8 сентября, 2024

Тери ооруларын алдын алуу жана дарылоо жолдору

Тери оорулары (дерматоздор) — теринин, анын кошумча ɵсʏндʏлɵрʏнʏн (тырмак, чач, тʏк) жана кɵрʏнʏп турган былжыр челдин бузулушу менен мʏнɵздɵлгɵн оорулар болуп эсептелет.

Себептери

Тери оорулары кɵп учурда жалпы организмдин оорулары менен тыгыз байланышта болуп, нерв системасынын, ички органдардын, кан жана башкалардын оору процесстеринин териде кɵрʏнʏшʏ болуп эсептелет.

Ал теринин тʏзʏлʏш ɵзгɵчɵлʏгʏнɵ, функциясынын кɵп тʏрдʏʏлʏгʏнɵ жана ага таасир этʏʏчʏ ички жана сырткы факторлорго байланыштуу. Алар дерматоздор деп аталып, 2000дей тʏрʏ белгилʏʏ. Физикалык жана химиялык дʏʏлʏктʏргʏчтɵр сыяктуу сырткы факторлор терини сезгентип,  дерматиттерди  пайда   кылат. Анын ичинен ɵйкɵлʏʏ, бышаруу, кʏйʏк кɵп жолугат. Кээ бир тери оорулары биологиялык факторлордун таасиринен болот. Аларга мите козу карындар пайда кылуучу микоздор, бактериялар чакыруучу теринин ириўдʏʏ жаралары, мителер жана вирустар пайда кылуучу котур, сɵɵл жана башкалар кирет.

Факторлор

Организмдеги инфекция очогу, ички органдардын оорулары тери ооруларына тʏрткʏ берʏʏчʏ ички фактор болуп эсептелет. Алар териге аллергия сыяктуу таасир этип (Аллергия), бɵрʏ жатыш, экзема тʏрʏндɵ билинет. Белок, углевод жана май алмашуунун бузулушу, витамин жетишсиздиги тери ооруларынын пайда болушунда маанилʏʏ роль ойнойт. Бир катар тери оорулары нерв (мисалы, Нейродермит), эндокрин системасынын (мисалы, себорея, безетки) ишинин бузулушуна жараша болот. Бардык факторлор теринин сезгенʏʏ, кан куюлуу, катуулануу, пигментациянын, теринин азыктануусунун бузулушу жана башкалар патологиялык процесстерди пайда кылат. Мунун натыйжасында кызыл бʏдʏрлɵр, ар кандай формадагы жана тʏстɵгʏ тактар пайда болот. Булар бʏт денеге же анын айрым бɵлʏгʏнɵ (чач арасына, теринин бʏктɵлгɵн жерине жана башкалар) чыгат. Ал жер кычышып, ачышат же оорулуунун тынчын албайт. Териге чыккан бʏдʏрлɵр кээ бир оорулардын (ич келте, баш келте, скарлатина, чечек жана башкалар) белгиси болушу да мʏмкʏн.

Дарылоо

Дарыгер ар кандай изилдɵɵлɵрдʏн жардамы менен тери ооруларынын диагнозун аныктап, туура дарылоону сунуш кылат. Ошондуктан териде ар кандай ɵзгɵрʏʏлɵр болсо, эч нерсе сыйпабай, ɵз алдынча дарыланбай, элдик дарыгерге барбай  тери оорулары боюнча дарыгерге (дерматологго) кайрылуу керек.

Дарыгер эпидемиолог Н.Бурханова