачылган кʏн сымал. Ɵжɵр, ɵлɵ иштемчил. Жашында спортко футбол, шахмат ж.б. ɵтɵ кызыгат эле.

     Партиялык жана советтик кызматтарда иштеген Улансабыр Рахматов  Кара-Суу районунда мугалим, райондук билим берʏʏ бɵлʏмʏнʏн башчысы, Ош облустук билим берʏʏ башкармалыгынын жетекчиси,  Жалал-Абад облустук профсоюздар комитетинин кɵп жылдар башкарып, эмгектенип, азыр эс алууда. Баткен облусунда мугалим  болуп эмгектенген Зулпукар Балтабай салакадай аз сʏйлɵп, кɵп укчу курсташыбыз бар. Али да Баткендин Газ айылында жашайт. Мектепте ардактуу агай. Ɵлкɵ президенти СЖапаровдун колунан КРнын эмгек сиңирген мугалими деген ардак наамды алган.

Тил илиминдеги ɵзгɵчɵ эмгеги ʏчʏн Т.Ашырбаев мамлекеттик сыйлыктын ээси болгон. М.Абдраимов ОшМУда узак жылдар иштеген эле. Амантай Кенжекулов музыкалык аспаптарда чебер ойногон ɵнɵр ээси болчу. Тургунбай Жумаев  «Кумар кɵз,», «Оо сʏйʏʏ» ж.б. ыр жыйнактарынын автору болчу. Ал Баткен районундагы билим  берʏʏ бɵлʏмʏндɵ кɵп жылдар бою  эмгектенди. Облустун аймагында уюшулган акын К.Сабыров атындагы сыйлыктын ээси болгон.

   Бирге окуган курсташтардын ɵмʏрдɵгʏ урунттуу учурларын айтып отурса, тʏгɵнгʏс. Кайран Совет доору аяктаган соң турмушта ары-бери чайпалдык. Тагдыр жолубузда да ɵзгɵрдʏ. Ɵз айылында кесиптик окуу жайдын жетекчиси, айыл ɵкмɵттʏн башчысы болуп иштеген таластык Шумкар Жумакеев кɵптɵрʏнɵн акыл-эси, жʏрʏм-туруму жогору болчу. Тагдыр  насип дегендей АКШда жашап, иштеп келди. Учурда Бишкек шаарында турмуш кечирет. Студенттик кʏндɵрдʏ эскерип жатып Омор  акындын ыр саптары кɵңʏлдɵ жаңырат.

Бизде калган студенттик кʏндɵр бар,

Жер жʏзʏндɵ тең келбеген жыргалдар.

Эске тʏшʏп ɵмʏрдʏн бул майрамы,

Эстегенде таттуу кʏндɵ ырдалар.

  Ооба, ɵмʏрдʏн майрамы студенттик кʏндɵр дайыма кɵңʏлдɵ нур чачып, биз менен жашап келет. Баса, Ɵзбекстандан кыргыз мектепти бʏтʏп, бир курста окуган Абдыганы Алимбеков кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп кɵп жыл жаштарга билим берип, аң-сезимин байытты. Бишкек шаарында ɵтʏп турган тил, адабият боюнча атайын олимпиадага катышкан окуучулары жеңʏʏчʏлɵрдɵн болушкан. Кɵңʏлдɵ кири жок, ачык сʏйлɵгɵн А.Алимбеков Андижан облусунун Коргон-Тɵбɵ районундагы Дардак айылынын сыйлуу ардагери.

    Баса, Т.Нуруев аттуу курсташыбыз алдыңкы студенттердин катарында  окууну  кадыр-барктуу аяктады. Базар-Коргон районунда мугалим, анан ОшМУда кɵп жылдар иштеди, декан да болду. Филология илимдеринин кандидаты, доцент. Жаңыдан студент болгон учуда сары портфель кɵтɵрʏп, айылдан айыл чарба жумушуна баратканда кʏлʏп-жайнап чɵп чабыкка жɵнɵгɵн учурлар али да эсте. Бул курсташ мага жакын эле. Анткени, бирге окугандар ɵздɵрʏ кʏлʏп айтып калышчу…

    М.Ибраимов, К.Дооронов, А.Мамасадыков, Т.Сактанов ж.б.кылык-жоруктары кɵз алдыга тартыла берет. Комсомол уюмун жетектеген Ибадат Эргешова мыкты ырчы, алдыңкы саптагы студент эле. Канышай Абылова кʏлɵ сʏйлɵп, балдарды сын кɵз менен карап турганычы. Зейнеп Алиева, Мукарам Садыкова не деген инсандар эле.

  Учурда  Жыпар Туратова, Гʏлкайниса Кеңешова, Жумагʏл Кадырова, Кʏмʏш Сербегеева, Таалайкан, Гʏлбаркан Бугуева, Сурма Кочиева, анан да Салия Жолдошова кɵп жылдар бою Нарын облусунун администрацияда иштеди. Азыр Бишкек шаарында жашайт. Ɵмʏр жолундагы бактылуу учурлары кɵз алдыга тартыла берет.

Аздыр-кɵптʏр бирге окудук курдаштар

Ошол кʏндɵр бир аз туруп кырды ашар.

Алган билим биздики эмес, элдики,

Ак жол тилеп, бир  ырдайлы бу сапар,- деп турмушка канат кʏʏлɵп жɵнɵдʏк. Андан бери  элʏʏ жыл ɵтʏптʏр. Элге биздин кызматыбыз ʏзʏрʏн берди. “Ош шамы” окурмандардын сʏйʏктʏʏ жумалык гезити. Элʏʏ жылдык жолугушуу ɵзʏбʏздʏн ɵмʏрдɵгʏ отчетубуз сыягы сезилет. Амандыкта жʏз кɵрʏшɵлʏ.

Байыш Тɵлɵнов, 

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ош шаарынын ардактуу атуулу